Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

 Кыргызстандын шартында акча табуу жолдору

Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстан бүгүнкү күнү экономикалык кыйын учурду жашап жатат. Кыйналган эл ушул күнгө чейин эки ажону бийликтен алып түшүп, керек болсо аларды мамлекеттин тышына кууп таштады. Президенттик башкаруудан Парламенттик башкарууга өтүп, бир жылга жетпеген убакыттын жыйынтыгы менен ал системанын кемчиликтерин таап, эмне кыларын билбей жаткан учуру. Мунун себеби эмнеде?

Адам баласы бактылуу болушу үчүн мааниси беш манжага барабар беш критерий керек экен.

  1. Ден соолук
  2. Иш
  3. Үй бүлөө
  4. Карым катнаш
  5. Каражат

Ден соолук – жандуу болгондуктан денебиздин ар бир «тетиги» иштеп турбаса кандайдыр бир максаттуу иш кылуу кыйын болуп калат экен. Бир жериң ооруп калса, эч нерсеге табитиң болбой, онтогон боюнча кыйналып жата бересиң. 2010-жылдын декабрь айында Президенттик «Үмүт» стипендиясына көрсөтүлгөн элем. Президенттин колунан стипендия алуу ар бир студенттин каалоосу, эңсөөсү болсо керек. Мен да көптөн бери көксөп жүргөн максатыма жетип, өзүмдү бактылуу сездим эле. Салтанат алдын түнү бою уктабастан, кийимимди даярдап, аябай толкунданып жаттым. Эртең менен кубанычтан тамакка табитим болбой, муздак суу менен сындырым нанды кайсы бир салатка чылап жеп, салтанат боло турган жерге жөнөп кеттим. Кызыктын баары салтанат учурунда башталды. Түнү бою уктабагандыгымдан башым сынганы аз келгенсип, жанагы муздак суу менен сындырым нанды малган салат ичимди бурайт. Ичимдин катуу ооруганын билгизбей колум менен ичимди кысам десем башым ооруйт. Аябай кыйналдым. Эптеп, үйгө барып жатып алууну армандай баштадым. Чынын айтсам, Президенттин колунан стипендия алууну төшөккө алмаштырат элем ошондо. Башка стипендиаттар бактылуу сезимди башынан кечирип жатканда, мен жанталаша үйгө кетүүгө шашкалактадым. Кыскасы, көптөн бери күткөн бактылуу сезимди ичим менен башымдын ооруганы колумдан сууруп алды. Так ошондо ден соолуктун маанисин түшүндүм. Бекеринен кыргызымдын он соолугунун ичинен ден соолук биринчи орунда турбаса керек.

Экинчиси бул – иш. Ар бир адамдын алдыга койгон максаты болот эмеспи. Анан ал нерсеге баары умтулушат, туурабы? Мисалы; студент үчүн максат кылынган нерсе диплом алыш, ага карата кылган иши бул сабакка баруу. Эгерде Ден соолугу жайында болуп, башка критерийлердин баары жайында болуп, жөн эле жата берсинчи, бугу чыгып кетет. Ашып кетсе эки күн телевизор көрөт, үчүнчү күнү тажаганынан эч болбоду бир университет жакка барып келүүнү туура көрөт. Так ушул эле нерсе ишкерлерде да бар. Мен атамды эстеп кеттим. Ал райондук ветеринардык башкармалыгында башчы болуп иштейт. Ар бир мекеме ишкери катары ишемби менен жекшембиде эс алат. Анан жылына бир жолу айлык тыныгуу алат. Айлык эс алуу алып, үйдө жатканын деги бир көргөн жокмун. Ашып кетсе бир жумасын колдонуп, үй тиричилигин кылбаса, көп дем ала албайт. Бул сезим баарыңыздарда болсо керек, кантип ишсиз жатмак элеңиз, эч болбоду тегерек четти жыйнаштырып коёюн деп, колго шыпыргы кармап иш кылсаңыз керек.

Үчүнчүсү – үй бүлөө. Үй бүлөөдөгү чыр чатак ар бир адамды тынчсыздандырып, мазасын алат эмеспи. Мисалы; эгерде сиз жубайыңыз менен урушуп кетсеңиз кандай акыбалда болосуз? Бактылуу сезилесизби? Жок! Бул жерде бүлөдөгү чыр чатактарды гана эмес, башка да нерселерди караганыбыз оң.

Төртүнчүсү – карым катнаш. Билинбегени менен адам баласынын бактылуу болушунда бул критерий да негизги ролду ойнойт. Карым катнашы болбогон адамды бактылуу деп айтууга кыйын. Ар бир адамдын катышы болот: достук катнаш, коңшулук катнаш, жердештик катнаш, аскердик катнаш, классташтык катнаш, туугандык катнаш ж.б.у.с. Адам менен адамдын ортосундагы катнаштан башка адам менен айлана чөйрөнүн ортосунда да катнаш болуусу абзел. Көпчүлүк адамдар жаратылыш менен катнашка чыга алган учурда бактылуу сезилишет, бул көрүнүш да мыйзам чегиндеги нерсе. Бекеринен дем алыш күндөрү тоого же парктарга чыгып келбесек керек.

Бешинчиси – каражат. Ооба, каражат да бактылуу болуунун негизги критерийлеринин бири. Так ушул бешинчи критерий жогоруда сөз болгон беш критерийдин болушуна жардам берет.

Көрсөтүлгөн бактылуу болуунун беш критерийи манжа сымал. Эгерде сиз колуңуздун каалаган бир манжасын ташка коюп, үстүнөн таш менен жанчысаңыз башка манжалар ооруйбу? Ооба, ооруйт. Болгондо да бүтүндөй кол дуулдап чыгат. Бул беш критерий да бири бирине манжалардын нерв клеткаларындай көрүнбөс жиптер менен туташкан. Эгерде бирөөсү аксап калса калганы сөз жок аксайт. Карым катнаш болбой туруп, жар алып, үй бүлөө куруу кыйынга турат. Үй бүлөөдөгү акыбал начар болсо, ишке барып иш кылуу кыйынга турат, себеби үйүңдөгү абалды ойлоп олтуруп, ишке карата концентрация ала албай каласың. Бир жериң ооруп турса; акчаң болсо тез эле дарыланып аласың, а эгер акчаң болбосочу?..

Эгемендүү Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү бешинчи критерийдин айынан калган критерийлерин бузуп алып жатышкандыгынан соңунда өзүлөрүн бактысыз сезип жатышат. Кызыгы көптөгөн мекендештерибиз анын катарында акча эч нерсени чечпейт деп коюшат. Бирок, ошол эле адамдар пикеттерде биринчи саптарда жүрүшөт. Кыйкырыгы таш жарат: «Биз жакшы жашоону каалайбыз, бизге эркиндик!». Эркиндик дегенде каражат эркиндигин түшүнгөнүбүз туура болот. Ооба, дал ошондой. Жакында эле мугалимдер айлык маселеси менен чыкпады беле, андан кийин автобус шопурлары. Баары акча деп эле чыгып жатпайбы. Мен экономист катары сиздерге каражат жөнүндө маалымат бергим келип жатат. Тактап айтканда каражаттарды кайдан алса болот, кантип каражат эркиндигин багындырса болот деген суроолорго жооп кайтаргым келип жатат. Китептин негизги көздөгөн максаты да ошол нерсе.

Кыргызстандын шартында каражат табуунун 5 жолу бар:

  1. Убакытты сатуу менен каражат табуу;
  2. Акылды сатуу менен каражат табуу;
  3. Продукция сатуу менен каражат табуу;
  4. Акча сатуу менен каражат табуу;
  5. Желе түзүү менен каражат табуу.

Булардын ичинен эч алгачкы акча табуу жолу убакытты сатуу болуп саналат. Алгачкы общиналык коомдогу адамдар убакыттарын сарптоо менен баалу нерселерге жетишкен. Мисалы; аң улоолорго убакыт коротуп жаныбарларды кармашкан, алар капкан же башка материалдарды колдонгон эмес. Убакытты сатуу бүгүнкү күнгө чейин көп колдонулат, б.а. адамдардын көбү убакытты сатуу менен акча тапканды жакшы көрүшөт. Себеби бул жол менен акча табуу аябай жөнөкөй. Мисалы, сугатчылар. Беш гектар жерди сугарыш керек болуп жатат дейли. Жерди сугарыш үчүн көп деле акылдын кереги жок, арык менен келген сууну туура нукка буруу, болду. Болгону, суу жөөктүн акырына жеткиче беш жолу шорпо кайнатса боло турган убакыт өтүп кетет. Убакыт коротуш керек. Канчалык көп убакыт коротсоң, ошончолук көп жер сугарылат, ошого карата сугатчы акча алат. Акча табуунун бул жолу менен көп акча табуу түшкө кирбес нерсе. Себеби ар бир адамга суткасына 24 саат убакыт берилген. Жогоруда айтканым боюнча бул түр менен акча табууну көздөгөндөр канчалык көп убакыт коротушса ошончолук көп акча табышат, бирок 24 саат бою иштей албайсың да. Мен акча табуунун бул түрүн эч качан тандабайт элем, көп убакытымды акча табууга жумшагым келбейт. Каражат табуунун бул жолу менен табылган акчаны күнүмдүк жай турмушка кысылыштык менен жеткирсе болот. Ал эми акча жыйноо же кыймылсыз мүлк алам деген ой бул жолду тандаган адамдардын башына такыр келбейт.

Акыл сатуу менен акча табуу жолу кийинчерээк пайда болгон. Бүгүнкү күндө акыл менен убакытты кошуп сатуунун аркасында акча табуу аябай жайылып кеткен. Биз жогорку окуу жайларга барып конкреттүү кесипке тиешелүү «акыл» сатып алып, ага өз убакытыбызды кошуп иштей баштайбыз. Учурда мекендештерибиздин ондон тогузу ушул жол менен акча табууда. Бул түрдө акча таап жаткандарга доктурлар, мугалимдер, таксисттер, электриктер, прокурорлор, милиционерлер, официанттар, юристтер, экономисттер, бухгалтерлер, директорлор, койчу ай санай берсең сан жетпес, баары кирет. Акча табуунун бул жолун тандаган адамдар да көп акча табуу үчүн көбүрөөк убакыт сатышы керек болуп калат. Мындан тышкары көбүрөөк акылдуу болсо, бул да акча табууга жардам берет. Бирок, тилекке каршы бул жол менен да көп акча табуу кыйын. Буга себеп, убакыттын чектелиши. Мисалы; келиңиздер, жогорку окуу жайларда экономисттерге сабак берип жаткан мугалимдердин айлыгын карап көрөлү. Мындай караганда, студенттерге акча, каражат жөнүндө билим беришет, бирок өзүлөрү аз алышат. Көп алыш үчүн ставканы, иштөө мөөнөтүн көбөйтүүлөрү абзел. Калп айтпасам, каражатты үйрөткөн жогорку окуу жайындагы мугалимдер эң эле көп дегенде 7000 сом алса керек. (Бул сумма айрым экономист мугалимдерибиздин түшүнө кирбесе керек.) Ал эми бүгүнкү күндүн рыноктук экономиканын катаал шарттарында бул сумма чөлгө стакан менен суу куйгандай эле жок болуп кетет. Менин бир дос балам Жаштар иши боюнча министрлигинде иштейт, алган айлыгы 5000 сомдон ашпайт. Министрликте иштейт деген эле аты болбосо, курсак тойгузуу үчүн министрликтин иштеринен башка иштерди да жасайт. Дагы бир ишке акылынан бир үзүм, убактысынан бир үзүм бөлөт. Ал балага боорум ачыйт, ата-энесин сагынгандыгын дайыма айтат, бирок барып келгенге анда убакыт жок, себеби убактысынын баары акча табуу үчүн сарпталат.

Акча табуунун үчүнчү жолу продукцияны өндүрүп, аны сатуунун аркасында акча табуу. Башкача айтканда кандайдыр бир продукцияны өндүрүш керек, мейли ал саат болсун, мейли ал дептер болсун, мейли ал «шоро» болсун, мейли момпосуй. Эң негизгиси сага тийиштүү бир продукция болсун. Сиз ал продукцияны сатуу менен көп акча тапсаңыз болот. Эгерде буга чейинки айтылган акча табуу жолдору менен көп акча чогултуу кыйынга турса, продукциясы бар адамга акча өзү келет. Мисалы; Мерседести чыгарган компаниянын ээси бай деп ойлойсузбу? Албетте бай, ар бир продукциясы бар адам бай. Мисалы, «Шоро» фирмасынын ээси, Бител, Мегакомдун ээлери, «Ата» кондитердик фирмасынын ээлери, булардын баары бай адамдар. Себеби алардын продукциясы бар, алар убакытты же акылды сатуу менен эмес, алар продукция сатуу менен көп акча табышкан. Продукцияларын өзүлөрү кыйналып да сатышпайт, аны алар үчүн жанагы убакыт менен акыл саткандар жасашат. Маселен «Шоро» фирмасынын ээси үйүндө отурса да убакытын саткан адам-сатуучу кыз, көчөдө көлөкө издеп максым менен шорону сатып жаткан болот. Мен бул жерде «Шоро» фирмасынын ээсин жамандайын деген жерим жок, тескерисинче мен аны урматтайм. Себеби ал акча табуунун оңой жолуна жеткен. Тилекке каршы, продукцияны аз гана адамдар ойлоп табышат экен. Андыктан продукция ээлери аз гана санда. Эгер колуңуздан келсе ушул топко түшкөнгө аракет кылыңыз, так ушул жактан көптөгөн акчаларды табуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Ал үчүн биринчи кезекте продукция ойлоп табыңыз, мен да бул топко кирүүгө аракет кылып, ушул китепти жазып жатам. Бул китеп менин продукциям болот. Мен так ушул продукциямды сатуу менен көптөгөн акча табам деген ойдомун.

Акча табуунун кийин жолун тандаган адамдар акчаны сатышат. Бул жолду тандоо үчүн колубузда көп акча болуш керек. А сизде чоң суммадагы акча барбы? Эгер болсо банк ачып же күрөөкана ачып иш кылыңыздар. Тез байып кетесиздер. А эгерде жок болсо, анда бул жол сиз үчүн эмес. Ал эми бул жолду тандаган адамдар акчаны пайызга берип, убакыт өткөндөн кийин кайрадан үстүнө кошуп кайрып алышат. Мисалы, сизде 1000000 доллар бар дейли. Аны банкка депозитке айына 1% өсүш менен эле салсаңыз, анда айына 10000 доллардан алып турасыз. Керемет эмеспи, эч нерсе кылбастан акча ала бересиз. Бирок, тилекке каршы миллион баарында болбосо керек, менде миллион болсо охо, элестетип кеттим, аябай керемет болмок эмес беле!

Мына, мен сиздерге акча табуунун төрт жолун көрсөттүм. Бул акча табуу жолдору биздин аң сезимибизге терең сиңип калган, себеби бул жолду эчактан колдонуп келебиз. Аталган ыкмаларды ымыркайдан баштап билгендиктен, бул ыкмаларды салттуу ыкмалар деп да койсок болот. Салттуу ыкмалардын биринчи жана экинчи жолун тандагандар көп акча таппай турганын аңдап билдик, ал эми кийинки экөө менен көп акча тапса болот, бирок ал үчүн же продукция же көп акча болушу керек экенин түшүндүк. Продукциясы жана көп акчасы жок, бирок көп акчаны тапкысы келгендер үчүн өткөн кылымдын 50-жылдарынан тарта акча табуунун жаңы ыкмасы табылган. Бул ыкманы колдонуп, дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да көптөгөн адамдар көптөгөн акчаларга жетишүүдө.

Акча табуунун бешинчи түрү жакында гана пайда болсо да өз кучагына көптөгөн адамдарды сиңирип кеткен. Себеби бул ыкма менен жогоруда көрсөтүлгөн акча табуу жолун тандагандардын баары катыша алат. Баарына пайда алып келген бул ыкма желе түзүү деп аталып, бүгүнкү күндө өзүнө таандык орунду ээлеп калды. Бул ыкманы тандаган адамдарга продукция чыгаруунун же көп акчага ээ болуунун кажети жок. Б.а. сизде кандайдыр бир продукция же акчанын болушу шарт эмес. Аз гана суммадагы акчага компанияга катталасыз да, өзүңүздүн желеңизди түзө баштайсыз. Кийин ошол желеңиз үчүн пайда аласыз.

Жогоруда акча табуунун беш жолун көрсөттүм, алардын алгачкы экөөсүнүн жардамы менен көп акча табуу мүмкүн эмес, антпесе врачтардын, мугалимдердин, сугатчылардын ж.б.у.с. кесип ээлеринин баары олигарх болуп кетпейт беле. Көп акчаны кийинки үчөө таба алышат. Продукция ээси продукциясы үчүн гонорар алат, же продукциясын саткандан пайда көрөт. Ал эми акчасы бар акчасын сатып, кайра пайызы менен акча алып жашайт. Тилекке каршы ар бир адамдын колунда акча жана продукция болбогондуктан айлакер адамдар акча табуунун бешинчи жолун табышкан. Бул ыкмада алгач болгон акылың менен убакытыңды жумшайсың, бирок кийин... жыргайсың, үзүрүн көрөсүң. Бул ыкма жогоруда айтып өткөндөй желе болуп саналат. Продукциясы бар компания менен келишип, анын продукциясын сатуу үчүн өзүңдүн түзүп койгон желеңди сунуштайсың, сенин желең аркылуу өткөн ар бир товардан пайыз аласың. Ооба, алгачкы күндөрү кыйналасың, бирок желеңди бекемдеп алгандан кийин көп акча табасың. Жөргөмүш деле желесин түзүүгө көп убакытын коротуп, кийин жатып эс ала берет. Желесине чымын чиркейлер өзүлөрү келип, туткундалат эмеспи, сиз да желеңизди түзөсүз, акча өзү келип туткундалат. L «Кантип?» Бул суроону туура бердиңиз, мен эми акчасы аз, бирок көп акча табууну көксөгөндөр үчүн желе жөнүндө толук маалымат берем.

Айтмакчы, китептин аты да ушундан келип чыккан. Кыргызстандын шартында беш жол менен акча тапса болот, мен так ушул беш ыкманын бешинчисине кайрылам. Себеби, так ушул бешинчи жол менен көп акчаны оңой таап алса болот, аз убакыттын ичинде Кыргызстандын аренасында гана эмес, башка өлкөлөрдүн аренасына да чыгып кетүүгө жол ачылат. Ашып кетсе төрт жылдык күнү түнү талыкпай иштөөнүн аркасында миллиондорго жетсе болот, ал миллион сомдун эквиваленттери менен эсептелбейт, ал миллион доллардын эквиваленти менен эсептелет. Анда эмесе, Кыргызстандын шартында оңой акча табуу жолунун маңызын сиздерге ачыктап кетейин, жакшылап өздөштүрүп, көп акча табуу менен жашоо шартыңыздарды оңдоп алыңыздар, сиздердин ийгиликти багындырып алуу оюуңуздарга тилектешмин.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz