Авторго кат жаз: |
Желе маркетинги «Желе» сөзү акыркы жылдары көп колдонула баштаганын өзүңүздөр деле байкасаңыздар керек. «World Wide Web» же WWW дегенде интернет эсибизге келет. Аны кыргызчалап «бүткүл дүйнөлүк желе» деп албадыкпы. Ал желе дүйнөнүн башка өлкөлөрүн багындырып бүтүп, Кыргызстанды да өзүнүн кучагына алганы жашыруун эмес. Көчөлөрдү кыдырсак канча деген интернет клубдар бар, азыр жеке үйлөргө да интернет кирип, адамдар желенин ичиндеги дүйнөгө баш багып жаткан учуру. Желенин ичинен тааныштарды таап, жаңылыктарды алып, сатып алуу жана сатуу уюштуруп, койчу ай ал дүйнөдө эмнени гана кылса болбойт десең. Ар бир адамдын өзүнө ылайык келген кызыктуу нерселери бар, туурабы? Бул дүйнөнү эмне үчүн «желе» деп атап коюшкан? Себеби бир гана нерседе, жүздөгөн миллиондогон адамдардын башын бириктирип, ар бир адамды бири бирине көрүнбөгөн жиптер менен байлап турганында. Миллиондогон адамдар ошол желе аркылуу бири бирине тыгыз байланышып турганында. Так ошол желелер аркылуу бири бирине жаңылыктарды айтышып, информациялык линияны курашат. Анан эң негизгиси бүтүн дүйнөнү камтыганы. Эгемендүүлүктү алган жаш Кыргызстанды токсонунчу жылдардын ортосунан баштап жаңы «желе» каптай баштады. Бул желенин интернетке эч кандай тиешеси жок, көбүн эсе экономикага тиешеси бар. Ал «желе» - маркетингдин жаңы бир түрү болуп саналат. Маркетингдин жаңы бир түрү болгон «желе маркетингин» сиздер көптөн бери угуп каласыздар. Аны укканда үркүгөн аттай болуп, сектанттарды уккансып коркуп турасыздар. Бул жөнүндө эч жерде жазылган эмес, эч жерде айтылган эмес да. Демек, бул секта, же башы айлангандар дүйнөсү. Бул алдамчылардын же шылуундардын ойлоп чыгарган алдоонун дагы бир жолу, ооба дал ошондой! Ушуга окшогон көптөгөн ойлор сиздердин башыңыздарга келип түшөт. Туурабы? Бирок бул андай эмес. Мен сиздерге интернеттей күчтүү жана кереметтүү болгон желе маркетингинин сырын ачып берейин. Желе маркетинги-маркетингдин бир түрү. Дүйнөгө аты таанылган «Success» журналынын редактору Жон Фогг МЛМ жөнүндө: «Желе маркетинги өндүрүштү жайылтуунун эволюция боюнча туура келген кийинки баскычы» - деп айткан экен. Себеби? Себеби желе маркетингинин сөз айкашында заманга ылайык болгон эки сөз тең камтылган. Алар; желе принцибинде иштөө жана маркетинг. Чынында эле бул эки сөз жыйырманчы кылымдын ортосунан баштап бизнесмендердин кулагына жакшы угула баштады. Желе принцибин да маркетингди да ар бир экономист билет. Демек, желе маркетингинин келечеги кең, өнүгүү жолу али алдыда. Көптөгөн экономикалык терминдер сөздүгүнөн желе маркетингинин аныктамасын издедим, бирок такыр таппай койдум. Себеби аз гана жыл ичинде пайдубал курган бул бизнестин түрүнө илимпоздордун колу барбаса керек. Жазылган китептер бар, бирок ал профессионалдуу илимпоздордун колунан чыккан эмес. Андыктан алар МЛМдин сырын ачуу менен гана чектешкен. Мен болсо илимпоз болбосом да бул көрүнүшкө аныктама берип көрүүнү туура көрдүм. Компанияга кирген бир коммерциялык эркин адамга экинчи бир эркин адамга компания жөнүндө информация берүү жана ал адамды ишке алуу мүмкүнчүлүгүнүн берилиши, чакырылган адамдын сатып алган товарлардан түшкөн акча каражатынан коммерциялык жакка да комиссиялык пайыздын бөлүнүшү желе маркетинги болуп саналат. МЛМ, сетевой маркетинг, желе маркетинги дегендердин баары бир нерсени түшүндүрөт. Эң алгач бир баскычтуу маркетинг пайда болгон. Кийин Multi level marketing (MLM) болуп аталып калат. Англис тилинен кыргызчага которгондо көп баскычтуу маркетинг болуп которулат. Сексенинчи жылдардын ортосунда көптөгөн экономисттер бул көрүнүштүн тез өрчүшүн байкашып, жаңы көрүнүшкө жаңы ысым ыйгарышат. Network marketing кыргызчага которгондо желе маркетинги болуп которулат. Биздин өлкөгө маркетингдин жаңы түрүн колдонушкан компаниялар СССР кулап, эркиндикти жаңыртып, жаңы гана канат кага баштаганда келе башташат. Алгач СССРдин борбору болгон Москваны багындырышып, анан Казакстан аркылуу бизге өтүп келгендиктен терминдер орус тилинде эле калып калгандыктан, биздин арабызда желе маркетинги «сетевой маркетинг» деген орус тилдүү сөз менен таанымал. Маркетингдин жаңы түрү ишканаларды гана байлыкка алып келбестен, жеке адамдардын материалдык абалын жогорулатууга жардам берет. Бул экономикалык кыйың кезеңди башынан кечирип жаткан жарандарыбыз үчүн экономикалык эркиндикти багынтуу үчүн берилген жалгыз мүмкүнчүлүк. Себеби аз акча жумшоо менен миллиондорду алып келүүчү бизнестин ээси болууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бул тамаша же калп айтылган сөз эмес, дүйнөнүн желе маркетингинде бир нече жылдын ичинде миллиондоп акча таба баштаган адамдар бар. Андай адамдар кыргыздардын арасынан да чыккан. Аны мен кийинки бөлүмдөрдө баяндап берем. Эми негизи маркетинг деген түшүнүктү карап көрөлүчү. Маркетингдин көптөгөн түшүнүктөрү бар. Биз алардын негизгисине карап көз чаптыралы: Маркетинг – базардагы иш аракеттердин жыйындысы. Ар бир ишкана кандайдыр бир товарды өндүрөт. Ал товарды сатуу үчүн базарга чыгышат. Мына ошол базарда өзүнүн товарын жеңил сатуу үчүн, көптөгөн кирешелерди табуу үчүн ар кандай иш аракеттерди кылышат. Салттуу маркетингди колдонгон ишканалар желе маркетингин колдонгон ишканаларга караганда көптөгөн иштерди аткаруунун аркасында көптөгөн чыгашаларга учурашат. Бул нерселер албетте продукцияларынын кымбатташына алып келет. Салттуу маркетинг эгедерлеринин продукцияларды реализациалоодо басып өткөн жолу:
Мен бул китепти сатуу үчүн салттуу маркетингди колдонсом кандай болот? 7000 нускалуу китеп чыкты деп элестетели! Ар бир китептин сатуу баасын белгилеп жатканда эмнелер эске алынарын байкап көрөлү.
Ошентип областтык складдарга жеткиче китептин баасы 381 сом болуп калат. Бирок бул менен эле кардардын колуна тийип калбайт да. Сиз китепти областтык складдан ала албайсызң да, туурабы? Сиз китепти жашаган жериңиздеги дүкөндөрдөн аласыз, кыскасы сизге китеп али жете элек.
Кыскасы баарын кошкондо ар бир китепке дагы 129 сом кошулат. Ии, мына эми сиз дүкөнгө келип китепти сатып аласыз. Китептин баасы канча болуп калганын билесизби? 100+250+3+5+3+10+129=500 сом. Мына ошентип сиз продукцияны өндүргөндөрдөн кийин, продукция даяр болгондон кийинки 350 сомго дагы 250 сом кошуп сатып алып жатасыз. Ал мээнетим үчүн мага эмес, дизайнга салып, басып берген типографияга эмес, колмо кол сатуу жолу менен сизге жеткирген ортомчулардын колунда калып калат. Дапдаяр болуп калган товар сизге жеткиче дагы 71 пайызга кымбаттап кеткенин өзүңүздөр деле карап, жинденип олтурсаңыздар керек. Эми Канадада чыккан товар болсочу? Менин китебим Канадада басылып чыкты деп элестетели. Анан Кыргызстанда жашаган сиздин райондук борборуна жеткиче канча болуп кетет? Ой бу-уй! Эсептебей эле коёюн, чоң акча! Сиздер албай коёсуздар, типография менен мен банкрот болом. Себеби баардык жерге % кетет. Ортомчулар рекетир сыяктуу тиешелүү пайызды алат... Мамлекеттик склад %, областтык склад %, райондук склад %, дүкөнчү %... Буну жазып жатып, тердеп да кеттим. Баасы алтындын килограммын да чапчып кетсе керек. А эгер жарнак кылсамчы?! Жарнак, бул нерсени өзүнчө көрсөтүп кетүүнү туура көрдүм. Учурда товарлардын түрлөрү жайнайт. Кардарлар болсо кайсынын аларын билбей жаткан учуру. Бул тенденция жакынкы күндөрдө көтөрүлбөсө да бир грамм ылдый түшпөйт. Өзгөчө жаңы чыккан товарлар кардарды табуу конкуренциясында аябай кыйналышат. Андыктан аларга жарнактар керектелет, массивдүү жарнактар керектелет. Ал болсо арзан эмес. Мисалы, «Супер-Инфо» гезитинин же «Вечерный Бишкек» гезитинин 1см2 250-300сомдук тегерегинде болсо керек. А бул кымындай аянтка эч нерсе батпайт да, андыктан тиги сумма дагы көтөрүлөт. Телеканалдарда жарнак берүү мындан да кымбат. Секундалык роликти жүргүзүү үчүн миңдеген долларлар сарпталат. Жогоруда саналып өткөн баскычтарды басып өткөндөн кийин товардан түшкөн каражаттын сексен пайызы ортомчулардын колунда калып калат. Ал эми товарды өндүргөндүн колунда болгону жыйырма пайыз киреше катары кайтып келет. Базарга мурун чыгып, өзүнүн туруктуу ордун алып калган товарлар буга туруштук бериши мүмкүн, ал эми жаңы чыккан товарга туруштук берүү кыйынга турат. Ал эми желе маркетингинде мындай көрүнүш жок. Ортомчуларга жана рекламага акча коротулбайт. Ошондуктан товарлар арзан баада болот жана скидкалар да жогору болот. Жогорудагы пункттар болбогондуктан ишкананын кардарлары да пайда көрө башташат. Башкача айтканда аларга да компания тараптап комиссиондук пайыздар төлөнө башталат. Эгер сиз «эрте байыйм!» деп чечсеңиз, анда желе маркетинги сиз үчүн эмес. Бирок, эгерде сиз, киреше алып келген негизги ишиңизге «желе маркетингин 2-4 жыл айкалыштырып иш жүргүзөм» деп чечсеңиз, «бир нече жылдан кийин бай жашайм» десеңиз желе маркетинги сиз үчүн. Сиздин ойлогон ой максаттарыңызды ишке ашырыш үчүн жардам бере турган бизнестин жыйырма биринчи кылымга дал келген түрү. Анын ийилчээк графиги, б.а. каалаган убакта иштөөгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү чоң иш кананын ишкерине да, доктур менен мугалимдерге да, жогорку окуу жайда окуган студенттерге да, койчу ай керек болсо үй камагында балдарды тарбиялап олтурган энелерге да ыңгайлуу болуп, күнүмдүк убакыттан аз убакытты бизнеске бөлгөндүктөн, натыйжасында байып кетүүгө болот. Мен сиздерге алгач МЛМ дин нюанстарын ачыктап кетким келет. Көптөгөн адамдар желе маркетингинин сүрөттөмөсүн түзүп жатканда, товар жөнүндө маалыматты соңку кардарга жеткирүү деп түшүнгөндүн ордуна, товарды соңку кардарга сатуу деп түшүнүшөт. Бул тармакта иштеген болсоңуз маалымат алып жаткан адамдан: «канчалык көп саатыш жасасам ошончолук көп акча табат турбаймынбы?» деген суроолорду көп уксаңыз керек. Буга жооп катары «ооба» жана «жок» деп бир эле маалда кайчылаш пикир менен жооп берсеңиз болот. Продукциялар сатылышы керек, болбосо эч ким акча таппайт да. Бирок желе маркетингинин негизги талаасы катары билим берүү болуп саналат. Товарды жөн эле сатып алганга караганда, ал жөнүндө маалымат алып, андан кийин гана сатып алган пайдалуу жана коркунучсуз болсо керек. Бул бир эле учурда компанияга да кардарга да пайдасын алып келет. Кардар колдоно турган товарын толук таанып, кайсы жерлерде кантип колдонуш керек экенин билип алат, ал эми компанияга болгон пайдасы катары, маалымат алган кардардын башка бир адамга ошол маалыматты беришин карасак болот. Адамдардын маңызы маалыматты ташыгандыгында... Эгер маалымат ташыбаса адамдын өнүгүү процесси токтоп калмак. МЛМ адамдын табигый жөндөмдүүлүгүн эске алып түзүлгөн. Так ошол инстинктивдүү нерсени колдонгону үчүн обороту бат болуп, кыска мөөнөттүн ичинде эле дүйнөнү багынтып жатат. Бүгүнкү күндө желе маркетингин колго алып Кыргызстанда иштеп жаткан компанияларынын дээрлик баарынын эле өзүнө тиешелүү миллионерлери бар. Айрымдары долларлык эквивалентте болсо, айрымдары сом менен миллионер. Алардын катарында мугалимдер, студенттер, үй камагында отурган энелер да бар. Мунун сыры эмнеде? Мунун сыры МЛМ дин жөнөкөйлүгүндө. МЛМ де иштегендер ишке чакырып келген адамдын иш аракетин гана аткарышы керек. Жогоруда турган дистрибютордун ишин кайталап гана коюшу керек. Ийгиликке жетишүү үчүн ошол гана жетиштүү. Системага кирген адам жогоруда турган адамдын ишин миң жерден кайталагысы келип турса да, маалыматы жок болгондуктан кайсы иш аракетин кайталоо керек экендигин билбей калышы мүмкүн. Эгерде жогоруда турган адам сатууга көңүл бөлүп, астындагы адамга маалымат бербей жүрө берсе анын желеси эффективдүү болбойт. Өркүндөбөйт! Эгер сатыш системасы менен иштей турган болсоңуз, анда сиз «Дордой» базарындагы сатуучунун гана ишин кылып калбайсызбы. Сиздин жаныңызда «Дордойдогу» сатуучунун мүмкүнчүлүгү жогору болуп калат, себеби анын контейнери бар да. Сиз сатканга эмес, сиз маалымат бергенге кызыгышыңыз керек. Канчалык көп адамга маалымат берсеңиз, сиздин желеңизге да ошончо адамдар илинип, сиздин акча алып келүүчү системаңыз иштей баштайт. Менин айтканыма көнбөй дагы деле МЛМ ден акча табуу үчүн көп товар сатыш керек деп жатасызбы? Анда мен сизге бир нерсени айтып берейин. Өнүгөм деген жыйырма биринчи кылымдын МЛМ компаниясы интернетке туташтырылуусу абзел. Интернет аркылуу сатыш жүргүзүлүп туруп, товарды дүйнөнүн баардык булчуңуна ташый турган транспорту, алып келип бере турган адамдары, башкы складдары бар болушу керек. Мыкты системага келген МЛМ компаниялар так мына ушинтип иштешет. Эгерде сиздин МЛМ компанияңыз интернетке туташпаган болсо, анда тез аранын ичинде ал компаниядан чыгыңыз. Заман талабына жооп бербеген компания эрте эле чачырап кетет. Билл Гейтцтин жакшы бир сөзү бар эмеспи: «Интернетте болбогонуң бизнестен тышта калганың». Замандын талабы ушундай болуп калган. Ал эми сиз болсо сатышка аралашып, компаниянын ишин талашып калмак белеңиз? Компаниядагы сиздин ишиңиз бир гана нерсе: товарды алып, анын пайдасын баамдап билип, товар тууралу маалыматты жакын адамыңызга жеткирип бересиз. Бул айтканыма да көнбөй, сатыш кылбасам, сатыш аз болот. Сатыш аз болсо мен аз акча алам деп жатасызбы? Ммм... Аябай кыйнадыңыз го мени... Макул, анда дагы бир нерсени карап көрөлү! Сиз сатыш кылам дедиңиз. Биринчи товарды өзүңүзгө сатып жибердиңиз. Экинчисин жакын бир тууганыңызга, үчүнчүсү... онунчусу... жүзүнчүсү... Тааныштарыңыздын баарына саттыңыз, анан кимге сатасыз? Анда көрө сатышка жумшаган убакытыңызды желеңизди кеңейтүүгө жумшаңыз, желе маркетингинин маңызы ошондо. |
|
© Маматов Нургазы |