Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Финансылык пирамида жана желе маркетинги

Желе маркетингинин атын каралаган бул  финансылык пирамида болуп саналат. МЛМ чөйрөсүн түшүнбөгөн адамдардын айынан желе маркетинги менен финансылык пирамида бир түшүнүктү ээлеп калган. Желе маркетинги эч качан финансылык пирамида болгон эмес. Желе маркетинги мыйзамсыз пирамидаларга каршы. Финансылык пирамидалар МЛМ менен жүзүн жаап, биздин арабызга кирип, өзүнүн кара ишин жүргүзгөндүктөн адамдардын көбү чыныгы МЛМ өкүлдөрүн жек көрүп калган. Өкүнүчтүүсү финансылык пирамиданын өкүлдөрүнүн жазасыз калганында. Алар кайрадан эле ишке киришип, МЛМ дин өкүлдөрү колдонгон метод менен сиздерди алдап кетүүдө. Керек болсо, Нургазынын китебин окуп чыкчы деп, ушул китепти сизге сунуштаган адам да сизди МЛМ ге эмес, дал ошол финансылык пирамидага үндөп жаткан болушу мүмкүн. Себеби пирамида десе сиз качып кетесиз да, ал эми МЛМ десе укмуштуу дүйнө экен деп кирип кетесиз. Андыктан сиз финансылык пирамида менен МЛМ ди жакшылап түшүнүп алышыңыз керек. МЛМ укмуштуу дүйнө, ал эми финансылык пирамида анын там терси.

Алгач пирамида деген түшүнүктү карап көрөлү. Ар бир ишкананын менеджменти пирамида түрүндө болот. Мисалы... Эмнени мисал кылсам экен... Азыр эки жагымды каранып, эмнени мисал кылам деп ойлонуп жатсам, жаныма супсулуу официантка келип эмне каалап жатканымды сурап кетти. Мен кофе заказ бердим... ммм... Эмне жөнүндө айтып жатат элем? А, пирамида?

Анда мисал катары ушул кафенин менеджментин карап көрөлү. Эң үстүндө кафенин ээси турат. Ага башкарууга жардам берген администраторлору бар. Эки адам дейли. Эки администратордун турган сменинде иштеген сулуу официанткалары, поварлары, идиш жуугучтары, пол жуугучтары бар. Кафенин ээси үйүндө жатып алып эле, кафесин башкара берсе болот, туурабы? Негизи башкаруудагы пирамида жакшы. Эми ушуну чийип көрсөткөнгө аракет кылайын.

 

  

 

Финансылык пирамида – бул башка адамдардын системага токтолбостон кирүүсүнүн эсебинен киреше табуу. Акылдуу алдамчылар иш канасынын мыйзамга каршы экенин түшүнүп, иш канасын коммерциялык мекеме кылып, келечектеги проектини спонсорлоо үчүн түзүлдү деп катташат. Эгерде айтылган проектиси жок болсо, анда системага кирген адамдарга акчаны системага жаңы киргендердин суммасынан бөлүп берет. Демек, инвестиция кылынган акчанын кандайдыр бир пайызы эртерээк инвестициялаган адамдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бул жакшыбы?

Жогоруда тургандар үчүн жакшы, алар акча алышат. Ал эми ылдый жактагыларга акча калбай калат да алар бир тыйын да көрүшпөй күйүп калышат. Кыскасы мындай иш каналар мыйзам чегинде бир нече жылдын ичинде банкрот деп жарыяланышат. Компания банкрот болгон маалга чейин чогултулган акчанын 10-15% гана кайтарылып, калганы көздөн кайым болуп кетери практика жүзүндө далилденген. Калган акчалар компанияны болушунча мактаган жарнамаларга, компанияны негиздеген «Алдар көсө» ишкерлерге, анан башында кирип калган бактысы барлардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Пирамида канчалык көп жашаса, салынган акчаны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук аз болот. Финансылык пирамиданы бирден бир өзгөчөлүгү сизге компанияны тааныштырып жатканда акчалар чексиз өсүп кете берет дешет. Маселен; биринчи айда жүз доллар, экичи айда эки жүз доллар, үчүнчү айда... кыскасы чексиз өсүп кете берет. Ал эми МЛМ де чек болот, маселен; эгерде сиз тапкан акчанын суммасы жумасына 5000$ ашса, анда сизге 5000$ гана берилет. Калган сумма компанияны банкроттон сактап калуу үчүн компанияга калтырылат.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz