Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

МЛМ дин тарыхы

МЛМ дин тарыхы Карл Ренборгдун (1887-1973) жашоосу менен тыгыз байланышта. Кокусунан ойлоп тапкан желе маркетингинин концепциясы менен 100 миллион доллардык обороттуу индустрияны курууга жетишкен.

Карл Ронберг 20-кылымдын башында Кытайга барып, дээрлик 12 жыл ар түркүн компанияларда (нефтик, кеме куруу ж.б.) иштеп жүргөн. Кытайлыктардын тамактануусуна кызыккан американец кытайлыктардын тамактарына изилдөө салат. Аны менен катары адамдын туура тамактануусуна жана витаминдердин адамдын организмине тийгизген таасирлерин изилдейт. 1920-жылдардын ортолорунда чет өлкөлүктөрдүн көбү камакка алына баштаганда Ренборг да түрмөгө түшүп калат. Тордун ары жагында убактысы көбөйгөн витамин изилдөөчү өзүнүн теориялык билимин практикалык түрдө жүзөгө ашыра баштайт. Түрмө тамагы ден-соолукка зыяндан башка пайда алып келбесин баамдаган абактагылар экспериментке өз каалоолору менен катыша башташат. Себеби ар бир камакта жаткан адамдар Ренборгдун түрмө тамагынан ала албаган, бирок организмге кычкылтектей керектүү витаминдерди кайдан алса болот деген суроонун үстүндө иштеп жатканын билишкен. Мисалы-темир?! Темир ар бир адамга кандай керек экенин азыр баарыбыз билебиз. Кичинебизден ата-энелерибиз алма, алмурут көп жегиле деп айтып келген. Организмде темирдин аз болушунан кесилген жерден кан токтобой ага берет, темирдин сөөккө да пайдасы бар деп, бир эле эмес, көптөгөн адамдардан уксак керек. Абактагыларга алма менен алмурутту ким берип коюптур, ботко беришкенине сүйүнүшүп, табактын түбүнө чейин шимирип алышат чыгар. А Ренборг болсо ден-соолукту мыктап кармаш үчүн темир керектигин жана ал темирди каяктан алса боло турганын ойлоп тапты. Эң биринчи тамак кошулмасы катары дат баскан мык болот. Карл мыктан датты бөлүп алып, болушунча майдалап, порошок сымал күрөң нерсени түрмө ашканасында жасалган тамакка кошуп, эксперимент жүргүзгөн. Даттын составында темир көп боло турганын далилдеп чыккан.

Күндөрдүн биринде абак сакчылары менен макулдашып, алардын ар кандай чөп түрлөрүн алып келип туруусун өтүнөт. Сакчылар болсо чөптүн түрлөрүн аз аздан Карлга алып келип берип турушат. Ар бир чөптү майдалап, изилдегенге аракет кылган американец кошулмалардын жаңы түрүн ойлоп таап, аларды экспериментке катышкан камакта отурган досторуна берип турган. Экспериментке катышкан адамдардын дээрлик баарысы түрмөдөн мыкты ден-соолук менен чыгышып, кийин өлкөлөрүнө кайтышкан.

1927-жылы АКШга кайтып келген Ренборг тамак аш кошулмаларынын үстүндө профессионалдуу иштеп баштайт. Бир кездеги хоббиси эми лаборатория ачууга үндөйт. Ошентип, көптөгөн жылдар бою талыкпай эмгектенүүнүн аркасында эң биринчи жолу биоактивдүү тамак кошулмасы пайда болот. Анын негизги компоненти катары витаминдерге жана белокторго бай болгон люцерна болот. Айлакер американец көптөгөн изилдөөлөрдүн аркасында ойлоп чыгарган препаратты жакындарына бекер таратып берип, аларга билдирбей препараттардын үстүндө эксперимент жүргүзөйүн деп чечет. Бирок жакындары бекер келген нерсени барктабай, көптөгөн препараттар текчелердин үстүндө чаң басылып кала берет. Өзүнүн эмгегинин бекер таратылгандыктан баркталбай жатканын түшүнгөн изилдөөчү препараттарын акчага сата баштайт. Жыйынтык көз ирмемде оң жакка өзгөрүп, Ренборгдун кошулмаларынын касиеттери ачыла баштайт. Сатып алган адамдар кошулмаларды башкаларга айта башташат. Ооздон оозго берилип отуруп, жаңы товар тез эле элдердин арасына жайылып кетет. Жаңы кошулмалар жөнүндө маалымат алууну каалагандар көбөйүп, Карл баарына жетише албай калат. Ошондо башын бир ой чымчып өтөт. Жакындарынын баарын чогултуп, аларга болуп көрбөгөндөй сунуш жасайт. Талапка ылайык, Ренборгдун жакындары өзүлөрү айтып барган тааныштарына өзүлөрү кошулма туурасында түшүндүрүп берүүлөрү керек эле. Эгерде жакшы түшүндүрүп, товар саткандар болсо, аларга комиссиондук пайыздар берилет эле. Сунушту уккан жакындарынын дээрлик баары макул болуп, Ренборг товар туурасында бир эле учурда көптөгөн адамдарга түшүндүрүп жатты. Ага жардам берген ортомчулар да өзүлөрүнүн пайдаларынан кол жууп калышкан жок.

Мына ушинтип желе маркетингдин чоң атасы бир баскычтуу маркетинг пайда болду. Бизнесин жаңы жол менен өнүктүргөн Карл Ренборг болсо 1934-жылы өзүнүн “California Vitamins” компаниясын негиздеп, эки жылдын ичинде рекламага бир тыйын коротпостон жылына 7 миллион доллар таба баштады. Бул ийгиликтин сыры болсо, компаниянын кардарлары компаниянын агенттеринин милдетин аткарып жатышкандарына байланышкан эле. Себеби ал адамдар ооздон оозго реклама кылуу менен өзүлөрү да пайда көрүшкөндүктөн, эң жөнөкөй рекламаны кыла беришкен.

1939-жылы “California Vitamins” компаниясынын аты “Nutrilite Products” болуп өзгөрүлөт, бирок иштөө принциби албетте сакталган. Компаниянын ишкерлери адамдарды табышып, иш жүргүзүү эрежелери менен тааныштырып, товар сатышкан. Кылган иштерине ыраазычылыгын билдирген компания ар бир агентке пайыздарын төлөп турган. Ошентип Ренборг классикалык бизнестин жаңы бир түрүн бир баскычтуу маркетингдин жаралышына өбөлгө түзгөн.

МЛМдин кийинки тарыхы “Nutrilite Products” компаниясында иштеген Рич де Восса жана Жей Ван Энделлалардын ысымдары менен байланышкан. Ренборгдун компаниясында ондогон ийгиликтүү иш жылдарын башынан өткөргөн бул эки адам 1959-жылы өзүлөрүнө тиешелүү “American Way Corporation” аттуу компанияларын негиздешкен. Бул компания дүйнө жүзүнө кыскартылып калган аты менен таралып кеткен. Бүгүнкү күндө “AMWAY” деген кыска аты менен дүйнөлүк базарды багынтуунун аракетин көрүүдө. “AMWAY” компаниясынын ийгилиги Восса менен Энделланын жалгыз кошулмаларды гана эмес, күнүмдүк жай турмушка керектелген тиричилик товарларын да сатыкка чыгаргандыгында.

Тез арада өнүккөн бул эки компаниянын сыры башка бизнесмендерди өзүнө тартып, көптөгөн бизнес өкүлдөрү бул феноменге көз арта башташат. Ошентип 1970-жылдардан тарта маркетингдин жаңы түрү алдыга суурулуп чыгып, аны Multi level marketing (MLM так ушул сөз айкашынын аббревиатурасы) башкача айтканда көп баскычтуу маркетинг деп атап калышат. МЛМ деген түшүнүк мына так ошол жерден келет.

1980-жылдары болсо он эле жылда таанылгыс өзгөрүлгөн МЛМге Network marketing же болбосо желе маркетинги деген ысымды ыйгарышат. 1979-жылдан 1983-жылга чейин эле бул индустрияга 5 миллиондон ашык Америкалык жарандар баш багып, так ушул жол менен акча табууну чечишкен. Желе маркетингинин стратегиясын колдонгон жүздөгөн компаниялар пайда  болгон. Так ушул убакыт бул индустриянын массалык өнүгүүсүнө шарт түзүп, ишкерликтин жаңы бир түрү дүйнөнү багындыра баштаган. Жаңы компаниялар жертөлөдө, гараждарда, бош складдарда, пайда болуп, каалаган адамдардын баары жашоосун өзгөрткөн каалоолорун ишке ашырышкан.

МЛМ социалдык ишкерлердин мектеби болуп калган. Бул акчасыздардын, тажрыйбасыздардын ийгиликке жетүү үчүн бирден бир эффективдүү жолу болгондуктан көптөгөн адамдар так ушул жолду тандоо менен өзүлөрүнүн эңсеген нерселерин ишке ашырууга аракет кылышкан. Ал үчүн аларга тажрыйбанын да, акчанын да, же кандайдыр бир жогорку билимдин да кереги жок эле. Эң негизги талап: бир нерсеге жетүүнү катуу эңсөө, жаратуучунун энергиясына ээ болуу жана эң негизгиси эңсеген нерселерине жетүү үчүн коюлган максатка карай болгон күч менен умтулуп, ага жете алам деп ишенүү.

Желе маркетингинин эң негизги жетишкендиги – бул дүйнө жүзүндөгү баардык адамдарга МЛМ ге катышууга бирдей мүмкүнчүлүк бергендиги. Аны менен катары, жогоруда саналган адамдын эңсегендерине жетүү жолу да бирдей. Болгону аракет керек.



© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz