Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

 Ийгиликтүү адамдар менен маек


Желе маркетингинин жардамы менен көптөгөн адамдар өзүлөрүнүн каражаттарын табышкан. Бул индустрияга төрт жыл мурун кирип, бүгүнкү күндө Кыргызстанга келип, өзүнүн бизнесинин күчү менен биздин калкыбызды да тааныштырып жаткан адамдардын бири Дильшод Камоловду сөзгө тартып, аны менен болгон маекти сиздерге окууга сунуш кылууну туура көрдүм.

- Ассолому алейкум Дильшод байке. Интервью берүүгө макул дегениңизге терең ыраазычылык билдирем. Мен үчүн ийгилик жышаанын эчактан тарткан сиздей адамдан интервью алуу ары кубаныч, ары сыймык. Менин биринчи суроом, биздин өлкө тууралуу болмокчу. Кыргызстандын босогосун алгач качан аттадыңыз эле?  Так ошол мезгилде Кыргызстан жөнүндө түптөлгөн ойлор? Анан МЛМ дин биздин өлкөдөгү абалы кандай эле?                                                                                

-Кыргызстандын босогосун эң алгач бир жарым жыл мурун аттагам. Бишкекке чейин билет алып, аба ырайына байланыштуу учак учпай калган. Ушуга байланыштуу кара жол менен келүүгө мажбур болдук. Алгач Баткен областынын босогосун аттадык, анан ОШ – Бишкек  автотрассасы менен Бишкекке келдик. Кычыраган кыштын суугунда төө ашуу аркылуу өткөнүбүз такыр эстен кетпейт. Калың кар астындагы тоолор али эсимде. Туннелдин астына келгенде машинеден түшүп, тоонун абасына чыктым. Аба ушунчалык таза десеңиз. Өпкөмдү чоңойто аба алып коё бергим келбей кармап турдум.  Айла жок, дем алыш керек да... Анан айланага көз чаптырдым, аябай кооз жер. Бишкекке келгенимде дүкөндөрдү кыдырдым. Мага  дүкөндөр дагы абдан жакты. Турциянын дүкөндөрүнө абдан окшош экен. Ассортимент да көп. Балким ошондондур, Турция жыттанып турат экен.  Мен Турцияга барганда дүкөндөрүн жактырып калган элем. Эми сиздердин дүкөндөрүңүздөр менин табитимди алды. Дүкөн кыдыруу менен катары Кыргызстандын рыногун изилдеп баштадык.  Желе компанияларынын аябай көп болушу мени чочулатты. Эң коркунучтуусу алардын өз иштерин профессионалдуу даражада билбегендиги. Буга мисал катары столбаларга чапталган жарыялар, көптөгөн адамдарды презентацияга алып кирүү, ошол эле адамды бизнеске чакыруу... Кайсы гана иш аракетинен болбосун профессионализмди таппадым. Бул көрүнүш бизнес  тууралуу ойду бузат да. Бекеринен Кыргызстандын жарандары МЛМди  «домохозяйкалардын», «бездельшиктердин», бекерчилердин бизнеси  деп атап калбаган. Буга  ишти  туура эмес жүргүзгөндөр күнөөлүү.

- Сиздин оозуңуздан бешбармакты көп уктум. Аябай жагат деп каласыз. Даамын  биринчи жолу качан таттыңыз жана эмнеси менен жагып калды? Эти мененби же камырыбы?   

- Мен мурун беш бармак тууралуу уккам. Кийин кыргыз кызы үйүнө чакырып калды. Үстөл үстүн улуттук каларитте жасаптыр, боорсок оймо дегендей. Бир оокумда беш бармак келди. Даамы аябай жакты. Өзгөчө эти жакты. Этинин даамы мурун чоң энем бышырып жүргөн холодецке окшошуп кетет экен. Дал өзү дегенден алысмын, бирок даамданат.

- Чоң энеңиздин холодецин сүйөт окшойсуз?        

- Ооба. Эми бешбармакты да жактырып калдым(күлүп).

- Рахмат Дильшод байке. МЛМ дин босогосун качан аттадыңыз эле? Бул индустриядан төө ашуудагы туннелдин алдындагы же бешбармак  жегендеги пайда болгон сезимди тартуулаган учурлар болду беле?

- Мындай сезимдер болгон. Азыр да болуп келет. Бирок мен эки нерсени, эки учурду айтып өткүм келет. Биринчи учур индустрия, бизнес план менен таанышып, ишке аралаша баштаган күн. Экинчиси индустриядагы мээнет үчүн, акча алган учур. Мени QNet менен тааныштырган күнү түнү бою уктаган жокмун. Буга чейин Oрифлейм ж. б. желе маркетингин колдонгон компаниялар турасында уккам. Бирок сыртынан гана, презентациясы менен таанышкан эмес элем. Ал эми QNet менен жакындан тааныштым. Биринчи жолу 2006-жылы тааныштырганда университеттин 5-курсун бүтүрүп,  кызыл диплом алайын деп жаткан учурум эле. Алдыда диплом жактоо, мамлекеттик сынак... Анан «батс», QNet... уктабадым, түнү бою уктабадым. QNet аркылуу  ачылган мүмкүнчүлүктөр улам көзүмө  элестелет. План боюнча, диплом аларым менен АКШга иштегени барат элем.  Ал жакта аталаш байкелерим бар. Эми минтип QNet, МЛМ индустриясы... Америка? Түнү бою уктаган жокмун. Ушундай кереметтүү учур десеңиз. Экинчи учур алты айдан кийин келди. Мен биринчи жолу алты айлык талыкпай иштегенден кийин өз колум менен курган структурамдан,  бизнесимден акча ала баштадым . МЛМ дин күчүн ошондо түшүндүм. Так ушул  учурда Эйнштейн айткан бинардык системанын кубаттуулугун түшүндүм.                                                                                               - Сиздин бул индустрияга келгениңизге аздыр, көптүр 4 жыл болуптур. Бүгүнкү күнү  желеде  өзүңүздү төрт жашар баладай  сезесизби же 40 жашар, акылы калыптанып, токтолуп калган чоң кишидей сезесизби?

 - Индустрияга жаңы  кошулгандарга тренинг  өтүлүп жатканда аларга дайым силер али ымыркайсыңар деп айтам. Чынында МЛМге жаңы келгенде  ымыркайдай алсыз болосуң .  Сен үчүн сүт – тренинг . Ымыркайга сүт канчалык керек болсо желе маркетингинде көз жаргандарга тренинг керек. Ымыркайга сүт эмне үчүн берилет? Күчтүү болсун деп! МЛМ де күчтүү деген мыкты организация куруп алуу дегенди  түшүндүрөт. Ал үчүн организация куруу искусствосун өздөштүрүү керек. Менин чоң организациям бар. Кубаттуу деп айтсам жаңылбайм. Айтайын дегеним өзүмдү 4  жашар балага караганда ишенимдүүрөк сезем. Бирок 40 жашка чыккан адамдай сезем дегенден да алысмын. Бүгүнкү күнү жума сайын чоң акча алып турсам да тренингдерге катышып турам. Жаңы нерселерди алып турам.

- МЛМ деги  алгачкы күндөрдө коркуу сезими болду беле?

- Албетте болгон. Анда мен ымыркай болдум да. Эгерде баланы жалгыз калтырып койсо эмне болот? Ал энесин издейт, чоочуркайт, ыйлайт. Менде да ошондой  сезимдер болгон. Кээде жалгыз калганда «мен бул ишти алып кете аламбы же...» деген ойлор көп болгон. Андыктан системага жаңы келгендерге менин сунушум, системада болгула.

- Сиздин МЛМ де жетишкен ийгилигиңизге көптөгөн адамдар суктанып келишет. Сырыңызды айтып кетесизби?

- Билесизби, ийгиликтин чыныгы маанисин индустрияга келгенде түшүндүм. Ийгилик бул мээдеги абал экен. Биздин мектептерибиз жана жогорку окуу жайларыбыз ийгиликке үйрөтпөйт экен.  Чыныгы ийгилик эмне экенин, ага кантип жетүү керек экенин МЛМден үйрөндүм. Ал эми ийгиликке жеткенимдин сыры – туруктуулук! Туруктуулук  болбосо  ийгиликке жетүү өтө татаал. Мисалы, бир машинаны  эки адам түртүп барат дейли. Машинаны ордунан жылдыруу кыйын, бирок ордунан жылган соң инерциянын күчү менен түртүп бара жаткандарга жеңил боло түшөт. Ал эми токтоп калсаң кыйналасың. Ийгилик кербени да ошондой.       Өзүмдүн мектебимде мен дагы үч нерсени айтамын: биринчиси – өзүңө ишен; экинчиси – системада болуу, үчүнчүсү – эч качан багынбоо. Биринчиси: ар бир адам максат кылган ишин ишке ашыра ала турганына көзү жетиш керек. Көзү жетпесе ал ишти кылыш абдан кыйын болот. Экинчиси системада болуу. Тренингдерге катышуу, ишти үзгүлтүксүз жасоо. Үчүнчүсү: эч качан багынбаш керек. Кулап калган, сынып калган учурлар көп болот. Алар аз болгон жер бар бекен? Жок! Кулаганда кайра турганга аракет кылыш керек. Багынбаш керек. Кадам шилтөөгө аракет кылыш керек. Ошондо гана ийгиликке жетүү мүмкүн.

- Бирөөнүн чөнтөгүн санаба деп коюшат эмеспи, бирок ошого карабастан, окурмандарга кызыктуу болгонун аңдап бил Окурмандарга сиздин каражат жагыңыз да кызыктуу болсо керек. Каражат жагыңыздын буга чейинки жана азыркы учурдагы абалы.

- Мектепте окуп жүргөн кезим эсимде жок, ал кезде бала кез, акчанын мааниси билинбейт деле. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө акча эмне экенин билдим. Менин контрагымды атамдын бир тууганы төлөйт эле. Өзүм акча үчүн эч жерде иштебегем, иштесем да волонтёр катары эл аралык уюмдарда иштегем. Албетте акча табыш үчүн эмес, тажрыйба үчүн. Чөнтөгүмдө дайыма акча бар болчу деп мактана албайм. Ортоңку класстан ылдый болдум. Желе маркетингине да жөн келген жокмун. Менин чөнтөгүмдү карап турган көйгөйлөрдү жок кыла турган туннелдин ары жагындагы жарыктыкты QNet компаниясынын маркетинг планынан көрдүм, ал жарыкка умтулдум. Учурдагы каражат абалымды айтардан мурун бир нерсени айтып кетким келет. Кичинекей кезимден телевизордогу, журналдардагы эркек жылдыздардын кийимдерине кызыгат элем. Бүгүн желе маркетингинин жардамы менен тапкан акчама өзүм каалаган стилдеги кийимимди кийе алам, чөнтөгүмө ылайык стиль менен эмес, өзүм каалаган стилде жүрөм. Финансылык жактан эч кимге көз каранды эмесмин.

- Финансылык жактан сизге эркиндик тартуу кылган МЛМ индустриясын сиздин үй-бүлөөңүз деп атап коё турган болсок, индустрияда жол көрсөткөн ата-энеңиз бир туугандарыңыз жана балдарыңыз.

- Мени бизнес менен классташ балам тааныштырган эле. Белгисиз себептерден ал адам бир жумадан кийин бизнести таштап кетти. Мен болсо жалгыз калдым. Жалгыздык сезимдин койнунда 6 ай болдум. Чынын айтсам аябай кыйналдым. Так ушул кыйынчылык бизнестеги «энем» болду. Ар бир кыйынчылыктан өткөнүм энемдин сынагын тапшырган менен барабар. Кыйынчылыктар ушул күнгө чейин мени жандап келет, «энем» мени эч качан таштабаса керек (күлүп). «Атамдын» ролун МЛМ индустриясы өзү аткарып келет. Үйдө ата тарбиячы милдетин аткарат эмеспи, бул индустрия да мени тарбияга салды. МЛМ деги алгачкы күндөрдөн бери жашоонун маңызын ачып берген тренингдерге катышып келем, тарбия алам. Бир туугандарым – бизнес партнерлорум. Кандай гана жагдай болбосун дайым биргебиз. Балдарым? Ммм... бизнеске жаңы кирген партнерлорду балдарым десем болот го дейм. Алар менен сүйлөшкөндө башкача баарлашууга туура келет. Бизнеске көз жарганда балам болот, командасы түптөлүп, күчтөнүп алган соң кайра бир тууганым болуп чыга келет.

- Желе маркетингин колдонуп иштеген компанияларды тандоодо кайсы критерийлерге көңүл буруу керек.

- Тандоо критерийлерине кайрылардан мурун МЛМ дин жуурканын жабынып, желе маркетинги аркылуу товарлар менен тейлөөлөрдү жайылтуунун ордуна элди алдоо жолу менен акча тапкан финансылык пирамидаларга токтолуп өткүм келет. МЛМ компаниясын тандоодон мурун бул шылуундарды билип албаса, акча табам деген адам тескерисинче акчадан кол жууп калышы мүмкүн. Финансылык пирамида менен МЛМдин биринчи өзгөчөлүгү өндүрүшкө байланышкан. МЛМдин өндүрүшү болот, ал өндүрүштө кадимкидей эле адамдар иштеп, продукция өндүрүшөт. Финансылык пирамиданын өндүрүшү албетте жок. Экинчиси, продукция болсо да баасы ашыры даражада кымбат, б.а. рыноктун баасынан аябай жогору. Үчүнчү өзгөчөлүгү, акча төлөө системасы. Финансылык пирамида мурун кирген адамдарга кийинки кирген адамдардын акчасынан айлык чыгарылып берилет. Ал эми МЛМде болсо продукциянын сатылышынан төлөнүп берилет, бухгалтериясында маркетинг үчүн деп көрсөтүлөт. Мына ушул критерийлер менен финансылык пирамида менен МЛМди айрып билүүнү үйрөнүп алуу керек. МЛМди айрып билгенден кийин алардын кайсынысы жакшы экенин караш керек. Желе маркетинги XXI кылымдын маркетинги болгондуктан заманбап товар жайылтуу ыкмасын колдонгон компаниялар күн санап өсүп барат. Алардын өндүргөн продукцияларынан жайылтуучу маркетинг пландарына чейин башкача. Ушул себептен, алардын күчтүүсү да күчсүзү да бар. Күчтүү же күчсүз экенин бир нече критерийлерден баамдап билсе болот. Эң алгач компаниянын базарда пайда болгонуна көз салуу керек, оптималдуу вариант катары 5 жылдан бери иштеп жаткан компанияларды таңдагыбыз оң. Дүйнөлүк масштабда таанымал болгон желечи Ричард По айткандай 5 жыл базарда жашап кеткен компаниянын банкрот болуу шансы төмөн. Экинчи критерий – продукция. Желе маркетингин колдонууну каалаган компаниялардын продукциялары жогорку сапатта болушу абзел. Сапаттуу товарларды гана ооздон оозго рекламалоого болот. Үчүнчү критерийи болсо үйрөтүү системасы, бул нерсеге биринчи кезекте көңүл буруш керек. Навайчы болуш үчүн алгач нан жасаганды үйрөнүш керек. Желе маркетингине келгендердин ар бири бул системаны жакындан таанып билүүсү керек. Эгерде мектеби жок компанияга кирип калган адам болсо, ал жолдон жаңылып калышы толук ыктымал, жолдон адашкандан кийин ийгиликке жетпейт. Эгерде мектеби болсо ал мектептен бизнестин бул түрүндө кайсы жолдорду тандоого болот экенин билсе болот. Жай тил менен айтканда так ушул мектептерден жаңы иш баштагандар навигатор ала алат, эгерде навигатор болбосо ийгиликке жетүү кыйын. Негизинен ушул үч критерийге көңүл буруу керек, ар бир критерий маанилүү жана чечүүчү ролду аткарат.

- Келечекте желе маркетингин үйрөтө турган мектептер, жогорку окуу жайлары ачылат дегенге кошуласызбы?

- Ушуга сапар тартып бара жатабыз. Билл Клинтон, Роберт Кийосаки, Горбачев өңдүү таанымал адамдар мамлекеттин экономикасында желе маркетингинин орду чоң деп билдиришет. Желе маркетинги бүгүнкү күндүн эмес, келечектин индустриясы. Бүгүнкү күнү көптөгөн финансылык сабаттуулукту жогорулаткан мектептер ачылууда. Биздин компаниянын негиздөөчүсү Дата Виджей Ишверан Индияда жаңы форматтагы мектепти ачып жатат. Ал мектепте баканын жүрөгүн, экиге экини кошконду үйрөтпөйт. Туура жашоого үйрөтөт. Адамдын аң сезиминин даражасын өлчөгөн 2 даража бар. IQ жана EQ. IQ - интеллект даражасы. EQ – эмоциялык даража. Салттуу, б.а. азыр билим берип жаткан мекемелер биздин IQбузду жогорулатат. Бирок, EQну ылдыйлатышат, мисалы бир окуучу үй тапшырмасын кылып келбесе аны аябай урушушат. «Сен эч нерсеге жарабайт экенсиң!» деген сөздөрдү колдонушат. Анан ал балада ошондой ой түптөлөт, эмоциялык абалы басаңдайт. EQну төмөндөтүү менен, адамды басмырлоо менен IQну  жогорулатуу туура эмес. Окумуштуулардын айтуусу боюнча ийгилик көбүн эсе EQга байланышкан. Эшверандын мектеби EQга басым жасайт. Ушуга окшогон мектептер күн санап, жамгырдан кийин каптаган козу карындай көбөйүп келет. АКШ да желе маркетингине арналган кафедра, факультеттер ачылып жатат. Мындан 50 жыл мурун бул индустрияга эч ким көңүл бөлгөн эмес, бүгүнкү күндө көптөгөн экономисттер, финансисттер, маркетологдор желенин сырын ачканга аракет кылышууда. Мына сиз деле экономист катары изилдеп жатпайсызбы. Эртең Кыргызстанда желе маркетингин жүргүзүүгө үйрөткөн университет ачылса эч таң калбайм. Бүгүнкү күндө бул тармакка арналган интернет ресурстар да бар. Мисалга «Гита», бул да биздин компания тарабынан түзүлгөн, он-режимде сабактар өтүлөт.

- Рахмат, Дильшод байке! Чынын айтсам суроолор абдан көп, ийгиликтүү адамдын жашоосу башкалардын көңүлүн өзүнө тартар эмеспи. Бирок, убакыт деген ченелүү нерсе экен, акыркы сөзүңүздү каалоо-тилектерге берсек. Кыргызстандын элине эмне каалайсыз?

- Лондон биржасынын кире беришинде чоң болуп, «Ийгилик – бул жетишүү» деп жазылып турат экен. Ийгилик, IQ менен EQ, каражат, желе маркетинги жөнүндө көптөгөн маалыматтар, китептер бар. Алып окуп көрүңүздөр. Себеби, ал китептерде жаңы нерсе катылган. «Жаңы» деген жаңы да. Дайым жаңы нерсе менен болуңуздар, жаңыны кийип, жаңыда жашап, жаңыны айдап жүрүңүздөр. Кыргыз калкына айтарым: ийгиликке жетишкиле! (Успейте быть успешным!)

- Рахмат сизге. Ишиңизге ийгилик!

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz