Авторго кат жаз:Авторго суроо узаткыңыз келсе жазыңыз: |
Ыраазычылык! Сөз баштаардан мурун, ушул китептин чыгышына колдон келген салымын кошуп, моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам берген адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Кыргыз элинин урматына, бактысына чыккан бул китепти атам, Маматов Кубатбек Элебесович, апам, Маматова Калбүбү Малабековна, бир тууган иним Маматов Жангазы Кубатбековичтер колдоп, колунан келген жардамдарын көрсөтүшүп, демөөрчүлүк топтун катарына киришти. Мындан тышкары бизнестеги өнөктөшүм, бир тууган эжемдин ролун аткарган Кожоматова Рахат Култайбековнага терең ыраазычылыгымды билдирем. Рахат Култайбековна бул китепти толук бойдон текшерип чыгып, каталарды оңдоого чоң салымын кошту. Муну менен тим болбостон, китепти чыгарууда демөөрчүлүк көрсөтүп, материалдык жактан да жардам берген чагы бар. Китепти компьютерге тергенге бир тууган карындашым, Кубатбекова Айгерим Кубатбековна, КУАУнун студенттери Бакасова Канышай Кадырбековна жана Пусурова Акмарал Пайзылдаевналар жардам беришти. Материалдарды топтоого КУАУнун Жогорку студенттик кеңеши, «Лидер» клубунун мүчөлөрү жардам көрсөтүштү. Колдоп берген ар бириңиздердин эмгегиңиздер мен үчүн ыйык сезимди жаратты. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирип, сиздердин кылган соопторуңуздар унутулгус экенин баса белгилеп айткым келет. Бул китептин жардамы менен жашоосун барчылыкка өзгөрткөн адамдардын тагдырына көз салып, мында менин да үлүшүм бар деп, мыйыгыңыздардан күлүп, бактылуу жашоодо жашаңыздар. Кантсе да бул китеп сиздердин демиңиздер менен жарык көрдү. Бар болуңуздар, Кыргызстанда жашап эле бай болуңуздар! Урматтуу окурман, ыраазычылыгымдын бир үзүмүн сизге да айтууга уруксат этиңиз. Кыргыз элинин жашоо шартын оңдойм деген ой-тилек менен жазган бул китебиме ишенич көрсөтүп, окуп чыгууга бел байлаганыңыз мени кубандырат. Ылайым бул китеп, сизге жардамын тийгизип, жашооңузду жаңы нукка, барчылыкка, молчулукка бурууга жардам берсин. Сиздерди урматтоо менен, кыргыз элинин кулуну Маматов Нургазы Кубатбекович. |
|
© Маматов Нургазы |