Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Экономист катары сизге сунушум

1997-жылдын апрель айларында атам, мен, иним болуп, шаардын четине сейилге чыктык. Ал кезде Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда жашачубуз. 97-жылы шаардын чети деп азыркы  Арча-Бешик саналат эле. Дал ошол Арча-Бешикте сейилдеп жүрөбүз. Азыркы Арча-Бешик кайдан, эч  кимге кереги жок талаа. Сейрек кездешкен фундаменттер болбосо, азыркыдай зыңгыраган үйлөр жок болчу. Талааны аралап баратып, иним экөөбүз бири бирибизди кууп кетебиз, оюнга азгырылып. Мен анда тогуз жашта, иним сегизде. Бир оокумда эмне үчүн талааны аралап бара жатканыбыз кызык боло түштү.

- Ата, - дедим, атама жакындап, - биз бул жака эмнеге келдик?          

- Ушул жерден жер алып, там салсакпы дедим эле, - деди атам.

- Ии, коюңузчу ата. Ушул жака жашайбызбы? Бул жакта эч ким жашабайт го! Жолдору да ылай. Мектеби да болбосо керек. Коюңузчу ата, бул жака жашабай эле коёлучу!

- Туура айтасың, балам. Бирок атаңдын акчасы ушул жерден жер алууга эле жетип жатпайбы.

- Коюңузчу, ата. Бул жакта балдар жок, биз ким менен ойнойбуз? Кетеличи бул жерден, - деп иним экөөбүз атабыздын колунан тартып, сүйрөгүлөдүк.

Кыскасы атам ал жерден жер албады. Ансыз да күмөн болуп жаткан атама бизден башка да адамдар сөз айтса керек, Арча-Бешик тарапка башка басып барбадык. 1998-жылы апрель айларында Бишкектен Таласка көчүп кеттик. Бишкекке 2005-жылы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн кайрылып келдим. Алгачкы күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин  Жалдагы  жатаканасында жашап калдым. Жал кичи району таанылгыс өзгөрүлүптүр. Арча-Бешикке да бардым, көргөн көзүмө ишене албадым. Зыңгыраган мектеп, кычыраган тамдар. Баягы талаанын жыты да жок! Азыр Арча-Бешиктен участок алууга баары кызыгат, алардын катарында бир кезде ал жерди чанып кеткен мен да бармын.

Кап, ошондо атам сегиз, тогуз жашар балдарын укпаганда, тегерек четиндегилерден акыл сурабаганда, азыр зыңгыраган биздин да үй  Арча-Бешикте туруп калат эле. Зыңгыраган Түштүк Магистраль менен сызып барат элем, азыр үйгө. Ошондо атам!.. Ошондо мен атамдын колун тартпаганда. Бирок, эч нерсе эмес! Менин шансым бар. Мен болгону 23 жаштамын, китептен түшкөн гонорарга жер эле эмес, особнягы  менен кошо сатып алсам болот. А сиз канчадасыз? Мен тогуз жашымда жаңылган нерсемди оңдош үчүн он төрт жыл кетиптир. Эгерде сиз азыр ката кетирип, он төрт жылдан кийин ката экенин түшүнгөн болсоңуз канча жашта болуп калган болосуз?

Мен сиздерге адамдын жашоосундагы бир мыйзамды айтып кетким келип турат. Ал мыйзам «ошондо» деп аталат. Ар бир адамдын балалык кезинде кыялы болот. Мектепте окуганда менин да кыялым күчтүү эле. Менин чоң үйүм болот, ичинде робот малайларым болот деп эңсечү элем. Мектепти бүтүп, университетке тапшырдым. Ачка калбаш үчүн Баткен базарына барып, тачка түрткөн күндөрүм да болду. Так ушундай учурларда кайдагы особнякты, кайдагы роботту ойломок элең. Курсак тойсо сүйүнөсүң. Анан ошол нерсеге да көнүп калат экенсиң. «Манас» университетин бүтүргөн соң Бишкек шаарындагы «MUGNUT» ресторанына официант болуп орноштум. Ал учурда «МUGNUT» жаңы ачылып жаткан. Официанттар билесиз да, пайызга иштешет. «МUGNUT» ачылгандан кийин бир ай иштедим, тапканым 400 сом. Администраторго барып даттансак: «Мына жаңы ачылдык да, туура түшүнгүлө, эртең, бүрсүгүнү эл каптайт, анан көп акча табасыңар» деп коёт. Айына 400 сом алып жүрөм, кайдагы кыял, кайдагы үй? Кайдагы робот?

Бир күнү университетте сабак берген мугалимим чалып калды:

-            Нургазы бармен керек болуп жатат. Айлыгы 6000 сом.

 Кафе «Восток-Запад» деп аталат. Үч жумадан кийин администратор болдум. Айлыгым 7000 сомго көтөрүлдү. «Манастан» алган орто кесиптик диплом менен максимум администратор боло алат экенсиң. Анан менин үйүмө, роботума, кыялыма жете албаганыман «ошондо» мыйзамына келди.

-«Эх, ошондо атамдын колун тартпаганда, эч болбоду, үйлүү болуп калат элем.»

-«Эх, ошондо «Манастын» жогорку кесиптик мектебине тапшырбаганда, азыр көп айлык алат элем.»

-«Эх, ошондо Түркияга кетип калганда...»

-«Эх, ошондо «MUGNUT»та иштей бергенде, балким 10000 сом айлык алып калмакмын.»

-«Эх, ошондо...»

-«Эх, ошондо...»

-«Эх, ошондо...»

Эмне деген гана ойлор келбейт десеңиз.

-«Эх, ошондо банк тоноп кеткенде.»

-«Эх, ошондо каратэге катышып, рекет болуп кеткенде.»

Кыскасы «ошондо!» деп эле каласың.

Бактыма жараша «ошондо!» мыйзамы мага эрте келиптир. Мен анда 20 жашта болчум. «Ошондо!» менен өкүнүп жата бербестен кайрадан жогорку окуу жайга жогорку кесип ээси болуш үчүн тапшырдым.

А эгерде «ошондо!» 60 жашка же 50 жашка келгенде бурчка такаса эмне кылат элем? Жооп бир гана нерсе, колумду көтөрүп, же башты кысып инсульттан же жүрөктү кысып инфаркттан өлүп кете бермекмин. Эң жаман нерсе, бул – ой! Ой адамды жеп жиберет, ал эми ага «ошондо!» кошулса, анда атом бомбасы, же жүрөк кан тамыры кетет, же баштагы кан тамыр.

Урматтуу  окурман, убагы келгенде «ошондо!» мыйзамына кабылып калбаңыздар. «Ошондо» Нургазынын өзүнө чалып, кайсы МЛМ компаниясы эң жакшы деп сурап, ошол компания менен биргеликте миллиондорду таап баштаганда го, азыр студент балам жатаканада ачка, суукта үшүп жатпайт эле» - деп калбаңыздар. Өкүнүп өкүткө калбаңыздар. Көп акча табуунун жолун издештириңиз, мамлекетти карабаңыз, өкмөттү карабаңыз, алар азыр сизге эмес өздөрүнө акча таба албай, чет элден карызга алып жатат. Чындыкка тике карайлы!

Акча табуунун 5 жолу бар дедим. Кыргызстандын шартында бай болуунун оңой жолу болуп 5-ыкма саналат. Эгер колдон келсе, 5-ыкманы колдонуп көп акча табууга өзүңүзгө шарт түзүңүз. Балким 5-ыкма Арча-Бешиктин 1997-жылдагы бош талаасындай сизди эч кызыктырбай жаткан чыгар. Бирок болбогон он жылда 5-ыкмага суктанып мен азыр Арча-Бешиктен өз ордумду кандай кааласам, сиз да дал ошондой орунду 5-ыкмадан издейсиз. Бирөөгө кул болгонду токтонуңуз, акча табуунун 5-ыкмасын колдонуп, эркиндигиңизди колго алыңыз, байыңыз! Сиз бай, эркин жашоого татыктуусуз. 5-ыкманы колдонуу үчүн чөнтөгүңүздүн калың болушу шарт эмес, каратист же боксёр болууңуз шарт эмес, оратор же риторик болууңуз шарт эмес, акылдуу же авторитеттүү болушуңуз шарт эмес. 5-ыкманы колдонуп бай болуу үчүн бир гана КААЛО керек! Каалоо болсо 5-ыкма сиз үчүн ачылып берилет.

Сиз 5-ыкманы тандадыңызбы? Анда мен сизге желе маркетингин колдонгон компанияны тандаганды жардам берейин.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz