Авторго кат жаз: |
Компанияны туура тандоо Сиздин желе тармагындагы карьераңыздын, а балким жашооңуздагы өсүштөр компанияны туура тандоо менен тыгыз байланышта. Тилекке каршы көптөгөн адамдар болочокто иштеше турган компаниясын тандоого такыр убакыт бөлүшпөйт. Кайсы компанияга туш болсо, ошол компания менен иштеше берет. Албетте мындай кадам туура эмес. Алар компанияны тандабастан, компания аларды тандап жатпайбы. Көптөгөн адамдар финансылык пирамидага да туш болуп жатканы так ушул себептен. Мындай адамдар компанияны жакшылап тааныганга убакыт коротушпай эле шашкалактап кирип кетишет. Мындай иш жарабайт! Алгач финансылык пирамида менен МЛМ компаниясын айырмалап билишибиз керек, айырмасын көрсөтүп өттүм. Сиз тандаган компания МЛМ бекен? Анда компаниянын мыктысын тандоого жардам бере турган критерийлерге көз салалы.
Эми аталган критерийлердин ар бирине токтолуп, аларды ачыктап кетейин. Эң биринчиси: компания базарда 5 жылдан ашык жашаган болушу керек. Көптөгөн эксперттердин айтуусу боюнча финансылык пирамида эң эле көп дегенде 2 же 3 жыл жашайт. Андан кийин (көбү 1 жыл ичинде) банкрот жарыялап, жок болуп кетет. «Беш кол тең эмес» дегендей, МЛМ компанияларынын айрымдары экономикалык эсеп жактан туура эмес эсептелип, компания банкротко кабылып калуусу мүмкүн. Желе маркетингинин принциби менен иштеген компаниялар алгачкы күндөрү наристедей, бирок 5 жылдык тажрыйбадан кийин эч кимге алдырбаган болуп, рынокту ээлеп калат, канчалык көп жашаса банкрот болуу мүмкүнчүлүгү аз. Жогоруда айтылган себептердин негизинде компаниянын «жаш курагына» көз салыңыз. Эскерте кете турган нерсе, «картаң» компаниялар менен иштешкенди туура көрбөйм. Эгерде телефон алып жатсаңыз же машина алып жатсаңыз эскисин аласызбы же жаңысынбы? Албетте жаңысын! Эски компаниялар кетирген катачылыкты жаңы компания эч качан кетирбейт. Компаниянын башындагылардын желе тармагында иштөө тажрыйбасына көз салуу экинчи критерий болуп саналат. Канчалык тажрыйбасы мол болсо, ошончолук иш жакшы жүрөт. Тажрыйбасы чоң догдурга барып дарыланган жакшыбы же кече араңдан диплом алып, ишке кирген догдурдун колунан дарыланган жакшыбы? Албетте биринчисинен, мен да ошону айтам да... J Үчүнчү көз алдына ала турган нерсе болуп продукциянын сапаттуулугу жана сертификациясы болуп саналат. Кыргызстанга келген желе маркетинги тез өнүгөт, себеби ооздон оозго ташыганды, информация бергенди эчак эле өздөштүрүп алганбыз. Эң көлөмдүү «Манас» эпосубузду ооздон оозго берип олтуруп эле сактап калбадык беле. Бирок, ооздон оозго реклама бериш үчүн товар сапаттуу болуш керек. Мисалы; сиз жаман кино көрүп келип, аны досуңузга жакшы, керек болсо «мощный» деп реклама кыласызбы? Жок, кылбайсыз. Кылсаңыз, анда бирөөнүн убалына каласыз, барып келген досуңуз кулак түшкүчө тилдейт. А эгерде жакшы кинону жарнамаласаңыз, анда досуңуз сизге ыраазычылыгын билдирет, анан албетте башка тааныштарына да сиз сунуштаган кинону көрүүнү сунуштайт. Болочок желечилердин ийгилиги продукцияга байланышкан. Сапатсыз продукцияны сунуштайм деп атыңызды эле булгап аласыз, акча табам деген оюңузду таш кабат. Көңүл бура турган төртүнчү критерий товарды жеткизүү болуп саналат. Эгерде компания товарды өз убагында жеткирип бере албаса, анда көптөгөн кыйынчылыктарга кабыласыз. Сиз тиш доктурга келип, акчасын берип, жарым ай же бир айдан кийин келип көрсөтөсүзбү же шыр көрсөтөсүзбү? Эгерде продукциянын доставкасы жай болсо, анда сиздин кардарыңыз компания тууралуу күмөн санап калышы мүмкүн. Кийинки критерий продукциянын эксклюзивдүүлүгү жана баасынын татыктуу болуусу. Эгерде продукция эксклюзивдүү болбосо иш жүргүзүү азаптын эле тозогу. Мисалы, саат саткан компанияны тандап алсаңыз, саатты кантип сунуштайсыз? Сатып ала турган адам базарга барып, каалаган саатын чекесинен тандап алат. Ыңгайлуу баада, каалаган сапатта! Эгерде швейцар саатын сунуштасаңыз анда иш башкача болот. Швейцариялык саатты каалаган жеринен сатып ала албагандыгынан сиз менен иштешүүгө кызыгат. Себеби биздин өлкөдө швейцар механизми орнотулган дүкөндөр аз. Эми баасына кайрылалы. Эгерде продукциянын сапатына баасы жарашпай турса мындай компаниядан оолак туруңуздар. Мындай компаниялар финансылык пирамида болуп калышы мүмкүн. Тажикстанда бир убакта «бисер бизнеси» ачылган экен. Бир кап бисерди, мисалы, 5000 долларга сатышып, өз ишмердүүлүгүн кылышкан. 1 кап бисер ашып кетсе 200 доллар болот чыгар, ашып кетсе 250 доллар. 5000 долларга 1 кап бисерди алуу, бул келесоолук болсо керек. Бир күнү бул финансылык пирамида качып кеткен. Сиз да алданып калбаш үчүн продукциянын баасына көңүл буруу керек экенин эске алыңыз. Калктын санынын канчасына сиз сунуштай турган продукция керек экенин да алдын ала изилдеп алганыңыз туура болот. Эгерде сиз тандаган компания кашык сата турган болсо сиздин ишиңиз жүрбөйт. Кашык ар бир адамда бар, менде 1 башыма 13кашык. Анан дагы кашык алмак белем? Маркетинг-пландын жөнөкөйлүгү да сиздин ишиңизди жеңилдетет. Болочок партнерлоруңузга иштин жайын түшүндүрүү мезгилинде маркетинг-планды оңой түшүндүрсөңүз алар да оңой түшүнүп, тез кабыл алат. Эгерде маркетинг-план кыйын болсо, анда аны башкаларга түшүндүрүү кыйынга турат. Бул жерден дагы бир нерсеге көз салуу керек. Ал нерсе - активация. Эгерде ай сайын сизден активацияны талап кылган компанияга туш болсоңуз, ал компанияга «даси-даси» деп, кетип калыңыз. Эгерде сизге чейинки адамдар акча алган болсо, анда сиз да аласыз. Андыктан, сизди бизнеске чакырган адамга акча алгандыгы жөнүндө суроо узаткандан тартынбаңыз. Желе маркетинги XXI кылымдын индустриясы болгондуктан XXI кылымдын негизги инструменти болгон интернетти пайдалануусу керек. Б. Гейтц айткандай ким интернетте болбосо ал бизнесте эмес. Эгерде компаниянын ишмердүүлүгү интернетке байланган болсо, сиз ишиңизди дүйнөнүн каалаган жеринде уланта аласыз. Желе маркетингин колдонгон компаниялардын көпчүлүгү интернетке туташтырылган эмес. Мындай компаниялар менен иштегенди мен жактырбайм. Бирок, кээбир компаниялар сизге жагып калышы мүмкүн. Эгерде интернетке кошулбаган компаниялар болсо, эч болбоду интернетте компания тууралу маалымат болгону дурус. Желе компаниялары аз убакыттын ичинде дүйнөнү багындырган компаниялар. Сиз мындай компанияга кирип, желечи болгондон кийин 3 же 4 жылдын ичинде эл аралык желечиге айланасыз. Сиз көздөгөн өлкөдө филиалы же кичи офиси болбосо ал өлкөнү багындыруу сизге кыйын болот. Кээбир компаниялар айрым шарттарды аткаргандан кийин кичи офис ачканга жардам беришет. Эгерде мындай компанияга туш болсоңуз ишиңиз жеңилдей түшөт. Себеби офис ачканга сиздин чөнтөгүңүздөн эмес компаниянын эсебинен акча бөлүнөт. Кийинки критерий эң маанилүү. Менин алгачкы желе маркетингин колдонгон компанияда ийгиликке жетишпей калганым ушул пунктка байланыштуу. Ал компаниядагы окуулар мыкты деңгээлде болбогондуктан мен «сынып» калгам. Эмне кыларымды билбей олтуруп калгам. Дильшод Камолов деле өзүнүн сөзүндө алгач бизнеске келгенди ымыркайга салыштырбадыбы. Ымыркайга күч берген сүт - тренинг! Эгерде тренинг өтүлбөсө компаниядагы сиздин күнүңүз саналуу эле болот. Таанышыңызды тааныштырып жатканда оозеки тааныштырган кыйын болот. Айткан сөзүңүздүн 1/10 да эсинде калбайт. Эгерде тааныштыруу мезгилинде видео же журналдарды, жарнамалык баракчаларды колдонсоңуз эске тутуу жогорулайт. Жогорудагы нерселердин баары компанияга байланышкан. Ушул көз сала турган критерийлердин катарында компанияга такыр тиешеси болбогон дагы бир эске ала турган критерий бар. Ал критерий сизди чакырган адамга байланышкан. Эгерде сизди чакырган адам желе маркетингинин жолунда сизди ээрчитип алып кете албаса ордуңузда тура бересиз. Аныктан сиздер жакшы карым катнашта болушуңуздар керек. Дагы бир эске салчу нерсе, сиздин спонсоруңуз канчалык профессионалдуу желечи болсо, сиз да ошончолук профессионал желечи болосуз! |
|
© Маматов Нургазы |