Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Маркетинг-план

(компенсациялык план)

              Жогорудагы критерийлердин ичинен сиздерге маркетинг-планга кайрылып кетүүнү туура көрүп жатам. Себеби эффективдүү организация куруу, көп акча табуу, жеңил иш жүргүзүү эң биринчи кезекте маркетинг-планга байланышкан.

              Бүгүнкү күнү маркетинг-пландын көптөгөн түрлөрү бар. Бирок, жалпы окшоштуктарына карап 4кө бөлсөк болот:

  1. Тепкичтик-башкаруу;
  2. Матрицалык;
  3. Бир баскычтуу;
  4. Бинардык.

Эми ар бирин кезеги менен карап чыгалы.

1. Тепкичтик-башкаруу – бул эки пландын (тепкичтик жана башкаруу) биригүү комбинациясынан алынган компенсациялык план. Ар бирин өзүнчө карап көрөлү:

Тепкичтик план – бул план боюнча комиссиондук адам санына карата көтөрүлгөн тепкичтик пайызга карата төлөнөт.

Башкаруу план – комиссиондуктар башкаруу үчүн төлөнөт.

Демек тепкичтик – башкаруу планы эки критерийдин негизинде акча төлөп берет. Кыргызстанда маркетингдин бул түрүн көптөгөн компаниялар колдонушат. Кыргызстандагы эң чоң компаниялардын ичинен Ипар жана Орифлейм да маркетингдин ушул түрүн колдонушат. Мен сиздерге Орифлейм компаниясынын маркетинг планынын интернеттеги сүрөтүн көрсөтүп кетсем.

  

 

2. Матрицалык – бул план 80-жж баштап байкала баштаган. Бул план сиздин командаңызды белгилүү бир конфигурациялар менен чектеп коёт. Мисалы, 3х3 деген матрицалык план боюнча тикелей 3 адамды каттай аласыз. Экинчи катарыңызда тогуз болот, үчүнчү катарыңызда 27 адам. Төртүнчү катардагы адамдардан сизге төлөнбөйт, себеби сиздин командаңыз 3х3 деп чектелген. 

3х5 деген матрицалык план 1-катарга 3 киши жазып, 5-катарга чейинки түзүлгөн командаңыздан акча алсаңыз болот дегенди түшүндүрөт. 5х7 деле дал ушундай сценарий менен жүрөт.

 

Бул жерде 3х3 матрицасы көрсөтүлгөн

 Сиздин командаңызды чектеген компенсациялык пландын бул түрүнө токтолууну туура көрбөдүм. Кыргызстандагы матрицалык планды колдогон компаниялардын көбү тез эле банкрот болуп калышат. 5 жыл биздин рынокто жашаган компанияны көргөнүм жок. 2011-жылдын январь айында Украинадан келген компанияны көрдүм эле, бриллиант сатат экен. Март айында, 2 айдан кийин барсам жабылып калыптыр.

3. Бир баскычтуу план – бул план атына заты жарашпаган план. Бул план боюнча 1-катарга каалашыңча адамдарды жаздырсаңыз болот. Бирок катарыңыз чектүү. Бул план матрицага окшош (∞х5) болгондо 1-катарда каалашыңча жаздыр, 5-катарга чейинки сенин командаң. Андан кийинкилерден сизге акча түшпөйт. Команданы чектеген бул планды да оозго алгым келбей турат.

4. Бинардык план – мен сүйгөн план. Эйнштейндин айтуусу боюнча бинардык система – дүйнөнүн сегизинчи керемети. Бинардык план боюнча 1-катарыңызда 2 адам, 2-катарыңызда 4, 3-катарыңызда 8, 4-катарыңызда 16,… Ошентип олтуруп чексиз кете берет. Компания тандап жатканда көңүл бура турган критерийлердин арасында маркетинг-план жеңил болсун деп айтып кетпедим беле. Эң жеңил план бинардык план. Бул жерде сиздин системаңызга кирген ар бир адамдан пайыз алсаңыз болот. Мейли ал 100-катарда, мейли ал 1000- катарда болсун. Жалгыз 1 гана шарты бар, тең салмактуулукту, баланста кармашыңыз керек. Тепкичтик-башкаруу компенсациялык план боюнча катарлардын пайызы ар түркүн болот. Ал эми бул жакта андай эмес.

Бинардык система

Бул жердеги «баланс» сөзү сиздерди коркутпашы керек. Бинардык план боюнча сиздин 2 жагыңыз болот, оң жана сол. Оң жагыңыз менен сол жагыңыз баланс болсо эле акча ала бересиз.

 

 Бинардык боюнча ар бир кирген адам экиден гана адам алып келүү менен өз ишмердүүлүгүн токтотуп койсо болот. Кийинки адамдарды астыдагылар чыгарса деле сизге акча түшө берет, ооба ал тиги системада деле ошондой. Бирок алар чектеп коюп жатпайбы, матрицалык жана бир баскычтуу план боюнча командаңыз чектелип калат, тепкичтик- башкаруу планы боюнча кийинки тепкичтеги адамдардан аз акча ала баштайсыз (пайызы ылдыйлай берет). Ал эми бинардык системада андай эмес, ар бир кишинин жасаган сатып алуусунан бирдей пайыздагы акча ала аласыз.   

Бүгүнкү күндө маркетинг-пландын көптөгөн түрү бар. Бирок алардын баарына негиз болуп ушул 4 план алынат. Ал эми Кыргызстандагы компаниялардын ичинен көпчүлүгү 1-планды жана 4 планды колдонушат.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz