Авторго кат жаз: |
Компаниядагы алгачкы кадамдар Билесизби окурман, мен бул теманы ачыктардан мурун азыр гана болуп өткөн окуяны айткым келип турат. Бүгүнкү күндө мен 23 жаштагы жигитмин. Кыз көрүп, аны сүйүп, эми кыскасы үйлөнгүм келип жаткан учур. Бул теманы жазаардан мурун, Таласка келип, ата-энеме күзүндө үйлөнгөнү даярданып жатканымды билдирдим. Жаңы гана, 10-15 мүнөт мурун. Аны уккан иним «опкасынан» тура калып, негедир каршы чыкты. Эч болбоду жогорку окуу жайын бүтүрүп, анан үйлөнүүмдү өтүндү. Эх «братишка», сен бакыт эмне экенин билесиңби? Окурман, а сен бакыт эмне экенин билесиңби? Бакыт деген эмне өзү? Бакыт?.. эх бул сөздүн маңызын көктөмдөгү көк чөпкө жатып алып, асманга көз салып издедим, яхта менен деңиз аралап суудан издедим, парашут менен учканда асмандан издедим. Китеп окуп китеп бетинен, сериал көрүп көгүлтүр экрандан, сүйгөн адамымды кучактап алып махабатымдан издедим. Издеген жеримдин баарынан таптым. Ооба, баарынан таптым. Чексиз көккө көз салып, көк чөптүн үстүнө жатып алганга эмне жетсин? Таза аба менен дем алсаң, абанын муздак аптабы өпкөңө жетип, ал жактан денеңдин ар булуңуна тарагандыгынан итиркей келет. Жылуу шамал бетти сылап, асмандан чачыраган күн нуру көздү уялтып, жылуу аптабы менен денени кучактайт. Көк түс жанды эс алдырып, мээни сергитет. Кандай керемет! Ушундай кереметтүү учурда адам кантип бактылуу сезилбесин? Башкасын билбейм, айылга барып, көк шибер чөпкө жатканда бактылуу сезем. Жогоруда атап өткөн ар нерсе бакыттын бир үзүмүн тартуулайт. Үйлөнүү да бакыт тартуулаган үзүмдөргө бай. Өзүңүз элестетип көрбөйсүзбү, желбирете кийген кыздын ак көйнөгү желпилдеп, эл алдында кызды ЗАГСка көтөрүп кирип... ар бир кадам, ар бир кадам бакыт тартуулайт. Бакыт – адамдын өзүнүн жашоосуна канааттанган мезгилиндеги, жашоодогу өзүнүн ордун, ролун тапкан мезгилиндеги эмоциялык абалы. Ар бир адам бактылуу боло алат, бакыт баарыбызда бар, ал ичибизде. Болгону аны көрүп, сезе билишибиз керек, кабыл ала билишибиз керек. Бакыт бизди айланта курчап турат. Аны сатып алуу, лотереядан утуп алуу, уурдап алуу мүмкүн эмес, бакытты бир гана өстүрүү жолу менен алсак болот. Бакытты өстүрүш керек. Кантип? Бул суроого жооп алыш үчүн дыйкандын иш жерине сапар алалы. Дыйкан жазында помидор тикти дейли. Жайы жайла акактап, помидорду отоп, сугарып карайт. Анан күз келгенде түшүмүн жыйнап алат. Бакыт менен болгон түйшүк да ошондой. Мисалы, мен мектепти бүтүрүп, кызыл аттестатты алганда өзүмдүн бактылуулук пайызымды алгам. Мен үчүн «жаз» эң алгач мектеп босогосун аттаган күнүм. «Жайкы» мээнетим 1-класстан 11-класска чейинки мээнетим. «Түшүм» - кызыл аттестат. Аттестат колго тийгенде бактым ичиме батпай, көчөгө чуркап чыгып «Ааа...» деп кыйкырганым 6 жыл өтсө да дале көз алдымда. Дыйкандын күздө топтогон түшүмү күндөрдүн биринде түгөнөт эмеспи, бакыт да ошондой. Белгилүү бир көз ирмемдерде гана жашайт, тез жок болот. Эгерде андай болбосо, кызыл аттестат алгандагы эмоциялык абал – бакыт, бүгүнкү күнгө чейин сакталбайт беле. Азыр түңкү саат 3:45ке карабай көчөдө «Ааа...» деп кыйкырып турбайт белем. Кыйкырбаганымдын себеби ал көз ирмем эчак эле өтүп кеткен. Ашып кетсе бир жарым күн турса керек. Эми эмне кылыш керек? Эми эмне бакытка жетпей каламбы? Жок, андай эмес, жетем! Жаңы «түшүм» алуу үчүн жаңы «көчөт» отургузушум керек. Университетке тапшырам, анан ишке орношом ж.б.у.с. Канчалык көп бактылуу учурду кааласам ошончолук көп «жемиштин» түрүн себишим керек. «Картөшкө» бир бактылуу сезим, «пияз» дагы бир бактылуу сезим. Эми ушуну менин жашоомдо карап көрөлү. Университетке тапшырдым, кыз таптым, дос күттүм, булар түшүмдүн үч түрү. 2013-жылы университетти бүтүрүп, колго кызыл диплом алганда 1-«түшүм» же бактылуу учур, кызым менен баш кошкондо 2-«түшүм», досумдун тоюнда күйөө жолдош болуп барганымда 3-«түшүмдүн» үзүрүн көрөм. Жогоруда айтылган нерселерден улам бакыт деген кандайдыр бир иш аракеттин соңуна чыккандан кийинки эмоциялык абал деп тыянак чыгарсак болот. Бир эле иш аракеттен бир канча бактылуу учурду алсак болот. Мисалы, мен университетке тапшырганда өзүмдү ушунчалык бактылуу сезгем. Жарым жылдыкта зачеткаларымды автоматтык түрдө алып, экзамендерде «5» деген бааларды алганым чоң кубаныч тартуулаган, ал кубаныч бакыттын берекеси эле. Үчүнчү жолку бактылуу учур илимий макаламды жарыяланышы, анан ардак грамота алганым болду. Кубанычтын туу чокусу Президентибиз Р.Отунбаеванын колунан Президенттик «Үмүт» стипендиясын алган күнү келди. Бирок, ал нерсе үчүн аябай көп мээнеттениш керек. Бир ишке канчалык көп күч жумшасаң жыйынтыгында бакыттын даражасы да жогору болот. Дыйкан деле канчалык көп мээнеттенсе ошончолук көп түшүм алат эмеспи. Адамдын көбү бакытка жетүүнү каалашат. Үстөл үстүндө айтылган тосттордо бакыт каалоо биринчи орунда турат. Менин кулагымды тырмалаган тост бар: «баарыбыз бактылуу бололучу. Бакыт башка келгенде колобок болбой, жалпак нан болуп келсинчи. Тоголок болуп келсе, «мен сенден да кетем» деп тоголонуп кетет экен. Жалпак болсо кантип кетмек эле. Кел бакыт үчүн!» Шагыраган стакан үндөрү... Айтылган сөздөр канчалык мага жакса да, бакыт туура эмес элестетилген. Бакыт тегерек да тоголок да болбойт. Аны эмне деп элестетсек?.. А таптым, балмуздак деп элестетели. Ал башка түшөт, анан качпайт, бирок эрип кетет. Анан экинчи порцияны алууга туура келет. Ал да албетте эрип кетет. Анан үчүнчүсү... Мисалы, балалуу болгондо бакыттын даражасы аябай жогору болот эмеспи. Анан эмоциялык даража акырындап түшөт, бир жумадан кийин такыр калбай калат. Эгерде андай болбосо, анда күнүгө эле «сүйүнчү, сүйүнчү!» деп кыйкырбайт белек. Жо-ок, андай болбойт. Балмуздакка салыштырганым туура болду окшойт, эми урматтуу окурман, тост айтканда бакытты балмуздакка салыштырып, балмуздактын порциясы чоң болуусун каалаңыз. Бакыт эмне экенин болжолдоп көрдүк. Эми бакытка кантип жетсе болот? Деги бакытка жетеби же бакыт өзү келеби? Жок, бакыт келбейт! Бакытка жетиш керек. Кантип? Адамдын башында, оюнда кыял турат. Ар бир адам кыялданат, кыялына жеткенге аракет кылат. Эгерде сиз кыялыңызга жетсеңиз бактылуу мөөнөттөрдү жашайсыз. Кыялыңызда үйлөнүү турду беле, үйлөнсөңүз бактылуу болосуз. Эми кыялга кайрылалы. Ар бир адам кыялданат. Кыял – адамдын келечек тууралуу түптөлгөн оюу, каалоосу. Адамдын мээсинде көптөгөн «-» жана «+» деген энергиялар агып жүрөт. Алар ойдун каналында агат. Адамдын оюу чексиз болот, ойлонбой туруу мүмкүн эмес. Ой чексиз... Жанагы «-» жана «+» деген ойлордун ичинен бирөөнү кармайсыз. Эгерде «+» кармасаңыз, ал жакшы ой, эгерде «-» ойду кармасаңыз ал жаман ой. Бүгүнкү күнү окуучулардын көбү «-» ойду түптөп калса керек. Мушташтан алган бакытты эч нерсе менен алмаштырбай жаткансыйт. Себеби алар «-» ойду, мушташты алып, урушта жеңгенин кыял кылып койгон. Бүгүнкү күнү мекендештерибиздин көбү «-» энергияны тозуп алышып, аны кыял кылып жатышат. Мисалы; пикетке чыгып Президентти кууп салуу бирөөнүн буюмун тартып алуу, бекер нерсеге жетүү, ошол эле марадерства ж.б.у.с. Кыргызстандын көйгөйү мына ушунда катылган. Бүгүнкү күнү мээнет менен бакытка жетишейин деген адам жок болуп жатпайбы. Кыргызстанга, өзүңүзгө, тегерегиңиздеги адамдарга пайда алып келгиңиз келсе «+» энергиялардан ой түптөгөндү, кыял кураганды үйрөнүңүз. Билесизби, учак, вертолет, уюлдук телефон бир учурларда бирөөнүн кыялы болгон. Азыр ал реалдуу нерсе. Түптөлгөн кыялга жетүү оңой. Эгерде кыялга жетсеңиз бакытка чөмүлөсүз. Ар бир адам бактылуу болгусу келет, ал үчүн кыялына жетиши керек. Кыялга жетүү үчүн аны тунук көрүүбүз абзел. Ар бир баланын башында кыялы болот. Кичинекей кезиңизде сиз деле кыялдансаңыз керек. Бирөөбүз мугалим болобуз десек, кай бирибиз космонавт болобуз дейбиз. Бирөөбүз депутат, кай бирибиз президент болууну кыял кылып келебиз. Төмөндө мен кыял шкаласын келтирдим.
Шкалада көрүнүп тургандай адамдардын көбү бала кезинде көп кыялданат, кубаттуу кыялданат. 23-25 жашка келип диплом алгандан кийин бул кубаттуулук аябай төмөндөп, көптөгөн адамдар кыялдарына так ушул нерсе үчүн баш ийип калат. Кыялдануунун төмөндөшүнө жаңы гана диплом алып, чоң турмушка канат каккан жаш баланын кыйынчылыктарга туруштук бере албай сынышы себеп болот. Жаш тайында президент болууну каалаган ветеринардык факультетке тапшырат да диплом алган соң, эми эч качан президент боло албайм деп тагдырга баш ийип жата берет. Албетте бул иш туура эмес. Кыялга умтулуш керек. Кыялыбыз шариктей жарылып кала берсе, анда бактылуу болбой калабыз да. Урматтуу окурман, келиңиз кайрадан кыялданып көрөлү. Мен болсо сиздерге кыялга жетүү жолун көрсөтөм. Эгер мүмкүн болсо кыялыңызды жазыңыз. |
|
© Маматов Нургазы |