Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Максат

Байкасаңыз керек, алгач бакытты, андан кийин кыялды карап чыктык. Эми кезек максатта. Эгерде кыялыңызды «САЖРУ» аркылуу өткөрсөңүз ал максат болуп калат.

С - Спецификасы жана өзгөчөлүктөрү.

А - Акчалай өлчөмү.

Ж - Жетүү мүмкүнчүлүгү.

Р - Реалдуулугу.

У - Убакыт ченеми.

Сиз кыялыңызды жаздыңыз беле? Эгер жазган болсоңуз эми аны «САЖРУ» аркылуу өткөрүңүз. Мен мисал катары машинени алайын.

Кыял - машинени сатып алуу.

Спецификасы жана өзгөчөлүгү...

Машинам Audi C4 маркасында болсун. Жылы - 2008, түсү - кызыл, салон - кайыш, магнитофону - sony 617, полик - кийизден, айнектери караланган, мотордун күчү - 2,8, дискалары титан, коробка - механика ж.б.у.с. Бул бөлүмдө сиздин кыялыңыз толук бойдон сүрөттөлүшү керек. Эгерде үй курууну эңсеп жүргөн болсоңуз, анда ар бир сантиметрге чейин сүрөттөгөнгө аракет кылыңыз. Дүкөн ачууну көксөп жүрсөңүз кандай дүкөн, эмне саткан дүкөн, чоңдугу, канча киши иштейт, баарын сүрөттөшүңүз керек.

Акчалай өлчөмү...

Кыялыңызды толук сүрөттөгөн соң акчалай өлчөмүн эсептеп чыгуу керек. Мисалы, Audi C4ни алуу үчүн мага 5800 доллар керектелет. Сатып алып ичин кайыш менен капташ үчүн дагы 500 доллар кетет, титан дисктерине – 120 доллар, магнитофон- 80 доллар. Барын кошкондо 6500 доллар керек. Мына ушул сыяктуу, мындан да тагыраак кылып акчалай өлчөмүн жазып чыгыңыз.

Жетүү мүмкүнчүлүгү...

Кийинки көңүл бура турган нерсе бул кыялга жетүү мүмкүнчүлүгү. Менин мисалымда Аudi C4 маркасындагы машина эмес беле, ага жетүү реалдуу. Машине базарга барсак кызыл түстөгү машине толуп турат. 6500 доллар табуу да мүмкүн. А эгерде алтындан жасалган С4 болсочу? Анда ага жетүү мүмкүн эмес, себеби машиненин куну аябай жогору болуп кетиши мүмкүн. Кызык, алтын машиненин баасы канча турат болду экен?

Реалдуулук...

Акчаңыз болсо алтын машинени сатып алуу мүмкүн. Бирок убакыт машинесин канча миллиард доллар болбосун, аны сатып алуу мүмкүн эмес. Себеби убакыт машинеси жок. Кыялды максатка айландырып жатканда реалдуу нерсени кыялдоого чакырат элем. Антпесе кыялга жетүү такыр мүмкүн эмес. Анткени реалдуу эмес нерсеге жетүү мүмкүн эмес.

Убакыт ченеми...

Кыялдын спецификасы менен өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп, жетүү мүмкүнчүлүгүнө, реалдуулугуна көз чаптырып, акчалай өлчөмүн белгилегенден кийин убакытты белгилейбиз. Менин мисалыма кайрылып, сиздерге убакыт белгилөөнү көрсөтүп кетейин. Кыялымдагы С4тү алуу үчүн 6500 керектелет. Эгерде менин желеме 50 киши кирсе, анда бул сумманы ошол күнү табам. 50 кишини киргизүү үчүн мага 2 ай убакыт керектелет. Бүгүн 21- март, 2011-жыл, саат 00:45, демек 21-майда саат 00:45 чамасында менин С4түм болушу керек.

Кыскасы, убакытты мына ушинтип белгилейсиз. Убакытты көрсөтүп жатканда белгилүү бир периодду (мисалы, эки ай ичинде, бир жумада) айтпастан, конкреттүү датаны белгилеш керек. Эгерде айткан мөөнөтүңүздө максатыңызга жетпей калсаңыз өзүңүздү жазалаңыз.

 

Адамга эмне үчүн максат керек?

  1. Эгерде максат таамай белгиленген болсо, ага жетүү жолу ачык болуп, максатка жетүү оңой болот. Максатка жеткениңиз кыялыңыздын орундалышы. Кыялыңыздын орундалышы бакытты багындырганыңыз.
  2. Кимде максат болсо, ал умтулат. Мисалы, ар бир спорт чебери алдыга максат коюп, максатына карай умтулат.
  3. Эмнени кааласак ошого жетебиз. Бекеринен бабаларыбыз «көптү тилесең, көптү берет» дебесе керек.
  4. Желе маркетинги максатка жетүүгө жардам берет. Болгону сиз ага максатты заказ кылыңыз.
  5. Эгерде максат койсоңуз жашоонун кыйынчылыгына туруштук бересиз, себеби сиздин көздөгөн максатыңыз бар.
  6. Максаты болгондор энергиясынын баарын максатына жумшайт жана сөзсүз жетет.
  7. Мотивация алууга чоң жардам болот.

Желе маркетингинде жасай турган эң биринчи кадам...

Компания тандап алган соң бала кезиңиздеги тунук кыялыңызды көз алдына алып, аны кагаз бетине жазыңыз. «САЖРУ» аркылуу филтрлеп максат кылып алыңыз. Эгерде бул иш аракеттерди туура аткарсаңыз компаниядан канча акча табуу керек экени, убактысы чыгып калат. Ошого карата канча энергияңызды, убакытыңызды, күчүңүздү жумшаңыз керек экени белгилүү болуп калат.

Желе маркетингиндеги экинчи кадам – план...

Ар бир ишти баштоодон мурун план коюу керек экенин билебиз. Согуш мезгилинде плансыз бир да кадам жасалбайт. Себеби бир туура эмес иш аракеттин аркасында жеңиштен кол жууп калуу мүмкүн. Билесизби, желе маркетингинин жардамы менен чексиз байлыкка жетсе болот, болгону туура коюлган максат менен, туура түзүлгөн план керек.

 

Планды 2 түрдө түзсө болот:

Анын 1-түрү:

 

Сүрөттө көрсөтүлүп тургандай пландын 1-түрү боюнча А дан В га карата план түзүлөт. Б.а. бүгүнкү күндүн планы, анан эртеңки күндүн планы деп олтуруп түзүлөт. Эгерде ийгиликке жетем десеңиз эч качан план түзүүнүн 1-түрүн колдонбоңуз. Салттуу иш менен алектенгендердин көбү планды так ушундай түрдө түзүшөт. Мисалы, айлыгы 1000 долларлык (мейли 200 доллар болсун, айырмасы жок) киши болсун дейли. Максаты машина сатып алуу. Ал адам бүгүнкү күндөн баштап план коёт. 1 айда 1000 доллардан алса 6 айда 6000 доллар болот экен. Демек, 6 айда машине алат.

Түзүлгөн пландын мындай түрү такыр туура эмес.

2-түрү:

       

Эми пландын 2-түрүнө назар салалы: бул план ийгиликке алып келет. Ийгиликке жеткизе турган план боюнча тескерисинче биринчи максатты белгилеп, анан максаттан бери план түзүп баштайсың. Мисалы, дагы эле С4 алыш керек деп коёлу; 6500 доллар турат. 6500 доллар табуу үчүн 2 ай керек. 2 айда 50 киши киргизишим керек. Демек ар бир ай үчүн 25 адам тиет экен... деп олтуруп идеалдуу план түзүлөт. Дал ушул планды салттуу ишчилер кантип колдонушу керек экенин карап көрөлү. 6000 долларлык машинени 6 эмес, 4 айда сатып алуу керек. Кызык, айына 1000 эле доллар алса, 4 айда кантип 6000 доллар табат? Ммм... жакшы суроо. Так ушул суроонун үстүндө иштеп жатып, акыры жообун табат. Эгерде балык дарыянын агымын бойлой кете берсе кете берет да, а эгерде агымга каршы сүзүүнү кааласа сүзөт. Ооба, кээде ийгиликсиз болот, бирок анда максат бар. Максатка умтулат! Мына менин жашоомду карап көрүңүздөрчү, бул китепти канчага сатып алдыңыз? Эми эң акыркы бетинде канча нуска чыкканын карап көрүңүз, ар бир нуска сиз сатып алган баага барабар болсо, мага канча акча түшүптүр? Көп акча бекен? А эгерде мен студенттик жашоонун агымы менен агып кете берсем, бул ийгиликке жетпейт элем. Мен В чекитти белгилеп, анан ошого карата аракет жасай баштадым. Азыр, сиз бул китепти окуп жатканда мен план түзүүнүн 2-түрүнүн үзүрүн көрүп жатам. Эми сиз план түзүүнүн 2-жолун үйрөндүңүз.

План мөөнөтүнө карай 3кө бөлүнөт:

v  узак мөөнөттүү - 5 жылга чейин;

v  орто мөөнөттүү - 3 жылга чейин;

v  кыска мөөнөттүү - 1 жылга чейин.

Эмне үчүн максатты белгилеп, ага карата план түзүү керек экенин кичинекей мисал менен түшүндүрүп кетким келет.

Айталы менин максатым машина менен үй сатып алуу. Максатымды ишке ашыруу үчүн 40000 доллар керек. Мен болсо «САЖРУ» аркылуу өткөргөндө 2011-жылы 29-сентябрда үй жана машина алып калышым керек деп белгиледим. Бул нерсени 2010-жылдын, 29-декабрында эң алгачкы жолу ойлоно баштагам дейли. Сегиз айдын ичинде көп акча табуу үчүн ишмердүүлүгүн желе маркетингин колдонуп жүргүзгөн компаниялардын бирине катталдым. Дагы кайсы жол менен акча тапса болот деп олтуруп, китеп жазып, аны сатууну да пландадым. Маселен, китеп сатуудан эле чөнтөгүмө 30000 доллар түшөт, калган акчаны желе маркетинги алып келет... кыскасы машине үйдү алуу үчүн конкреттүү чети коюп, ошого карата план түзө баштадым. Алгачкы күндөрү башымды тырмалап, кантем деп кабатыр болуп жүрдүм. Бирок акыры чым эткен ой менен, акча табуу жолун ойлоп таптым.

А эгерде план түзүүнүн биринчи түрү менен план түзсөм эмне болот эле? Азыр мен такыр акча жөнүндө ойлобой, окушум керек эле. Акчаны жумушта иштей баштаганда ойлойт элем, туурабы? Эгерде мен пландын биринчи жолу менен үй жана машине жөнүндө ойлосом, качан жетет элем? Студенттердин арасынан машине, үй алгандары аз болсо керек. Андыктан эң биринчи максатты коюңуз, анан ага карата план түзүңүз. Бул план түзүп максатка жетүүгө караганда алда канча эффективдүүрөөк.

«Алиса сыйкыр дүйнөсүндө» жомогу сизге тааныш болсо керек. Чыгармада Алисанын адашып, эмне кылаарын билбей, мышыкка кайрылган жери бар:

- «Мышык, мага кайсы жол менен баруу керек экенин айтып койчу» - деп сурайт Алиса.

- «А сенин кайсы жакка барышың керек? – деп мышык суроонун үстүнө суроо узатат».

- «Мага баары бир...» – дейт Алиса.

- «Анда кайсыл жол менен барышың экени деле баары бир».

- «...бир жерге туш болсом болгону болду» - деп Алиса толуктап түшүндүрдү.

- «Бир жерге сөзсүз туш болосуң» - деди мышык жылмая, - «болгондо жолдо көп жүрүп каласың.»

Кичинекей эпизод көптөгөн максатсыз адамдардын жашоосуна окшош келет. Фактыга таянсак:

  • адамдардын 95% максат эмне экенин билбестен, жашоо агымы менен агып кете берет.
  • адамдардын 95% жаман көргөн ийгиликсиз ишинде иштей берет.
  • болгону 5% адамдар гана максатын тунук көрүп көздөгөн максаттарыңа умтулушат.

Желечинин кыялы күчтүү болушу керек. Себеби желечинин кыялы анын бронжилети болуп саналат. Андыктан кагаз менен калемсап алып олтуруңуз. Биргелешип максат коёлу!..

  1. Барак менен калемсап алыңыз.
  2. Эч ким тоскоол боло албаган бөлмөгө кирип, эшигин  бекитип, креслого отуруңуз. Өзүңүздү бош кармап, төмөндөгү пункттарга карата ой жүгүртүңүз:

ü  Эмне болуусун каалайм?

ü  Кайсы жерди көргүм келет?

ü  Ким болгум келет?

ü  Эмне иш жасагым келет?

ü  Кайда барып келгим келет?

  1. Оюңузга келген кыялдын ар бирин жазыңыз. Эң негизгиси бирөөнү да калтырбаңыз, житээриңизге көз жетпесе да баарын баракка чагылдырыңыз.
  2. Баарынын ичинен 3 же 4 кыялды тандап алыңыз.
  3. Мөөнөтүнө карата ажыратыңыз.

Көптөгөн желечилер биринчи жана экинчи кадамды жөн гана галочка үчүн кылышат. Мындай кылуу туура эмес. Максатыңызды Нургазы үчүн, галочка үчүн эмес, келечектеги ийгилигиңиздер үчүн белгилеңиздер.

Максаттын скелети кагазга түшкөндөн кийин аны көрүнүктүү жерге чаптап коюуңуздар. Күндө эртең менен баракка көз ирмеп, анан ишти баштаңыздар. Эгерде бирөөдөн кыялыңыз тууралуу начар сөз уксаңыз, же кимдир бирөө сиздин кыялыңызды угуп күлсө, анда көздү жумуп, максатыңызды кайрадан элестетиңиз. Кыял жегичтерге кыялыңызды жедирбеңиз.

Кыялды таамай коюп, аны максат кылып, жетип бактылуулук үзүмүн үзгөндөрдүн окуяларынан...

Джим Рон, бизнес боюнча дүйнөгө таанымал философ. Сиздерге анын жетимишинчи туулган күнү кандай өткөнүн баяндап кетким келет. Майрам эл аралык резонансты жаратты. Туулган күнү менен куттукташкандар 15 түркүн шаардан 21 торт белек кылышкан.

Юбилейлик майрам Мексиканын борбору Мехикодо башталып, майрамга 2000 киши жана Мексиканын атактуу «Мариачи» ыр тобу катышкан.

Анан Рон Гвадалахаруга барып, ал жактан кийин Индияга барат. Индияда майрам ээси Бангладордун, Делфинин, Бомбейдин тургундары менен майрамды белгилешет. Кийинки сапар Американын Портленд шаарына (Орегон штатында) болот. АКШдан чыгып, Италия шаары Неаполь, Церито, Рим тургундары менен майрамдап, алардын калоо тилектерин угат. Ал эми Италиялык Тоскания шаарындагы майрамды юбилей ээси мындай деп эскерет:

«Мен Тосканияда кычыраган виллада болдум, майрамдык кече таңкы 5:30 га чейин болду. Өтө керемет болду, италиялыктар кантип майрамдоо керек экенин билишет экен! Алардын майрамы ырдан башталат экен, анан айрымдары гитара менен акардион алып келишип, ыр дагы уланат экен десең. Кайсы гана ыр болбосун, баарын ырдашат»...

Италиядан кийин майрамдык маанай Норвегиянын борбору Ослодо жана Германиянын Бонн шаарында уланат.

«Мен ал жакта 3 күн болдум... кереметтүү майрам. Биздин саныбыз 3000 кишиге чукул болду. Элдер Европанын булуң бурчунан келишиптир».

Цюрих, Швейцария, Кипр менен Тель-Авив (Израиль) майрамдык турнени аяктады.

«Баардык мамлекеттер менен майрамдар өзгөчө кереметтүү болду», - деп Рон жыйынтыктады – «Жаңылбасам мага жыйырма бир торт белек кылышты. Бул санга ар бир торттун үстүндөгү шамчаларды көбөйткүлө (эскерте кетсем, Рон 70 жашка чыгып жаткан, демек торттордун үстүндө 70 шам бар, 70*21...). Мага аларды үйлөш үчүн дем жетпей жатты. Менимче бул эң узак туулган күн болду окшойт. Мен бул учурду эч качан унутпайм!»

Жим Рон Жон Бернеге окшоп өзүнүн жүз жашка толгондо сүйлөй турган юбилейдик сөзүн даярдап койгон. Анын айтуусу боюнча жүз жылдык юбилейи жетимиштен да жогорку деңгээлде өткөрүлөт.

Не демекчибиз, кыялыңыз орундалсын Рон мырза.

 

*      *      *

Арнолд Швайцнегерди тааныбаган адам болбосо керек. Кайсы гана сферага кирбесин, мейли ал спорт, мейли кино жааты, мейли саясат болсун ийгилик багындырып келет. Темир Арни бүгүн таанымал, а буга чейинчи? Өткөндө Супер-Инфо гезитин окуп жатып, бул адамга тиешелүү маалымат окуп калдым. Арни полицейскийдин үй бүлөөсүндө төрөлгөн, Швецияда. Атасынын чөнтөгүнүн жукалыгынан үйдө тамак сейрек болчу экен. Ачкачылыктан кутулуу үчүн аскер куракка жетип жетпей өз ыктыяры менен аскерге кетет. Дагы бир жолу кайталап кетейин, ачкачылыктан кутулуш үчүн...

Бирок ошондо эле Арнини алкымдан алган кыялы болгон. Аны дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар тааныш керек эле. Азыр аны цивилизациядан артта калбаган ар бир адам тааныса керек.

 

*      *      *

Мындай мисалдар аябай көп, Сталин менен Лениндин деле баскан жолун окуп көрсөңүздөр. Хайдорковский же Елцин, Акаев же Айтматовдун деле өмүр баянын окуп чыксаңар. Силер Кличколордун улуусу биздин Чүй облусунун, Москва районунун Беловодск шаарында туулганын билет белеңиз?

Бул адамдар кыялына умтулуусунун гана аркасында улуу инсандар болуп калышкан. Бүгүн 2011-жылдын 1-апрели... бүгүн калп айтуу күнү турбайбы? Ка-ап десе, мен эч кимди тамашалабай калыптырмын. Эч нерсе эмес, али жетишем. Эмне жөнүндө айтып жатат элем? Ааа... Бүгүн 2011-жылдын 1-апрели... мени ата-энем, туугандарымдан башка эч ким билбейт, эми сиз мени таанып калдыңыз. Тааныбасаңыз таанышып алалы, бул китептин автору менJ!

Буюрса беш айдан кийин мени көпчүлүк таанып калат. 1-сентябрда мен таанымал боло түшөм, себеби мен кыялымды таамай көрүп турам. Менин кыялым, Кыргызстанда белгилүү желечилерден болуу. Кыргызстанда атагым Атабековдон кем болбошу керек, так ошондо болот!

Сиз да кыял түзүп, умтулуңуз! Жетишесиз, мен ошого тилектешмин!

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz