Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Сиздин имиджиңиз бизнесиңиздин жүзү

Желе маркетингинин фундаменти сүйлөшүүгө негизделген деп мурунку темаларда айтып кеттим. Биздин бизнесибизде ийгиликтин 50% имиджге байланышкан. Имидж бул өзүңүз жөнүндө башка бир адамга айтып берүү. Үйү жок селсаяктын имиджин, бизнесмендин имиджин жана спортсмендин имиджин салыштырып көрүңүз. Эгерде селсаяк көчөдө келе жатса, аны селсаяк келе жатат деп билесизби же бизнесмен келе жатат деп айтасызбы? Сизди алыстан көргөн адам атыңыздан тааныбашы керек, мисалы, Асан дебестен, бизнесмен келе атат деп айтуусу абзел. Ошондуктан имиджиңизди өзгөртүңүз.

Имиджди өзгөртүү үчүн дагы бир себеп бар. Адамдын репутациясы, достору, стабилдүү жашоосу, чөнтөгү, коомдогу орду имиджине байланышкан. Эгерде көчөдө бирөө бүкчүйүп келе аткан болсо, демек аны хулиган деп ойлойбуз. Балким ал кийимдин ичинде «ботаник» келе жаткан чыгар, бирок, биз аны баарыбир хулиган деп ойлойбуз. Мындан кичинекей тыянак чыгарсак болот: эгерде коомдогу ордуңдун бийик болуусун кааласаң, анда имиджге сөзсүз көңүл бөлүү керек.

Менин сүйүктүү окурмандарымдын арасынан бирөөсү ишенбей, күлүп жаткан чыгар. Сиз костюм менен шым кийип көрдүңүз беле? Кийип көрүңүз! Эгерде мурун жынсы шым кийип жүргөн болсоңуз, көк чөпкө отура берет болушуңуз керек. Үйдө жерге коркпой отура бересиз. А эгерде костюм менен шым кийсеңиз, тыкан болуп, эми жерге эмес, сөзсүз отургучка отурасыз. Шым бырышып калбасын деп кабатырланасыз. Сизге сунушум, классикалык кийим кийиңиз. Жашооңуз да классикалуу Англия миллионеринин жашоосуна алмашат. Азыр сиздерге дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, көптөгөн бестселлерлердин автору, акылдуу адам Наполеон Хилдин өз оозунан алынып, жазылган окуясын айтып бергим келип турат.

«Карьерамдын башында эскилиги жеткен үч костюм турчу. Адам жөнүндөгү алгачкы ойлор кийимдерине карата түптөлөрүн билгендигимен түз эле партноюма жөнөдүм. Чөнтөгүмдө 1 доллар болгонуна карабай, болочок эң кымбат костюмдарым үчүн материал алдым. Мынчалык кымбат костюм жашоомдо болгон эмес эле. Матаны алып, тигүүчүгө берип, тез арада бүтүрүп берүүсүн өтүндүм. Бул үч костюм 375 долларга бааланды. Бактыма жараша партной мага ишенгендиктен, кереметтүү костюмдун акчасын качан кайтарарымды да сураган жок. Убагы келгенде костюмду кайтарып береримди ишенгем. Партнойдон чыгып, дүкөнгө барып, арзаныраак дагы үч костюм, бир нече көйнөк, галстук менен туфли сатып алдым. Катуу ылдамдык менен өнүгүп келе жаткан ишкерге окшоп, ал киши менен карыз кайтаруу келишимин түздүк. Менин заказымды эртеси эртең менен үйгө алып келип берише турган болушту. Жаңылыктарды кийбей туруп эле, мени ишенич менен ийгилик кучактап алды.

Күнүгө эртең менен туруп, белгилүү бир убакытта эле көчөдөн баса бердим. «Капысынан» дал эле ошол убакта, дал мен өтүп жүргөн көчөдөн бир бай өтөт эле. Мен ал менен сөзсүз учурашат элем, атүгүл жанына токтоп, бир эки мүнөт баарлашат элем. Бул нерсе болжолу бир жумача уланса керек. Күндөрдүн биринде жанагы байды көрүп, сүйлөшпөй койсом эмне болот экен деп, маекке кирбедим. Көз кыры менен ага көз салсам, жанымдан өтүп бара жатыптыр. Бир оокумда мени токтотуп, салам берип, тротуар жакка сөзгө тартты. Колун ийинимдин үстүнө коюп, башыман бут учума чейин бир сынап алып:

- Гүлдөгөндөй көрүнүп турасыз. Сизге кийимди ким тигип берет? – деп сурады.

Мен ага шаардагы белгилүү партнойду айтарым менен кайсы бизнесте иштеримди сурады. Менин ишиме болгон кызыгууну бир күндүк костюмум тартты. (А мен ошол үчүн костюм тиктиргем да!)

Эң мыкты гавай тамекисинин күкүмүн силкип жатып, мындай дедим:

- Мен учурда келечекте басыла турган журналымдын биринчи санын даярдап жатам. Ал журнал «Хилдин алтын эрежелери» деп аталат.

- Мен да журнал басып чыгаруу менен иштей турганымды эстен чыгарбаңыз,  - деди мага жаңы досум, - балким сизге жардам бере алат чыгармын.

Мен дал ошол сөздү күткөм. Жаңы кийимдерди сатып алуумдун себеби да дал ушул сөз үчүн болчу. Так ушул кишиге жагынууну көздөп жүргөм.

Сиздерге бир нерсени эскерте кетейин, эгерде басмакана ээси менин күнүмдүк кейпимди, эски кийимимди, көздөрүмдөгү кайгыны көрсө, ал мени эч качан сөзгө тартпайт эле.

Жаңы досум менчик клубуна чакырып, кофе берип, сигара сунуп, менин журналымды жайылтуу үчүн аны менен контракт түзүүмдү «өтүндү». Мен болсо ага айрым жеңилдиктерди «бердим», мисалга ал менин номерлериме пайызы жок капиталын салат. Мындай жеңилдиктен башым айланып, албетте бактылуу болдум!!! Менин сырткы келбетим мага керектүү адамдарга гана таасирин тийгизбестен, өзүмө да чоң таасир тийгизди. Мага жоготуп алган чоң байлыгымды кайтарып алууга керек болгон ишенимди берди».

Сиздин жаңы бизнесиңиз ишенимдин негизинде тургузулган бизнес. Сиздин сырткы келбетиңиз ишенимди, стабилдүүлүктү гарантиялап туруусу абзел. Имиджиңизди көргөндө мейли ал кардар болсун, мейли ал дистрибютор болсун, сиздин ийгиликтүү экениңизди көрүшү керек. Сиздин энергияңызды, күчүңүздү сезиши керек. Сизди көргөн адам, сиздей болуп калууну эңсеши керек. Көргөндүн көзү кызыгып, шилекейи агып, сиздин жумушуңузда иштөөнү каалоосу керек. Имидж, имидж, дагы бир жолу имидж! Муну такыр эстен чыгарбаңыз.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz