Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Жыйынтык сөз

Мына ушуну менен бир жылдык мээнетимдин аркасында «Кыргызстандын шартында бай болуунун оңой жолу» деген китебимди соңуна чыгарып, сиздерге сунуш кылдым. Бул жерден алган билим, маалымат менен жашоо деңгээлиңизди биртоп жогорулата аласыз деген ойдомун. Билесизби, жакында эле Кувейтке жолдомо алган элем, тилекке каршы паспортумду уурдатып жиберип, бара албай калдым эле. Бирок, менин көзүм, менин кулагым болгон досторум барып келишип, Кувейт мамлекетинин тургундары жөнүндө айтып беришти. Алардын айтуусу боюнча ар бир Кувейттикмин дегендин жок дегенде бирден машинелери, бирден үйлөрү бар экен. Үйлөрү кеминде эки кабаттан туруп, ичинде да лифттер орнотулган. Көчөдө кыргыз досторум фото аппарат менен сүрөткө түшүп жатса, калпак кийген кыргызды көргөн Кувейттиктер суктанышып, жандарына келишип, сүрөткө кошо түшүүнү суранышыптыр. Биздикилер макул деп-дебей тигилер чөнтөктөрүнөн i-ped чыгарышып, ошол акыркы үлгүдөгү телефондоруна тартып жатышыптыр. Кыскасы, Кувейттиктердин калкындай, биздин кыргыз калкы да жакшы жашап, ар бирибизде цивилизациянын жетишкендиктери болуусун каалап кетмекчимин.

Урматтуу окурман, кандайдыр бир суроолор боло турган болсо кат жазуу же уюлдук телефон менен кайрылыңыз. Ар бир сурооңузга жооп бергенге даярмын. Эгерде сиздин жашооңуз оңолуп, сиз жакшы жашасаңыз, менин жетишкендигим ошол.

Сиздерге барчылык заманды чын дилинен каалаган, кыргыздын уулу Нургазы.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz