Авторго кат жазуу:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Киришүү

Бул китепти жазып жатканда жанымда жандап жүргөн досторумдун бири эмнеге бул китепти жазып жатканымды сурады. Анын оюу боюнча акча, бизнес тууралу китепти окуу кызык эмес. Бирок, бүгүн ар бир саясатчы дал ушул акча, экономика, социалдык абал тууралу сүйлөп, өз упайларын алып жатпайбы? Себеби бүгүн Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы аябай оор акыбалда, жана көптөгөн биздин жарандарыбыздын, анын ичинде менин көптөгөн тааныштарым жашоо акыбалын көтөрүү менен алектенүүдө.

Так ушул максатты көздөп, көптөгөн мекендештерибиз Россия менен Казакстанга акча табуу үчүн кетип жатканын баарыбыз билебиз. Россиядагы же Казакстандагы тууганың кандай жүрөт деген суроолорго жооп кайтаруу же алар жөнүндө маекке түшүү баарыбыз үчүн көнүмүш адат. Бирок алардын жашоосу кандай болду экен? Чын эле алар көксөгөн максатына жетип, өзүнө тиешелүү байлыктын үлүшүн алып жатабы? Же жалгандан, Россияда иштеп жүрөм деген психикалык калп сезим менен курсак тойгузуп жүрүшөбү?

Бул суроолорго өзүңүздөр деле жооп бере алсаңыз керек. Кыргыздарда жакшы бир макал бар эмеспи, «Жат жерде хан болгуча, өз жериңдин кулу бол». Бул макалдын канчалык деңгээлде туура айтылганын талдагым деле келбейт, эч болбоду акча табам деп кеткендердин ойлору ойрон болуп, кабыргалары кайышып калбаса эле болгону. Бирок, күнүгө гезит беттеринен, жаңылыктардан чет жердеги бир кыргыздын алданып, тонолуп же өлтүрүлүп жатканы ичти тызылдатат, көзгө жаш алдырат. Анысы аз келгенсип, керезин аткаруу үчүн сөөгүн Кыргызстанга алып келе албаган туугандарынын кыйналганын көрүп, жаның жай албай, жүрөгүң сыздайт.

Бул нерсенин баары жарандарыбыздын «жашоо шартымды түзөйм» деген оюн туура эмес ыкма менен кылып жатканы себеп болууда. Мен туура жолду тапкандан кийин, кантип элим менен бөлүшпөй коём. Так ушул ой менен жазылган китеп, кантип окурмандарга кызыксыз болсун? Менин оюмча досум жаңылып жатат...

Колуңуздардагы китепте Кыргызстандын шартында кантип көп акча тапса боло тургандыгы тууралу жазылган. Жүздөгөн акча темасына арналып жазылган китептерди, макалаларды окуп чыгуу менен, акча табуу стратегиясын түзүп, кийинки беттерде сиздин назарыңызга тартууладым. Бул стратегиялар аябай жөнөкөй тил менен жазылып, маалыматты өздөштүрүүнү көксөгөндөр үчүн жеңил-желпи берилет. Ошондуктан, сиз бул маалыматты жеңил кабыл алып, китепти окуп бүтөрүңүз менен эле, көп акча табууга киришсеңиз болот.

Билесизби, мен кыргыз айылдарынын биринде жарык дүйнөгө келгем. Ал жерде чоңоюп, эс тартып, талаа тырмап, мал багып чоңойгом. Кайнаган күндүн аптабында кетмен кармап, жер чаап жатканда бардык балдар сыяктуу эле бай болууну каалагам. Бир күнү асманда учуп бара жаткан учакты көрүп, азыр жерге кулап түшсө, анан мен барып элдердин баарын куткарып, эң акырында бир чоң кара кейсти таап алсам деп ойлоп кеттим. Албетте ал кейстин ичинде миллиондогон долларлар болушу керек эле. Кыскасы, кичинекей Нургазынын кыялы башка балдардыкындай эле бай болуу болгон. Бай болуу үчүн жакшы окуганга аракет кылдым, мектепте эле жалаң «5» деген бааларды алчуу жайым бар эле. Кийин жогорку окуу жайларынын биринен бюджеттик орунга туш болуп, аны да жакшы эле бүтүрдүм. Бирок, чөнтөгүмдүн калыңдыгы өзгөргөн жок. Көрсө, эми иштеш керек экен да...

Албетте иштей баштадым, бирок тапкан айлыгым негедир жашаган жеримдин кварталдык төлөмүнө, куксиге жана нанга гана жетип жатты. Минтип отурсам өлөрү өлгүчө бай болбосумду, эптеп эле күн өткөрүп жүрө бере турганымды түшүнүп, мындай акыбалдан чыгуунун айласын издей баштадым. Издөө жолунда көптөгөн фактыларга жолугуп, бул китепти жазууга баш байладым. Азыр болсо аздыр-көптүр акчам болуп, кичинекей Нургазынын кыялына тез ылдамдыкта жакындап барам.

Бул китепти жазуу үчүн көптөгөн байлардын өмүр баяндарын карап чыктым, көбү менен сыр алышып, көптөгөн суроолорго жооп да алгандай болдум. Айрыкча өз күчү менен акча таап, бутуна турган адамдарга басым жасадым. Айрым маектерди бул китептин беттеринен окуй аласыздар.

«Эмне үчүн бул китепти окушум керек?»

Сиздин башыңызда мындай суроо түптөлдүбү? Анда мен да сизге бир нече суроо узатайын:

Сиздин оюңузда бир чымчын эркиндик жөнүндө ойлор болду беле? Кыргызстандын экономикасы качан көтөрүлөт дегендин негизинде ой жүгүрттүңүз беле? Айлыгым көп болсо, жакшы болбойт беле деп ойлогон учурларыңыз болду беле? Бизнес ээси болууну каалап жүрөт белеңиз? Жашооңузду өз колуңузга алып, өзүңүз башкарууну көксөп, чокуларды багындыруу жөнүндө кыялдарыңыз бар беле?

Анда бул китепти окуп жатканда экөөбүз дагы далай сырдашат экенбиз. Менин да оюмда ушундай суроолор бар болчу, азыр анын баарына жооп алып, сиз менен бөлүшкөндү ыраа көрүп турам. Бул китептин барактарында сиз акча тууралуу гана суроолорго жооп таппастан, бакыт, план түзүү, максатка жетүү жолдору ж.б.у.с. суроолорго жооп аласыз. Китеп окуп бүткөндөн кийин, короткон алтындан кымбат убакытыңыздын акысы катары, сизге эмоционалдык жана финансылык эркиндикти тартуу кылам.

Аталган нерселерге жетүү үчүн китептин кызыктуу болгон ар бир бетин калтырбай окуп, сунушталган нерселердин ар бирин иш жүзүндө аткарат деген ниеттемин. Себеби бул китеп сиздин көптөгөн суроолоруңузга жооп берип, өзүңүзгө болгон ишенимиңизди жогорулатат.

Бул китепти окууга сунуш кылып жатканымдын себеби, адам баласынын кудурети менен түзүлгөн бай болуу сырларынын жандырмактарын таба аласыз. Эгерде бул жолго эчактан түшкөн болсоңуз деле, сизге бул китепти кайра-кайра окуп коюуну сунуш кылам, себеби бул китеп сизге кыялдарыңызды, максаттарыңызды эскертип, күч-кубат берип турат.

Убакытыңызды аз коротуу максатында бул китепти башка тааныштарыңызга да сунуштап, темаларын бөлүштүрүп, анан бири-бириңиздерге айтып берүү ыкмасын колдонсоңуздар, китеп окуу сиз үчүн мындан да кызыктуу болот.

Эгерде кайсы бир оюма кошулуп, же мага кайрылууну кааласаңыз коркпостон, уялбастан менин электрондук адресиме кат жазсаңыздар болот: nurgazy@inbox.ru, же телефон аркылуу байланыш түзүп, кайрылсаңыздар болот: 0553 102 553. Ар бир кайрылууга жооп берем деп, кепилдик берип кетем.

Сиздерди урматтоо менен кыргыздын кулуну, Нургазы!

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz