Авторго кат жаз: |
Эркиндиктин куну канча? Улуу Британияда убагында аябагандай чоң таасирге ээ болгон бай ишкер жашаган экен. Анын ээлеген кеңдиги кең, байлыгы чексиз болот. Ээлиги чоңойгондон чоңоюп, көз кыры көрбөс болуп, өз ичине бир нече мамлекеттерди, керек болсо континенттерди да камтып калат. Ал адам кычыраган особнягынын ичинде жатып алып, токтоосуз акча алып келген компанияларын башкарган. Анын компаниясында миллиондогон адамдар иштеген. Бирок бирөөсү да кымындай каяша айта алган эмес, бирөөсү да кыжалат болгон эмес. Себеби, компаниянын ээси аларды башкаруу касиетин эбактан өздөштүрүп алган, эбактан бери аларды манипуляциялап башкарып, иш мезгилинде гана эмес, үйүндөгү жүрүм турумуна чейин колго алган. Ишкер адамдын негедир үй бүлөсү жок болчу. Эмнеге баары болуп, үй бүлөөсү жок болгонун өзү да көп ойлонуп калат эле. Жалгыз болгонуна карабастан үйүндөгү ар бир буюмга кылдаттык менен көз салат. Үйүндөгү буюмдар орду-орду менен, дүйнөлүк даражадагы дизайнерлердин жардамы менен коюлган. Үйүнө кирсең дүйнөлүк бир кеңсеге туш болгондой болосуң. Мыкты капталган диван, плазмалуу телевизор, алтын жалатылган лампалар, стенкалар, идиштер... Дубалдарда болсо көптөгөн бай адамдар сатып алууну көздөшкөн кымбат баалуу сүрөттөр, бугунун мүйүзү, койчу ай тим эле зыңгырайт. Үстөлгө отурган кожоюнуна миңдеген малайлар тамактын түр түрүн, өз кампасынан чыккан шарапты ташып жатышат. Өзүнүн плантациясында өстүрүлгөн жүзүмдү оозуна салып, жанагы бай киши дал бет маңдайында орун алган айнектен ишчилерине көздүн кыры менен баш багып турат. Үй бүлөсү болбогонунанбы, же орто куракка келип калганынанбы, анын көңүлү чөгүп, негедир өзүн жалгыз сезе баштайт. Көңүлүнө эч нерсе жакпай, эмне кылгысы келгенин өзү да билбей калат. Бир күнү жеке психологун чакыртып, ага өзүнүн дартын айтат. Психолог болсо үйүнүн короосуна зоопарк ачууну сунуштайт. Чексиз байлыктын ээси болгон байга ал сөз эмес эле, бир нече жуманын ичинде миңдеген жаныбарлардын үйү болуп калган зоопарк, дал үйүнүн түбүндө пайда болуп калды. Болгондо да чоң зоопарк, канчалаган зоологдордун кызыгуусуна татыган жаныбарлар үйү тургузулду. Зоопарктын пайда болушу ишкердин көңүлүн жайдары кылып, психолог айткандай эле жардамын бере баштады. Зоопарк ээсинин черин жазып, барган сайын өзүнө тартып жатты. Бир нече убакыт өткөндөн кийин бай адам жаныбарларын көрбөй калса кызыктай болуп, көңүлү чөккөнүн байкайт. Ошондон баштап зоопарк анын хоббисине айланат. Жаныбарларына тамактарын өзү берип, ар бириси менен сүйлөшүүнү адатка айландырат. Күндөрдүн биринде адатынча зоопарктын киреберишинде жаныбарларын карап турган байга кары адам келип калат. Ал деле көптөн бери ошол бай адамга иштейт. Сүйлөшүүгө мурун батына албаган, бирок бүгүн негедир ага жакын келип баарлашкысы келди өңдөнөт. -Жаныбарлар дүйнөсү жанды эргитет, - деди карыя ээсине кайрылып. -Ооба, алар менен маектешүү мээмди сергитет. Экөө кызуу маекке кирип, көпкө чейин сүйлөшүп калышат. Дүйнөдөгү баардык жаныбарлардан кабары бар карыя кызыгып угуп жаткан байга жаныбарлардын түрлөрү, алар менен адамдын ортосундагы сырдуу мамилелерди айтып жатты. Карыянын айткан сөзүнүн ичинен зоопарктын ээсинин көңүлү табышмактуу жаныбарга аябай тартылды. Кайра-кайра ал жөнүндө сурап жатты. -Ал жаныбарлар алыскы Тибеттин боорунан алган бийик тоолордо жашашат. Аны кармаган адам болбоптур, көргөндөр болсо өмүр бою бактылуу болушат экен... Карыя айткан табышмактуу жаныбар жөнүндөгү ойлор байды түнү бою коё берген жок. Күндөн эрте турган бай мунарасынын чокусуна чыгып алып, таң шооласы жаңы тийген жашыл талаада жайылып жүргөн жаныбарларына көз салып, зоопаркына так ошол жаныбар жетпей жатканын түшүндү. Дүйнөлүк экспедиторлор башында турган экспедициялык топ курап, алар менен кошо өзү да сырдуу жаныбарды таап келүү үчүн Гималай тоолоруна жөнөп кетет. Цивилизациядан алыс болгон, адам кулагы укпаган, топтошуп жашаган адамдардын айылына жеткен экспедиция бир нече күн эс алуу үчүн ошол айылга токтоп калышат. Жергиликтүү калк алардын эмне үчүн келгенин угуп, алардын амалы бош экенин, сырдуу жаныбарды мыкты деген мергенчилер кармай албай койгонун айтышат. Калктын айтуусуна карабастан экспедиция жолун улантып, сырдуу жаныбарды табуу үчүн жол жүрүп кетет. Заманбап аспаптарга ээ болсо да, сырдуу жаныбарды кармамак түгүл таппай да коюшат. Айласы кеткенден кийин экспедиция кайрадан жергиликтүү калк отурукташкан жерге кайтып келишет. Айткандарын укпай, кетишип, кайра куру кол келишин көргөн жергиликтүү калктын башчысы чыдабай күлүп жиберет. Байдын үстүнөн мурун эч ким күлгөн эмес эле да, өзүн кызыктай сезип, өзүнө өзү «таап келем!» деп сөз берет. Башчыга жакындап: -Мага дагы бир шанс берүүңүздү өтүнөм. Эми мен жалгыз барып, ал жаныбарларды кармап келүүнү чечтим. Бир ай убакыт бериңиз, - деп айтат. Муну уккан эл башчы таза жатып калат. Бирок байдын айтканына көнүп, байга жаныбарлардын болжолдуу жашаган жерин көрсөтүп берүү үчүн бир мергенчисин кошуп жиберет. Баягы мергенчи жолду көрсөтүп, кайра тез эле артка кайтып келет. Арадан бир ай тез эле өтүп, жергиликтүү калктын айылына куру кол кайтып келет. Куру кол кайтканын көргөн башчы, аны менен кошо анын эли да шылдың кылышат. -Достор, күлгөнгө шашпагыла. Мен ал жаныбарлардын баарын кармап алдым. Баары менин коргонумда. Жүргүлө, мен силерге көрсөтүп берем, - деп ээрчитип кетет. Бир нече күн тоону аралап, байдын артынан ээрчий барган адамдар бай айткан коргонду көрүшүп, үн сөзү жок көргөндөрүнө ишене албай туруп калышат. Бир нече миңдеген кооз, келбеттүү жаныбарлар коргондо майпаңдашып чөп жеп жатышат. Мына ошондо, акылдуу ишкер жаныбарларды кантип коргонго түшүргөнүн айтып берет. -Биринчи күнү жайык жерге даамданган жем менен бир нече жаңы орулган чөп таштап койдум. Эртеси келсем чөп да, жем да желбептир. Жем менен чөптү кайрадан жаңыртып, кетип калдым. Эртеси да ошондой эле көрүнүш... Күндөрдүн биринде эки сырдуу жаныбар келип, мен дайындаган тоютту жыттап кетишти. Дагы убакыт өткөн соң беш алтоосу келип, бираз тоюттан кепшеп кетишти. Бир жумадан соң чоң үйүр келип, мен дайындаган жем чөптү жей башташты. Мен дайындаган жем менен чөпкө көнгөнүн баамдагандан кийин, жаныбарлар жем жеген жерди тегеректете чуңкур каза баштадым. Ар бир чуңкурдун диаметрин столба баткыдай кылдым. Үч күн дегенде столба коюла турган чуңкурлар дайын болду. Албетте казуу мезгилинде да тоютту жаңыртып турдум. Чуңкурлар дайын болгондон кийин столбаларды орното баштадым. Күнүнө бир экиден гана, себеби жаныбарлар тез өзгөрүүнү байкап калышса качып кетишет эле. Ошентип, жанагы жаныбарлар тоют жеген жерди столбалар менен тегеректедим. Столбалар дайын болгондон кийин столбаларды бириктирген планка кага баштадым, бир планка, экинчи планка... Ар бир түнү планка кагылып, коргондун дубалы жогору көтөрүлө берди. Жаныбарлар көнүп деле калды. Тегерете каксам да, эки столбанын ортосун эшик үчүн ачык кылып калтырдым. Дубал дайын болгондон кийин жаныбарлар ошол эшиктен кирип турушту. Себеби алар мен даярдаган жемге көнүп калышкан да. Эң акыркы күнү эшигин орнотуп, коргонун жаап койдум. Эркиндигинен ажыраган жаныбарлар түшүнүп, түшүнбөй ооздорун майпаңдаша коргондун ичинде кала беришти. Байдын айтканын угуп жаткан жергиликтүү калк ооздорун ачып, туруп калышты. Майпаңдаган жаныбарлардын алданганын баамдаган башчы мыкты жасалган коргондун жыгачын колу менен сылап, байды карап үн чыгарбай эле туруп берди.
* * *
Урматтуу окурман, бул окуянын артында чоң түшүнүк жатат, биз байкабай жаткан бир сыр жатат. Сиз кайсы гана жумушта иштебеңиз, эң биринчи кезекте сизге жумуш берген адамга пайда алып келесиз. Сиздин потенциалыңыз жогору болсо да, ал адам сизди торго түшүрүү менен сизди колго алат. Акырында сиздин ар бир кадамыңызга чейин манипуляциалап, ар бир иш аракетиңизди башкарып алат. Сизге бир сындырым нан берүү менен өзүнүн баардык ишин бүтүрүп алат. Убакыттын өтүшү менен аз маяна алсаңыз да, маянаңыз жашооңузга жетпей жатса да, жумуштан кетпей иштей бересиз. Кетейин десеңиз сизге бир ой келет, «Мени бул иштен башка кайсы иш багат?». Ал ишти таштасаңыз ачкадан өлө тургандай бир сезим келет. Ошентип, коргондон чыга албай, иштеген жериңизде иштеп, жарыбаган маянага макул болуп, тагдырдын катаалдыгына баш ийип, кала бересиз! Же андай эмеспи? Анда менин төмөндөгү суроолорума жооп бериңизчи. Айлыгыңыз канча? Ал эмнеге жетет? Балаңызга каалаган нерсесин алып бере аласызбы? Же сүйгөн адамыңызга каалаган буюм белек кылып бере аласызбы? Акыркы жолу Көлгө качан барып эс алдыңыз эле? Турция, Египет, Кипр, Дубайчы? Өзүңүз каалаган машинаны минип жүрөсүзбү же машинеңиз такыр жокпу? Үйүңүздө күнүгө эт турабы? Машинеңиз менен жүрөсүзбү шопуруңузга айдатып, же такси жалдайсызбы? А балким маршрутка же эки сом жетпегенинен автобус? Кээде автобуска акча таппай арткы эшигинен качып кетип жүргөн болбоңуз? Же андай эмеспи? Коркпой эле жоопторун айтыңыз. Өзүңүзгө айтыңыз, керек болсо күзгүгө каранып, өзүңүздүн көзүңүздү карап туруп жооп бериңиз. Суроолорума берген жоопторду сизден башка эч ким укпайт. Мен да укпайм, себеби бул китепке жучок коюлган эмес. Андыктан үнүңүздү бийик тутуп, өзүңүзгө өзүңүз жооп берип көрүңүз. Эч уялбаңыз, себеби уялууну таштай турган, жаңы жашоону баштай турган убакыт келип жетти. Эркиндикти өзүбүздүн колубузга алып, татыктуу жашоого кадам таштай турган маал жетти! Өзүңүзгө жооп берип алдыңызбы? Анда кеттик! |
|
© Маматов Нургазы |