Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Электрондук акчалар

Акча пайда болгон учурдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн физикалык келбетин алмаштырып, бирок эң негизги функцияларын аткарып келген. Мурунку мезгилдерде акчанын ролун тери, тырмак, сөөк,  баалу таштар аткарып келгенин көрсөтүп өттүм. Убакыттын өтүшү менен металл акчаларды кагаз акча базар экономикасынан сүрүп таштап, анын ролун толугу менен өз мойнуна алганы да талашсыз.

Тилекке каршы, акчанын баалулугун материалдуу алып жүрүүчүлөргө (кагаз, металл), б.а. колубуз менен кармай билген нерселерде алып жүрүү айрым учурларда ыңгайсыздыкты жаратууда. Мисалы: «Дордой» базарына баратып, чоң суммадагы акчаны базарга салып барабыз. Маршрутка же автобустан чөнтөкчүлөр кол салса акчабыздан айрылдык да калдык.

Акыркы он жылдыктын ичинде жогорку даражадагы технологиялар чоң-чоң кадамдар менен алдыга озуп чыкты. Интернет ар бир үйгө кирип, аны менен кошо электрондук магазиндер ар бир интернет колдонуучунун үйүнө, жумушуна, уюлдук телефонуна кирип барды. Бул магазиндер программалык жабдуулардан, тасмалардан баштап машине, үйгө чейин сатып жатышат. Мындай көрүнүштүн пайда болуусу акчанын айлануусуна сөзсүз таасирин тийгизди. Виртуалдуу товарларды (программалык жабдуу, ар түркүн файлдар) сатып алуу үчүн Виртуалдуу акча же  электрондук акча керек болуп калды.

Кадимки акча кагаздарды компьютерге салып, интернет аркылуу жөнөтө албай койгондуктан айлакер адам акылы акчанын жаңы түрүн, электрондук акчаларды ойлоп тапты. Электрондук акчалардын жардамы менен Виртуалдуу товарларды сатып алуу оңойго туруп калды. Мындан тышкары виртуалдуу эмес товарларды да сатып алсак болот. Мисалы; Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын биринчилерден болуп басып чыгарган тирография Санк-Петербургда жайгашкан эле. Андыктан биринчи китептер Россияда пайда болуп, бизге бираз кеч келген жайы бар. Бирок, интернеттин жардамы менен кыргыз окурмандар россиялык китепканаларга электрондук акчаны салып жиберишип, Айтматовдун китебин электрондук почта аркылуу алдырышкан.

Бул түрлүү байлыктын башкалардан артыкчылыктары:

  • Виртуалдуу магазиндерде колдонсо болот;
  • Колдонуусу жөнөкөй жана эсептөөсү автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
  • Эсептөөлөр онлайн режимде жүргүзүлөт:
  • Комиссиондуктар жогору эмес ж.б.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz