Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Электрондук акчалардын тарыхы

Электрондук эсептешүүнүн маанисинен мурун алардын тарыхына көз чаптырып көрөлү.

Акчанын бул түрү башка формаларга караганда жаңы болуп эсептелет. Анын тарыхы 50-жылдар менен байланышкан. Так ушул жылдан баштап кагазга жазылган банктагы акчалар туурасындагы маалыматтар электрондук алып жүрүүчүлөргө жазыла баштаган. Жаңы акчалардын тарыхындагы эң маанилүү окуя катары микрочиптердин пайда болушу менен тыгыз байланыштырсак болот. Бул нерсе 80-жылдардын экинчи жарымында пайда болду. Бирок электрондук чиптин чыгышы ишти анчалык деле жеңилдеткен жок. Акчасы бар адам банкка барып, чип кадалган карточканы сатып алат. Банкта ачылган счётко белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны төлөйт, ал сумма автоматтуу түрдө чипке белгилүү болот. Ошого жараша POS системдери орнотулган магазиндерден сатып алуу иш аракетин кылган. Электрондук акча магазиндин банктагы эсебине түшүп, тийиштүү магазин ишчилери тарабынан чыныгы акча банктан алынган. Бүгүнкү күндө Бишкектеги дээрлик баардык банктар чип карталар менен өз кардарларын тейлешсе керек. Бул жерде кардар менен магазиндин ортосундагы алакада банк да болгонун эскерте кетким келет. Так ушул себептен, акчанын айлануусуна толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес.

Бул жетишпегендик 90-жылдары толугу менен чечилгендей болду. Товарды сатып жаткан фирма менен алуучунун ортосундагы акча боло турган мүмкүнчүлүктөр ачылды. XX менен XXI кылымдардын кагылышуу мезгилинде интернет-технолония болуп көрбөгөндөй өрүш алып, АКШ, Европа биримдигинин территориясында, жана Японияда жыйырмага жакын төлөмдүк интернет-системалар ишке киргизилген. Мисалы;  beenz. com, flooz .com, goldmoneу.сom ж.б.

Бүгүнкү күнү Японияда электрондук  акчалардын жайылуусу тез ылдамдык менен өсүүдө. Эгерде мындан 15-20  жыл мурун төлөмдөрдү интернетте гана кылса, бүгүнкү күндө магазинде, парковкада, коомдук автотранспорттордо төлөмдөрдү электрондук акчанын жардамы менен кылышууда. Ал эми Сингапурда болсо  толугу менен электрондук акчага өтүп кеткени байкалууда.

Кыргызстанда да электрондук акчалардын мааниси жогорулап барат. Көптөгөн Кыргызстандык банктарда интернет-банкинг деген тейлөөлөрү ачылган . Мындан тышкары акча алмаштыруучу интернет системасы да бар. Мисалы; www.e-money.kg. Сайт жөнүндө кеңирээк маалымат алуу үчүн интернеттен издеп көрсөңүздөр болот. Мындан тышкары электрондук акча катары уюлдук телефонго салып жүргөн бирдиктерди деле карасак болот. Бирок айрым окумуштуулар аны акча катары карашпайт. Алардын оюнда да негиз бар. Себеби бирдик менен тек кана телефондук сүйлөшүүлөрдү сатып алса болот. Мен болсо бирдикти да акча деп эсептейм. Себеби учурда бирдик салынган симкалар  менен сүйлөшүдөн башка интернетке кирсе болот. Технологиянын өсүшү менен жакынкы жылдары бирдик менен да көп иш аткарса болот деген ойдомун. Анын ичинде сатыш жүргүзүү ишин да кошкум келет.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz