Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Деги эле электрондук акча деген эмне болду экен?

Эми электрондук  акча эмне болгонун карап көрөбүз. Ишти  жеңилдетүү үчүн ага тиешелүү өзгөчөлүктөрдү аныктап көрөлү.

-Электрондук  ташыгычтарда сакталат

-Эмитенттин (электрондук акчаны чыгаруучу тарап)  белгилүү суммадагы акча чыгарышы менен иш жүргүзүлөт.

-Эмитент тараптан гана төлөм катары колдонбостон башка да юридикалык жана жеке адамдар тарабынан да колдонулат

- Банк системасынын тышында да айландырылат. Б.а. банктык эсепти колдонуу шарт эмес.

Бүгүнкү күндөгү электрондук акчаларды банктын пластикалык карточкалар менен байланыштыруу туура эмес болуп калат. Эмне үчүн? Заман  талабы боюнча бүгүнкү электрондук акчалар конкреттүү банк эсептерине байланышкан эмес. Ал эми пластикалык карточкалар тескерисинче банктагы эсеп менен тикелей байланышкан. Түшүнүүгө оңой болуш үчүн бир нерсени айткым келет. Пластикалык картадагы акчалар электрондук информация ташуучуларда эмес, банктагы карт системасынын эсебинде сакталган. Демек, жогоруда айтылган банк тышында да айландырылат деген айтымыбыз туура эмес болуп калды. Бул айтылган нерсе микро-чип орнотулган карточкаларга тиешеси жок. Микро-чипке бираздан кийин кайрылып келебиз.

Ошентип, электрондук  акча банктык эсепте эмес атайын жасалган   электрондук  түзүлүштө сакталып, эсинин колунда болоорун аныктадык.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz