Колуңуздагы китеп сизди барчылыкка гана алып келбестен, ички жан дүйнөңүзгө да таасирин тийгизет деген ойдомун. Мен сиз менен бетме бет тааныш эмесмин, бирок, эгерде бул китепти кармап турган болсоңуз, сиз уникалдуу адам экениңизге ишенемин. Бекеринен алтындан кымбат болгон убакытыңыздын аз болгонуна карабастан, бул китепке көңүл буруп жаткан жериңиз жок. Демек, сиз убакытка баш ийбестен, жашооңузду убакытка багындырбастан, келечегиңизди өз колуңуз менен жараткан, өз жашоосун өзү башкарган адамдардансыз. Бул китеп сиздин оюуңузду соңуна чыгарат деп терең ишенем.
Урматым менен, Нургазы Маматов