Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Финансылык пирамиданын тарыхы

Мындай шумдуктуу финансылык машинени Англиялык Жон Ло ойлоп тапкан. Ал 1671-жылы Шотландияда жарык дүйнөгө келген. Анын «Миссисип» компаниясы 1720-жылы бүтүндөй Францияны банкротко алып келген.

Ал эми АКШга болсо финансылык ишмердүүлүктүн мындай түрүн Италиялык эмигрант Чарлз Понти алып келген. 1919-жылдын Август айында испаниялык бизнесмен Понтиге эл аралык жооп купонун жиберген. Купонду алган Понти аны изилдеп, мындай купондорду башка өлкөлөрдөн сатып алып, АКШ га сатуу менен акча тапса боло турганын аңдап билген. Бул бизнести ишке ашыруу үчүн валютаны да эске алган. Ошентип, оюндагысын ишке ашыруу үчүн “The Securities and Exchange Company” (SXC) деген компанияны түзүп, бир нече инвесторлорду сунуштаган аферасын колдоп берүүгө тарткан. Инвесторлордон акча алып, берген суммасын 45 күндө 50%, 90 күндө 100% пайызга өстүрө турган векселдерди берген. Албетте салым кошкон, акча табам деген инвесторлордун саны аябагандай көп болгон. Бирок, инвестицияланган акчага купон сатып алуу Понтинин планында жок эле. Иш мындай; Понти сатып алам деген жооп купондору накталай акчага алмаштырылбайт эле. Жооп купондорун почта маркаларына гана алмаштыруу мүмкүн, б.а. купон спекуляциялык курал катарында колдонула албай турган нерсе. (Мисалы, купонду кийим сыяктуу Кытайдан арзан баада алып, кайра кымбат баага сата албайсыз). Баарынан кызыгы, купондун акчага сатылбасы жашырылган информация болбосо да, каалаган адам каалаган учурда бираз сураштырып эле ал купонду акчага сатуу жалган маалымат экенин биле алса да бизнеске акчалай салым кошкондор ал мүмкүнчүлүктү колдонгон эмес. Ушунун айынан, Понтинин акчасы көбөйгөндөн көбөйө берген. (Сиздер бул катачылыкты кетирбеңиздер, эгер таза эле информация жетишпей жатса мага кайрылыңыздар!:)) Тенденциянын тездигине көз салып көрөлү: 1919-жылы түзүлгөн компания 1920-жылдын июль айында күнүнө 250 миң долларга вексель сатып турган. Ажиотажга бензиндин күчүн берүүчү катары пресса болгон. Понти берген акчага (көбүн эсе «Boston Post») массалык маалымат каражаттары компанияны болушунча даңазалап салышкан.

Күнүнө 250 миң долларга жараксыз векселдерди саткан компанияга күч алууга пресса кандай көмөк көрсөтсө, кулашына да пресса ошондой көмөк кылган. «Post Magazine» аттуу журнал компаниянын иш аракетин калькуляторго салып, инвестицияланган акчаларды жабуу үчүн айланууда 160 миллион купон болушу керектигин далилдеп чыккан. Ал жылдары, дүйнө жүзү боюнча айланууда болжолу 27 миң гана купон болгон. Бул кабар компаниянын банкрот болушуна алып келип, компанияны ар жактан текшерүүлөр башталат. Федералдык агенттер 1920-жылдын 10-августунда жабылган компаниянын бухгалтериясы менен таанышып жатып, бул компания кымындай нерсеге да инвестиция кылбаганын аныкташкан. Жаңы инвестицияланган акчаларды мурун киргендердин пайызын төлөш үчүн гана жумшаган. Компаниянын өнүгүшүнө салым кошкон инвесторлордун бактысына жараша акчалардын айрым пайыздары табылып, ээлерине кайтарылган. Орто эсеп менен алганда, салымчылардын ар бири берген акчасынын 37 пайызга жакын каражатын кайтарып алышкан.

СССР де болсо бул нерсеге толук бойдон бөгөт коюлган, бирок ошентсе да көптөгөн окумуштуулар финансылык пирамиданын өздүк варианттарын ойлоп табышкан. Албетте көбү аны жашырып, сыр катары сакташкан. Мындай нерселер кагаз бетине тартылып, сандыктын түбүнө катылган боюнча кала берген. Себеби мындай нерселер үчүн, керек болсо спекуляция үчүн жазалар катуу болгон.

СССР тарап, курамындагы мамлекеттер өз алдынчалыкка ээ болгондон кийин көптөгөн финансылык пирамиданы курган компаниялар пайда болгон. Маселен; Россияда «МММ» компаниясы, ГКО, «Властелина», Тажикстанда «Бисер бизнеси». Кыргызстандын деңгээлинде да мындай компаниялар көп болгон. Ошондуктан биздин жарандарыбыз МЛМ ди болушунча жаман көрүшөт. Себеби МЛМ менен финансылык пирамиданы алмаштырышып алган. Кыргызстандагы финансылык пирамидаларды курган адамдар жеке ишкерлер болгон. Көбүн эсе ипотекалык үй берүүлөргө байланыштуу...

Таң калыштуу нерсе...

«Финансылык пирамида» дегенде карапайым калктын көзүнө «алдамчылар» көрүнүп калган. Бирок сотто бул иш башкача каралып калышы мүмкүн. Көп жылдык проект түзүп жаткан адамдардын кетирген катачылыгынан финансылык пирамида пайда болду деши мүмкүн. Кетирген катачылыгын оңдоп кетүү максатында, проектинин ээси дагы башка каражаттарды тартууга аракет жасайт, бирок тилекке каршы башында инвестициялаган адамдарга акча кайрып берүү мөөнөтү чукулдап калгандыктан, кийин тартылган инвестицияларды аларга пайыздык төлөм кылып төлөй баштады деп, сот күнөөкөрлөрдү актап жибериши мүмкүн.

Кээде алданганы даана билинип турса да баардык адамдар жабырлануучу болуп эсептелбей калат. Сотко жеткен кылмыш иши боюнча жабырлануучу катары эң биринчи киргендер эсептелинет. Ал эми соңкулардын катарында киргендердин акча төлөмдөрү пайыз төлөгөнгө жумшалат. Б.а. бул жерде менчиктештирилип кеткен акча жок, акчанын баары ишке эле жумшалып жатат. Системага акыркылардан болуп кирген адамдардын акчалары чөнтөккө эмес, системанын жашоосун улантууга жумшалгандыгы үчүн алдамчыларды «алдоо» жазасы менен кармоо кыйынга турат. Демек ал жабырлануучу эмес. Жабырлануучу катары биринчи жазылган адамдар гана эсептелинет, себеби алардын акчалары финансылык пирамиданы кургандардын чөнтөгүнө тикелей барат. Бирок алар болсо тапкан өз нан сындырымдарына ыраазы болушуп, тынч өмүр сүрүүнү каалап, арыз жазгандан баш тартышат. Ушул себептерге байланыштуу кылмыштын мындай формаларына туура баа берүү кыйын.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz