Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Желе маркетинги менен финансылык пирамиданын айырмасы

Желе маркетинги менен финансылык пирамиданын айырмасын бир нече белгилерден баамдап билсе болот. Мен алгач финансылык пирамиданын өзгөчөлүктөрүн баяндай берейин, анан МЛМ дин өзгөчөлүктөрүнө кайрылам:

 Финансылык пирамиданын өзгөчөлүктөрү:

  1. Завод болбойт;
  2. Өзүнө тиешелүү продукциясы болбойт;
  3. Мындай компаниялар көбүнчө баалу кагаздарды сатышат;
  4. Продукция саткандары болсо продукциясынын реалдуу бааларына караганда сатыш баалары кымбат болот;
  5. Бир эле мамлекеттин алкагында иштешет. Мисалы, «МММ» бир гана Россиянын аймагында, «Титан» Түркияда гана, ж.б.у.с.;
  6. Интернетке кошулбаган болот;
  7. Офиси жок болот;
  8. Комиссиондуктун берилүү чеги жок;
  9. Кирүү үчүн берилген акчанын суммасы кымбат болот;
  10. Финансылык пирамиданын мыйзамсыз иш аракеттери бир жылдын ичинде билинип калат. Ошондуктан алар бир жылдын ичинде иш аракетин токтотуп, мамлекеттин тышына чыгып кетишет.

 

Желе маркетинги менен иштеген компаниялардын өзгөчөлүктөрү:

  1. Өзүнө тиешелүү продукциясы болот;
  2. Продукцияларынын баасы базар баасынан арзан болот;
  3. Мамлекеттик каттоодон өткөн регионалдык офистери болот;
  4. Комиссиондук берүү чеги болот (мисалы: бир жумада максимум 5000 доллар ж.б.у.с.);
  5. Көп мамлекеттердин ичинде ишин жүргүзүшөт;

 

Мына так ушул өзгөчөлүктөрдүн негизинде финансылык пирамида менен МЛМ дин айырмасын билсеңиздер болот. Мен сиздерге чакан «Алдамчы» компаниясынын негизинде финансылык пирамиданы ачыктап кетким келет. Сиздер «Алдамчы» компаниясына мүчө болуш үчүн, анын атынан иш жүргүзүү үчүн 1000 сом төлөп киришиңиздер керек. Мен сиздерге акчаны алгандыгымды тастыктаган кагазды колуңузга берем. Анын арт жагында комиссиондук пайыздар кайсы учурда төлөнө тургандыгы жазылган. Мисалы; 6 киши алып келгениңиз үчүн ыраазычылык иретинде сиз 200 сом акча алып турасыз. Менин офисим да жок, продукциям да жок. Сиз берген акчага бергендигиңизди тастыктаган контракттык кагазды гана берем. Сиз аны алып, мага 6 киши алып келесиз. Азаматсыз, мен сизге 200 сом берем. Бирок сиз дагы акча алыш үчүн андан да көбүрөөк киши алып келесиз, мен сизге пайызын берем да, артканын чөнтөккө салып коём. Ошентип отуруп, аз убакыттын ичинде өзүнө көптөгөн кишилерди тартып алган «Алдамчы» компаниясы банкрот жарыялайт да, көздөн кайым болот. Бул ишке кийин кошулган инвесторлор өзүлөрүнүн акчаларынан кол жууп калышат да, бармак тиштегендери боюнча кала беришет. Ал эми финансылык пирамиданын негизинде иштеген компаниянын ээси жер жүзүнүн билбейм кайсы бир жеринде жыргап пляжда жаткан болот. Көп акча табам деп инвестициялаган адамдардын акчалары бир кишинин жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп калат.

Албетте бул жерден бир нерсени эскерте кетүүнү туура көрүп жатам, финансылык пирамиданын өмүрү кыска, күйгөн адамдардын саны аябай көп. Себеби ал жакка тартылган акчалардын баары эч нерсеге жумшалбайт. Адамдардын колдорунда гана жүрө берет. Ал эми туура маркетинг жүргүзгөн МЛМ дин жашоосу чексиз болот. Себеби, желе маркетинги менен иш алып барган компаниялардын товарлары тез сатылат да, ал товардын дагы жакшы болуп жасалышына чоң жардамы тиет. Андыктан финансылык пирамидалардан алыс болуп, желе маркетингине жакын болгонго аракет кылыңыздар.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz