Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Желе маркетингинин келечеги

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык көптөгөн ишмерлер, фирма жетекчилери жана ээлери желе маркетингин каралап келишүүдө. Бул мыйзам ченеминдеги көрүнүш. «Эркиндиктин куну канча?» деген темада алардын акча табуу сырын ачыктап бербедимби. Эми сиздердин көзүңүздөр ачылып, торго түшүүгө «жок!» деп, «эркиндикти бекем тутам!» деп өз оюңузду бекем тутуп калбадыспы. Коргонду талкалап, каалаганыңызды кыла баштабадыңызбы. Эгер кыла элек болсоңуз кыла турган маал келди...

Мына ушундай үгүт иштерин жүргүзүп жаткан биздей чынчылдарды, туткундан куткаргычтарды алар адамдарды манипуляциялоо аркылуу акча таап жаткандар жактырмак беле? Албетте жактырбайт да... Сиздерден айрылганы акчадан айрылганы да, анан кантип бизди жакшы көрсүн. Кичинекей бир мисал кылып көрөлү: сиз шефиңизге жакын барып: «мен кеттим!» деп көрсөңүз. «Крутой» болуп жүргөн шефиңиздин өңү бузулуп, кубара түшөт. «Кетпе, кетпе!» деп жалынат. Коркпой эле айта бериңиз! Куубайт, эгер мен жаңылып кууп салса, анда желе маркетингинен акча таап аласыздар J!

МЛМ сиздердин көзүңүздөрдү ачып, жоготуп алган эркиндигиңизди колуңузга карматып, сизди бөбөктөй эле бапестеп жатпайбы. Камалып жаткан шефиңиздин коргонун талкалап, бошотуп берип жатпайбы. Анан шефиңиз албетте жактырбайт, албетте жамандайт да! Жөн эле жамандап тим болбостон жалган күнөөлөрдү МЛМ дин мойнуна тагып, жалган информациянын жайылышына да шарт түзүп берет. Жөнсүз жамандоо болбосо, геометриялык прогрессия менен өнүгүп жаткан желе маркетингин ким жамандамак эле? Аны жамандаган адам же куралсыз көз менен көрүнүп турган мүмкүнчүлүктү көрбөгөн билим деңгээли төмөн, же МЛМ дин өнүкпөшүнө кызыктар болгон бут тозор!

Сиздерди шефтердин коргонунан бошоткон бул система дагы канча жыл жашайт? Деги эле МЛМ дин келечеги кандай? Бул теманын жардамы менен так ушул суроолорго жооп бермекчимин...

Мен дуба окуу менен адамдарды дарылаган, тамыр кармап кайсы жери ооруганын биле алган бүү же табып эмесмин. Келечекти айтып бергидей төлгөчү эмесмин, бирок ошентсе да, өзүмдүн топтогон тажрыйбама, досторумдун жана тааныштарымдын чогулткан тажрыйбасына, көптөгөн экономисттердин далилдүү айтымдарына, илимий негизге таянып айтылган илимий болжолдоолорго жана өзүмдүн акылымдын бир тамчысына таянып олтуруп, желе маркетингинин келечегин элестетип көрдүм.

Эгерде мая эли жаңылып, 2012-жылдын декабрь айы менен жердеги жашоо бүтүп калбаса, же жаратылыш кырсыктары, ар түркүн катастрофалар, акыр заман болуп, адам затынын жашоосуна соңуна келбесе, анда желе маркетингинин келечеги кең. Желе маркетинги буга чейин кандай ылдамдык менен өнүгүп келсе, келечекте ал тенденция дагы бир нечеге көтөрүлөт. Буга төмөнкү нерселер себеп болот:

  1. 1.        Интернеттин өнүгүшү. Баарыбызга маалым болгондой интернеттин өнүгүү процессин токтотуу кыйынга туруп калды. Учурда интернет аркылуу сатыштар күн санап көбөйүп баратат. Канчалаган интернет магазиндери, электрондук акчалар, электрондук бизнестер пайда болуп жатат. Албетте бул тенденция биздин кылымыбызда жогорку чекке жетет.
  2. 2.        Адамдардын комфорттуу чөйрөгө, электрондук чөйрөгө көнүп баратканы. Илгери биздин үйдө «черно-белый» телевизор бар эле. Калп айтпасам 3 же 4 эле каналды көрсөтөт болчу. Аты «Рекорд» беле? Кыскасы канал которуш үчүн кычкач (ат тиш) менен тарсылдатып бурачыбыз. 2000-жылы үйүбүзгө кут кирип, дистанциондук пульт башкаруусу бар телевизор пайда болду. Мурун кычкач издеп, анан телевизордун жанына барып тарсылдата канал издесек, азыр жатып алып эле, шашпай керилип, алыстан туруп, пультун жардамы менен которуп коёбуз. XXI кылымда магазинге барбай эле үйдөн сатыш кыла баштайбыз.
  3. 3.        Электрондук акчалардын пайызынын көбөйүшү. Учурда электрондук акчалардын түрлөрү көбөйүп, алардын жашоодогу маңызы өсүп келе жатат. Мындан жыйырма жыл мурун  эле акчанын бул түрлөрү жок эле. Бүгүн Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө жалаң электрондук акчалар колдонулуп, кагаз акчалар колдонуудан чыгып калган. Бул көрүнүш жакында баардык өлкөлөрдү кучагына алат.
  4. 4.        Адамдардын түстүү, жомок сымал жарнамаларга ишенбей калышы. Эгерде он жыл мурун рекламадан көргөн нерселерибизди эртеси барып, дүкөндөрдөн сатып алсак, акыркы жылдары жарнамалардын кызыктыруучу окуяларына гана карап калбадыкпы. Себеби биз жарнамаларга ишенбей калганбыз. Маселен; Кока-Коланын жарнамалары мага аябай жагат. Бирок, ал суусундукту мен эчактан бери ичпей калгам. Апамдын айтуусу боюнча Кока-Кола ашказанга зыян экен. (Так маалыматым жок!)
  5. 5.        Жарнамаларга караганда жакындарыбызга ишене баштайбыз. 4-пунктта Кока-Коланын жарнамасы канчалык жакканын айтып кетпедимби. Бирок, канчалык рекламасы жакпасын, апамдын сөзүнө ишенип, кола ичпей калгам. Учурда адамдардын көбү жакындарына, досторуна көбүрөөк ишенип калды. «Синематика» тармактарында көрсөтүлгөн тасмаларынын жарнамалары көбүнчө ооздон оозго берилет. Досторунан же жакындарынан Ала-Тоо кинотеатрында жакшы тасма болуп жатканын уккандар шашып эле барышат.
  6. 6.        Желе маркетинги аркылуу иш аракетин жүргүзгөн иш каналарга жарнамалык кызматтын керектелбеши. Жарнамалык кызмат эң кымбат кызмат болгондуктан, тейлөөнүн бул түрүнөн баары качып калышкан. Бул фактордун негизинде да көптөгөн компаниялар маркетингдин дал ушул түрүн тандап калышат.
  7. 7.        Товарлардын жасалма түрлөрүнүн жок болушу. Маркетингдин бул түрүн колдонгон иш каналардын товарлары иш канадан тикелей кардарлардын колуна өткөндүгүнөн ар кандай жасалмалардан сакталат. Мисалы; учурда ЦУМга барып, телефондун оригинал же оригинал эмес экенин билбей жатабыз. А эгерде чыгарган иш кананын өзүнөн алсак, анда оригинал экенин билет болчубуз.
  8. 8.        Компаниянын товарларынын керектөөдөн да көбүрөөк өтүшү. Маркетингдин бул түрүн колдонгон  иш каналардын товарлары керектөөдөн тышкары да сатылат. Себеби, дистрибюторлук менен акча табам дегендер керектөөсүнүн тышында да товар алышы керек. Мисалы; Ипар эл аралык компаниясынын биоактивдүү кошулмаларын ага муктаж болгондор гана эмес, желе куруу менен акча табам дегендер да бизнес планын негизинде товар сатып алышат. Бул болсо ашыкча сатуу, б.а. компанияга кошумча киреше алып келет.
  9. 9.        Компаниянын тез арада дүйнөлүк базарга чыгып кетиши. Бир өлкөнүн алкагында иштеген МЛМ компаниялары ийгиликке эч жетише албайт. Себеби компанияга дистрибютор болуп иштегендердин тааныштары чет өлкөдө болуп калышы мүмкүн. Же дистрибюторлор чет өлкөгө барып жашап калышы ыктымал. Демек, компания бир өлкөнүн алкагында гана эмес, бир нече өлкөлөрдүн алкагында ишин жүргүзүшөт. Буга дистрибюторлордун өзүлөрү гана аракет кылышат. Б.а. компания бул ишке эч кандай каражат жумшашпайт.
  10. 10.    Глобализация. Өткөн кылымдын соңку он жылдыктарынан кылымдан тарта бул термин аябай көп колдонула баштабадыбы. Бул жүз жылдыкта глобализация иш жүзүндө өзүн көрсөтүп, көптөгөн мамлекеттердин интеграциялары күч ала баштайт. Бул көрүнүш да МЛМ дин өнүгүшүнө шарт түзөт.

Сексен жыл мурун жаралып, акыркы элүү жылдын ичинде таанылгыс өзгөрүлгөн желе маркетинги жогорудагы себептердин аркасында  дагы далай өрчүш алат. Далай өлкөлөрдү, далай калк катмарларын, далай бизнес түрлөрүн өзүнүн ичине камтып, замандын талабына ылайык дагы жаңы түрлөрүн берет.

МЛМ дин көптөгөн түрлөрүнүн пайда болушу бул тармактын экономикалык илимдин бир тармагы болушуна да алып келет, өзүнчө эркин экономикалык тармак катары изилденишине сөзсүз түрткү болот. Бүгүнкү күндө МЛМ жөнүндө АКШнын, Россиянын, Япониянын, Малайзиянын, Индиянын гана окумуштуулары билдирүү кылса, келечекте башка өлкөлөрдүн окумуштуулары да бул тармактын четин чыгара изилдей башташат. Анын ичинде Кыргызстанда да МЛМдин чыныгы орду белгилүү болуп, желе маркетингинин принциби боюнча иштеген компанияларынын саны ашып, так ушул тармак менен байыган дистрибюторлордун саны артат. Өлкө масштабында, дүйнөлүк масштабда өткөрүлгөн илимий, бизнес же экономикалык конференцияларда желе маркетингин далайлардын оозунан угабыз. Себеби бул индустрия XXI кылымдын индустриясы.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz