Авторго кат жаз: |
Бизнестеги керектүү куралдар Согушкандардын куралсыз согушка чыкканын элестетип көрүңүз. Экинчи дүйнөлүк согуш... Фашисттик Германия менен Советтер Союзунун Курсктагы чечүүчү салгылашуусу. Бардык жоокерлердин камуфляждары, куралдары бар, бирок алардын ичинде бир жоокер эч бир куралсыз, керек болсо кымындай бычагы жок, душмандарды көздөй чуркап бара жатат. «Ураа!» - деп кыйкырып алган. Оюнда Курск шаарын душмандардан бошотуп, аларды чегинүүгө аргасыз кылуу. Анын оюу ишке ашабы? Албетте ашпайт! Куралы жок келесоо гана алдыда «Ураа!» - деп кыйкырса керек. Андай куру баатырды биринчи ок «муах» деп өөп, жерге алып түшпөйбү. Курскту бошотом деген кыялы ойрон болуп, өлүгү жерде калып жок болбойбу. Мындай болбош үчүн куралдын маанилүүлүгүн түшүнө билүү керек. Биздин бизнесте да мындай куралдар бар. Колуңуздагы куралдын жардамы менен компания, бизнес тууралуу маалыматты төкпөй-чачпай болочок командалашыңызга жеткиресиз. Муну менен катары куралдар убакытыңызды үнөмдөп, сизге жардам берет. Албетте куралдардын баары сатылат. Бирок, мамлекеттик казынанын көпчүлүгү деле аскердик куралга жумшалып жатпайбы. Курал көп акчаны талап кылат, себеби анын мааниси да ошончо. Курал болбосо эртең эле мамлекетти сыйпалап, таппай калабыз да. Мамлекет башка күчтүү бир мамлекеттин карамагына өтүп, колониясы болуп калат. Анан ал мамлекеттин жарандары жаңы кожолорго бардык байлыктарын беришип, өлөрү өлгүчө кул болуп жашашат. Курал көп акчаны талап кылат, бирок өзүн актайт. Ал сизге эркиндикти тартуу кылат, сиз коркпостон башкаларга сес көрсөтө аласыз. Бүгүн бираз чыгашалар менен өзүңүздү куралдатып алсаңыз, эртең чыгашаларыңызды миң эселеп кайтарып аласыз. Биздин бизнесте колдонулган куралдарды жалпысынан 5 категорияга бөлсөк болот:
Китеп менен кошо дагы бир нерсеге назарыңыздарды бургум келип жатат. Бизнес менен тааныштырып жатканда кошумча маалымат алуу үчүн китептин көчүрмөсүн (ксерокопия) берүү такыр туура эмес. Бул жерде психологиялык аспект жатат. Эгерде ксерокөчүрмөнү берсеңиз окуганга алган адамдын жоопкерчилиги төмөн болот. «Ай, каяктагы бир ксерокопияны берип, башымды чагып жатат» - деп коюп, окубай коюшу мүмкүн. Ошондуктан, китепти ксерокөчүрмөдөн өткөрөм деген ойдон оолак болуп, көптөгөн желечилер кетирген катачылыкты сиз кетирбеңиз. Китеп берсеңиз жоопкерчилик даражасы жогорулай түшөт да, ал китепти эч болбоду дегенде бираз окушу мүмкүн. Кызыктуу болсо, калганын сөзсүз окуйт. Мен бул нерсени айтканда, айрым желечилер мындай деп калат: «Нургазы, мен анын эки эле бетин окуусун каалап жатпаймынбы?». Урматтуум, ал адамдын канча бет окушу керек экенин өзү чечсин, канчалык көп маалымат алса, ошончолук туура жыйынтыкка келет. Кошумча куралдар. Жогоруда аталган куралдардын арасында сизге ылайыктуулары мол. Алардын ар бири желечиге өз пайдасын тийгизет. Эгерде сиздин колуңузда 10 гезит-журнал, 10 бизнес тууралу аудио-видео курал, 3 эле китеп болсо, анда сиздин бизнесиңиз 10 эсе күчтүү болуп, сизди сындырууга эч кимдин күчү жетпейт. Бул үчүн албетте куралды туура пайдалануу абзел. Эми кошумча куралдарга кайрылсам, кошумча куралдарга: уюлдук телефон, үй телефону, DVD, продукциялар, бейджик, диктофон, видео жана фото аппарат, оргнайзер, фото альбом (ишке тиешелүү), визитка, электрондук почта ж.б.у.с. буюмдар кирет. Бул топтогу куралдардын болуусу сөзсүз эмес, бирок болсо ишиңиз биртоп жеңилдей түшөт. Сизге бир гана нерсеге көңүл буруу талап кылынат: кайнысы кандай жагдайларда колдонула турганын билип алыңыз. |
|
© Маматов Нургазы |