Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Акча жана анын жашоодогу мааниси

Бүгүнкү күндөгү базар экономикасынын өнүгүшүнө карата акчанын да мааниси жогорулап, адамзатынын жашоосунда негизги атрибуттардын бири катарында эсептелип калды. Өлкөнүн экономикалык өсүшүнө акчанын өз функциясын туура аткарып, жатканы тикелей таасирин тийгизет. Акча менен товар өндүрүү тыгыз байланышта болгондуктан товарлардын өнүгүүсү акчанын өнүгүүсүнө, анын функцияларынын кеңейишине алып келет. Бүгүнкү күндө товарлардын көптөгөн түрү болгондуктан акчанын функциялары да болушунча кеңейген.

Акчанын жашоодогу ролу, сатып алуу менен сатуудагы ролу канчалык чоң болбосун, акча дегенде адамдардын көз алдына жаман нерсе, ыплас нерсе элестелет. «Эгерде адам бай болсо, анда ал дүйнөдөгү эң жаман адам!» же «Байлыктын арты жаман!» деген пикирлер эл түшүнүгүн бекем кучактап алган. Нургазы бул ойго такыр кошулбайт.

Кыргызда жакшы сөз бар: «кедейликтен кылмышка бир кадам». Учурда балдар чөнтөкчү, кыздарыбыздын түнкү чабалекей болушу көнүмүш адатка айланган. Коркутуу жолу менен алсыздын буюмун тартып алуу күнүмдүк көрүнүш. Өзгөчө акылга сыйбаганы мектеп курактагылардын «рекетир» болуп калуусу. Жаш өспүрүмдөрдүн акча үчүн чыккан чырдын аркасында бири-биринин өмүрүнө кол салганы. Жогоруда айтылган нерселердин баары коркунучтуу факторлор, бирок,  эгемендүүлүк менен кошо бул көрүнүштү таап алганыбыз чындык. Ушундай фактылардын катталуусуна эмне түрткү болуп жатат? Кыргызстанда мындай фактылардын катталышына жарандарыбыздын социалдык-экономикалык жакырчылыгы себепкер! Эгер андай болбосо, түнкүсүн жол жээгинде түз жолдон адашкан кыздарыбыз башкаларга көңүл ачып берүү үчүн турат беле? Маршруткаларда мекендешинин, бир тууганынын чөнтөгүнө кол салган бала үчүн бул иш хобби бекен?! Жок... андай эмес... Бул иш аракет алардын курсак тойгузуу үчүн кылган аракети! Арам болсо да, кылмыш жолу менен болсо да жан багуунун амалы...

Мен акчаны дүйнөдөгү баардык нерсени чече турган инструмент кылуудан, акчаны даңазалап, ал баардык көйгөйлөрдү чечет дегенден алысмын. Бирок, айрым нерселерди акчасы жок такыр кыла албай жатпайбызбы. Адамдын жашоосун бактылуу кылган беш критерий бар:

  1. Ден соолук;
  2. Үй бүлөөлүк мамиле;
  3. Туугандар, достор, тааныштар, коңшу колоңдор, коллегалар менен болгон мамиле;
  4. Максатка жетүү;
  5. Каражат.

Биринчи кезекте ден соолук турат! Ден соолугуң болбосо кандай жаман экенин менин коментарийимсиз деле билсеңиздер керек. Экинчи кезекте үй бүлөөлүк мамиле. Үйдөн чыр чыкса кайдагы бакыт? Кайдагы стабилдүү жашоо? Ошол эле нерсе үчүнчүгө байланышкан, туугандарың менен, тааныштарыңдын баары менен жылуу мамиледе болсоң кандай керемет. Бирок кашайган тааныштар көңүлүңдү түшүрүүдөн башка эч нерсени кылбайт десең! Төртүнчүсү – максат. Ар бир адамдын максаты бар, көздөгөн максатка жеткенде кандай бактылуу сезесиң. Бир кездерде китебимдин чыгышына максат койгон элем. Бүгүн бул китепти сиздер окуп жатасыздар, бул нерсе кандай эмоциялык кубанычты тартуулады десеңиз...

Бешинчи... бул каражат! Кулактын жийиркенишин келтирген – акча. Балким сизге бул сөз жагат чыгар, бирок көптөгөн адамдар жактыра бербейт. Алардын айтуусу боюнча акча бул жашоонун маңызы эмес. Ооба, маңызы эмес. Бирок бул жанагы мен айткан жашоонун бакыт тартуулаган 5 критерийинин бирөөсүнө кирет. Кайрадан жазып кетүүгө уруксат бериңиздер:

  1. Ден соолук;
  2. Үй бүлөөлүк мамиле;
  3. Туугандар, достор, тааныштар, коңшу колоңдор, коллегалар менен болгон мамиле;
  4. Максатка жетүү;
  5. Каражат (акча).

Бул 5 критерий биздин 5 манжаларыбыз сыяктуу. Баары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Эгерде сиз баш бармагыңызды таш менен катуу урсаңыз ооруйбу? Ооба, ооруйт, баш бармак ден соолук болсун. Чыпалакты урганда, чыпалак ооруйбу? Ооба, албетте ооруйт. Чыпалак, бул сиздин каражатыңыз. Чыпалак жанчылып калса, колуңуздун баары дуулдатып чыгат. Беш манжанын баары дуулдап, ооруйт. Беш критерий да ошондой. Эгерде ден соолук начар болсо, тааныштар менен сүйлөшкүңүз келбейт, себеби ооруп жатасыз, көңүлүңүз түшүп турат. Же болбосо, үй бүлөөдө чыр болуп жатса ишке тартпайт, тамак ичкиң келбейт, ден соолук начарлайт, жүрөк оору пайда болот. Акча жок болсо деле ошондой. Ал башка критерийлерге таасирин берет. Акча жок болсо, үй бүлөөдө тамактын жетишпегенинен чыр чыгат. Аялы күйөөсүнө кыйкырат, балдары ачкадан ыйлайт. Ден соолук кетет, канчалаган нерв клеткалары өлөт, ал адам тез карыйт. Бул ачуу чындык.

Дагы бир жолу кайталагым келет, акча эч нерсени чечпейт, бирок айрым учурларда акчадан башка бир да нерсе чечпей турган маселелер бар. Андыктан акчага жөнөкөй эле көз караш менен караш керек.

Университетте студенттик кеңештин төрагасы болуп иштегем. Ошол мезгилде, кайсы бир майрам эсимде жок, уюштуруп жатат элек. Дал ошол күнү, концерт күнү алып баруучубуз келбей калды, концертибиз аябай начар өттү. Болгон сын пикирди угуп отуруп, кулагыбыз кыпкызыл. Концерт жума күнгө коюлган болчу, ишемби менен жекшембиде окубайбыз. Дүйшөнбү күнү тиги бала эч нерсе болбогондой топ бала менен сүйлөшүп олтуруптур. Ортодогу тема – жума күнкү концерт. Топ баланын ичинен бир бала:

-Тиги сени алмаштырган алып баруучу ректордун атын туура айта албай койбодубу, - деп, ошол күнү тиги алып баруучуну алмаштырган баланы шылдыңдап жатыптыр. Аны угуп алып, алардын арасында турган жанагы баланы чогулушка келүүсүн талап кылдым. Ошол эле күнү студенттик жыйын кылып, жанагы баланы уруша баштадым. Болушунча кыйкырдым. «Сен үчүн биз... уят болуп... сен... сен...» Мен кыйкырып жатканда тиги бала күнөөсүн сезип башын жерге салып отурду, бир кыңк эткен жок. Жыйынга келген балдардын алдында тигини урушканым үчүнбү же өчүмдү алып алган үчүнбү эс ала түштүм. Кыйкырып алып, мыкты жетекчи экенимди башкаларга көрсөтүп, ишин туура кылбаганды жазалаганым үчүн, муну көргөн башка студенттик лидерлер мындай кылбасына ишенгенсип, акырын ордума барып отурдум. Ордум да төр жакта, ал да дем берет. Кыскасы өзүмө өзүм ыраазымын. Бир нече секунддук тыныгуудан кийин башын жерге салып отурган бала акырын башын көтөрдү. Көзү нымдашкан, мурдун сылай аккан жаш жерге тамчылайт.

-Балдар, мени кечире көргүлө. Келет элем, бирок ал күнү энем чын дүйнөгө кайтып...

Жаагым тып басылды.

Так ошол күнү айрым нерсени жаңылыш көз караш менен карап келгенибизди түшүндүм. Жогоруда айткан окуяда деле мен өзүмдү тигиге кыйкырып жатканымды туура деп эсептегем. Көрсө... Айрым нерсени билбей эле жамандай берет экенбиз да.

Бодо Шефер, белгилүү желечи, атасына келип:

-Ата, эмнеге ийгиликке умтулган эмессиң? – деп сураган экен. Жок, ал атасын кемсинтейин же анын көңүлүн түшүрөйүн деген эмес. Жөн гана суроо узаткан, атасы да жөнөкөй суроо катары кабыл алган, таарынбаган.

-Балам, мен динчил адамын. Бейишке баргым келет? – деп баласына жооп берген экен.

Бодо атасынын динди мыкты кармаганын билген. Анан динде ошондой бекен деп Библияга баш багып, атасын жаңылыш ойго алып келген ыргактарды таап алат. Мен мусулман болгондуктан христиандардын Библиясында эмне деп жазылганын билбейм, бирок Бодонун айтуусу боюнча көптөгөн христиандар туура эмес түшүнүп алган саптар бар экен. «Бай адамга бейишке түшкөнгө караганда, төөгө «ийне көзүн» өткөн жеңил болот.» (Б. Шефердин айтканынан которулган). Бул саптарды окугандар байларга бейиш жабык деп калышат экен. Өзүңүз элестетип көрүңүз, төө ийне көзүнөн кантип өтмөк эле. Бодо да алгач ошондой ойлоп калыптыр, бирок такташ үчүн дин алымдарына кайрылат. Чиркөөгө барып, жанагы ыргакты көрсөтөт.

«Ийне көзү» деген кадимки ийненин көзү эмес экен да. Шаар чептерине кирүү үчүн параддык кириштен башка каптал жагында эшик болот эмеспи. Так ошол эшикти айтышкан. Эсиңиздерде болсо керек, илгери керегелер арка сымал болушкан, жарым тегерек десек туура болчудай. Капталындагы эшиктин бою адам бою менен гана тең болгон экен. Чакан эшик, жана арка сымал болгондуктан мындай эшиктерди «ийне көзү» деп атап коюшкан. Төө адамга караганда бийик да. Жанагы «ийне көзүнө» кайдан батмак эле? Бирок, эгерде төө тизе бүгүп, тизелеп өтсө өтүп кетет да. Библияда айтылган жанагы саптар байларды да карапайым болуп, бой көтөрбөй адам катары жашоого үндөйт. Бай болгондо тизелеш төөдөй кыйын болбош керек экенин эскертет. Аны Иса пайгамбар таамай айткан экен: «Бай болсоң бол, бирок жөнөкөй бол» - деп.

Андыктан акчага бираз башка көз караш менен, жаңы көз караш менен караганга чакырат элем. Ошол эле Бодо Шефер акчага тамаша катары карайт экен. Ал ит сатып алганында Моней (анг. тилинен которгондо акча) деп атап койгон экен. Көчөгө чыкканда «Моней, Моней» деп итин чакырат. Элестетсеңиз, сиздин итиңиз бар, Акча, Акча деп чакырып жатасыз, кандай керемет! J

Бүгүндөн калбай акчага болгон көз карашты өзгөртөлү, «манжаларыбыздын» баары аман болуп, ар бирибизге бакыт тартууласын. Бир манжа экинчисинин ролун такыр аткарбайт. Сөөмөй менен гана башка бир нерсени кезей алабыз, баш бармак менен эмес.

Акчанын эволюциясы...

Акчанын эволюциясы көптөгөн кылымдарды камтыйт. Анын тарыхы базар экономикасынын өнүгүү тарыхынын негизги катмарын түзөт. Товар дүйнөсүнүн баасын ченеген акча товарды жайылтуу системасынын жетишкендигине карата экономиканын тарыхый жолунда көптөгөн формаларга алмашып турган. Ар бир тарыхый мезгилге өзүнө таандык акчанын түрү болгон.

Натуралдык чарба доорунда артып калган продукциялар менен алмаштыруу жүргүзүү сейрек көрүнүш болгон. Алмаштырылууга сунуштаган продукт экинчи алмаштырыла турган продуктун (товарын) эквивалентин түзгөн.

Эгерде продукция саткысы келген адам болсо, ал ошол продукцияны ага керектүү продукцияга алмаштырып бере ала турган адамды издеген. Бул доордо акча болбогондугуна байланыштуу, койду сатып ордуна буудай алууну каалаган соодагер жылкыга буудай алмаштырууну каалаган адамды издеген. Сураштырып олтуруп, кыйынчылык менен ошондой адамды тапкан. Бирок бул процесс аябай узакка созулуп кеткен. Себеби бир эле учурда алып-сатуучунун милдетин аткаргандарды табуу кыйынга турган. Кыйынчылыкты жоюу үчүн адамдардын амалы күчтүү болуп, кийин эквиваленттик өлчөм катары жаныбарлардын териси, кармаганга кыйын болгон жаныбарлардын сөөктөрү, куштардын тырмактары алынган.

Мисалы:

-Бир мүшөк ун канчадан?

-Он эки бүркүттүн тырмагы!

-А эмне мынча кымбат?

-Макул, анда онго берем.

Экөө макулдашып, сатып алуучу шагыраган бүркүт тырмактарын чөнтөгүнөн алып чыга баштаган.

Убакыттын өтүшү менен акчанын ролун кымбат баалу заттар, алтындын жана күмүштүн сыныктары, кийинчерээк алтын менен күмүштөн жасалган тыйындар аткара баштаган.

Кагаздан жасалган акчалар алгач XIII кылымда Кытайда пайда болгон. Алгачкы кагаз акчалардын функциялары такыр башка эле. Бирок убакыттын өтүшү менен кагаз акчанын функциясы кеңейген. Акчанын бул түрүнүн өнүгүшү XVII-XIX кылымдарга дал келет. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан өлкөлөрдүн баарында акчанын кагаз түрү болгон.

Бүгүнкү күндө глобализация, банктын ишмердүүлүгүнүн жана интернеттин адамдардын жашоосунда аткарган ролунун күч алуусунун аркасында акчанын жаңы электрондук түрү пайда болду. Сингапур сыяктуу өлкөлөр кагаз акчадан баш тартып, толугу менен электрондук акчага өтүп кетишкен. Келечекте мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө да, аны менен катары биздин өлкөдө да күтүлүүдө. Ал эми учурда баарыбыз электрондук акча менен кагаз акчаны бирдей колдонуп келебиз. Мисалы; уюлдук телефонубуздун балансына салып жаткан бирдиктерибиз. Бул дагы электрондук акчанын бир түрү. Эми электрондук акчалар жөнүндө карап көрөлү.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz