Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Сиздин эркиндигиңиз өзүңүздүн колуңуздабы?

1991-жылы «эгемендүүлүктү алдык!» деп, дүйнөгө эркиндигибизби жаңырта кыйкырып чыктык. Анда санда аны «демократия» түшүнүгү менен чаташтырып да жүрөбүз. Бирок чын эле эркиндикти алдыкпы?

Мени кызыктырган жалгыз нерсе: канча адам өтмө мааниде айтканда «даамдуу тоют» үчүн коргонго түшүп калышты? Алар коргонго түшүп калганын билишеби? Канчалаган адамдар «эптеп күн өткөрүү», «эптеп курсак тойгузуу» түшүнүгү менен жашашат? Канчалаган адамдар манипуляциянын курманы болуп, тегерегинде пайда болгон биринчи столбаны, биринчи перекладинаны көрбөй калып жатышат? Эч болбоду дарбаза жабылганын сезиштиби? Же бирөөнүн кулу болуп калса да кош көңүл мамиле кылышабы?

Убагында мен деле бир чоң пансионатты башкарып, администратор болуп иштегем. Кол астымда пол жууган эжейлерден баштап, бухгалтер, маркетологдорго чейин, баары биригип жетимишке чукул адам иштешчи. Туризм, коноктоо сферасы кылдаттыкты талап кылгандыктан, бирде алардын кылган ишине ыраазы болуп, жылуу сөздөрдү айтасың. Эгерде эстетикалык сулуулук сакталбай калса, күнөөкөрлөрдү урушмак түгүл жазалаганга да барасың. Чынын айтам, урушайын деген жаман ой акыл жиречү деле эмес, бирок пансионат ээсинен айлык алыш үчүн коюлган талаптарды аткарышым керек эле. А талап төмөндөгүдөй: коноктогон ар бир эс алуучу негативдүү көрүнүштөрдү эч көрбөшү керек. Адам заты, өзгөчө акчалуу болуп калган соң ар бир иштин орду-орду менен болгонун каалап калат эмеспи. Бөлмөсүнүн терезесиндеги текчеси эле сүртүлбөй калган болсо болду... «бул эң жаман пансионат!», «бул пансионат эмес, сарай!», «бул!..». Миң жерден пансионат сонун болуп турсун, таза болуп турсун, сүртүлбөй калган текченин айынан пансионат сарайга айланат. Таарынган адам пансионатты «сарай!» деп тим болбостон, арыз китепчесине билдирүү калтырат. Аны окуган пансионат ээси мага асылат. Мен жинге алдырып, башкалардын баарын урушам. Алар да жинденет, бирок эч нерсе кыла албайт. Мен да бул жагдайда башка амал таппай калам. Кимдер гана кыйкырбасын, чыдап кана туруп берем! Эмнеге чыдап жүргөнүмдү өзүм деле түшүнбөйм.

Пансионатта иштеген ар бирибиздин айлыгыбыз 100-200 доллардын тегерегинде. Чынын айтканда чоң деле маяна эмес. Ошентсе да, канчалаган кордук көргөнүбүзгө карабай, кыйкырык уруш укканыбызга карабай, иштегенди улантканбыз. Анда санда идиш жууган же пол жууган студент улан-кыздар баш көтөрүп чыгышат, «болду, биз мындай кордукка чыдабайбыз! Иштебейбиз!» - деп. Биз аларды акырын чакыртып алып, айлыгын 10% га жогорулатып, эркелетип коёбуз, тигил шап оозун жаап, үн катпай иш жеринде кала берет.

Бир жолу мен өзүм да ошондой окуяга кабылгам. Билсеңиздер керек, пансионатта кардарлар жыйырма төрт саат бою эс алышат. Көп учурда уйкудан калып, чала уктаган адатка деле айланып калган. Анан бир күнү уктап калып, жумуш ордунда убагында болбой калдым. Шефке тез эле жетип калыптыр десеңиз, телефон менен аябай кыйкырды. Ушунчалык урушту дейсиз, бир нерсе ичимди аралап, кекиртек тушка келип такалып калды. Бугум келип, ыйлап жибердим. «Болду, иштебейм! Кеттим!» деп чемоданды жыйнап баштагам. Пансионаттын ээси келип, жылуу сөздөрдү айтып, кечирим сурап, айлыгымды элүү долларга көтөрүп, 250 доллар кылып койду. Ошентсе мен да кызыктай болуп кеттим. Кайра тигиден кечирим сурап, рахматымды айтып, ишимди уланттым десең. Ошондо 250 доллардын эмнеге жетерин ойлонбоптурмун да. Чынын айтсам эч нерсеге жетпейт го? Бир жылда араң 3000 доллар болот экен, ал акчага же машина келбесе, же башка жакшы нерсе келбесе... койчу ай, керек болсо күнүмдүк ичкен жегенге араң жетчү. Ошентсе да ишимди улантып, пансионатта иштеп кала бердим. Мени менен университетти чогу бүтүргөн группалаштарым, курбу-курдаштарым жер жүзүн кыдырып, башка өлкөлөрдү багындырып жүрсө мен болгону 250 доллар алып, ошол акчаны алыш үчүн эшектей иштеткен шефиме рахматымды айтып жүрө берипмин!

Көрсө мен да, менин кол алдымда иштеген ишчилер да эбактан эле торго түшүп калыптырбыз да. Мына сага керемет! Ошондо: «шефимди жек көрөм!», «эс алуучуларды жек көрөм!», «эшектей иштеген жумушумду жек көрөм!», «дем алышы жок ишти жек көрөм!», «эрте турганды, кеч жатканды жек көрөм!», «аз маяна алгым келбейт!», «үй бүлөм менен чогу болгум келет!» - деген сөздөрдү өзүмө айта албаптырмын. Аттиң десе...

Сиздер деле айтпайт болушуңуздар керек. 5000 сомго жакын акча алсаңыз, ал сумманы башкалардыкы менен салыштырып, «ушуга да Кудайга шүгүр деш керек!» деп, жалгандан өзүңүздү токтотуп, ичиңизден ошол акчага жылып жата берсеңиздер керек. Же 7000 сом алып ошентеспи? Айырмасы канча? Керек болсо айына 20000 алсаңыз да, үй бүлөөңүздү жакшылап, эч нерседен кем кылбай багууга жетпейт. Же андай эмеспи?

Чынын айталы, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алса деле, капитализмдин даамын татып жатса да, жарандар, карапайым калк эгемендүү болбой, күлкүлүү болгон суммага кул болуп, эртели кеч иштеп жатышат. Көптөгөн кыргызстандыктар, анын ичинде кыргыздар дагы «күнүмдүк турмушу» менен алек болуп, «эптеп курсагым ток болсо болду, балдарым ачка калбай кийими бүтүн болсо болду» деп турган учуру. Дал ушундай ой менен жашап, эчактан эле торго түшүп, эч нерсеге жетпеген 5000 сомду алганына кубанышып, жыргап жүргөн кези.

Же сиздин турмушуңуз жыргалбы? Баардыгы жетип, каалаган нерсеңизди кылып жүрөсүзбү? Анда бул китепти эмне үчүн алдыңыз? Эмне үчүн беш жүз сом коротуп бул китепти сатып алып, анан алтындай болгон убакытыңызды коротуп окуп жатасыз? Күзгүгө барып, өзүңүздүн келбетиңизге карап, көзүңүздү тике карап: «менин эркиндигим өзүмдүн колумда» деп айтыңызчы. «Кааласам бүгүн жумушка барбайм, кааласам саат он экиге чейин уктайм, балдарым менен паркка барып келем, сүйгөн кызыма белек тартуулайм, кааласам чет өлкөгө барам. Мына азыр барып Египетке путёвка сатып алам!» деп айтыңызчы. Айта алдыңызбы? Эгер айта алсаңыз анда эркиндигиңиз колуңузда экен. Каалаган ишиңизди кыла алат экенсиз. А эгер айта албасаңыз...

А эгер айта албасаңыз анда жашоо нугун жаңы нукка, барчылыктын нугуна бурууга убакыт келип жетиптир. Тезинен буруңуз, бүгүндөн кеч калбай буруңуз! Сиздин эркиндигиңиз «начальниктин» колунда эмес, сиздин колуңузда болушу абзел.

Сизге ийгилик!

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz