Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Тизмедегилерди бизнес менен тааныштыруу

Тизме даяр болгон соң эми аларды иш менен тааныштыруу керек. Көптөгөн желечилер биссмиллах дегенде эле командасын көчөдөн издейт. Учурда ар бир столбага кеминде ондогон желечилердин жарыясы чапталган. Эгерде сиз да такыр тааныш эмес адамдан баштасаңыз чоң жаңылыштык кетирген болосуз. Профессионалдуу желечи командасын көчөдөн эмес, үйүнөн издейт. Бай болуу шансын алгач үйдөгүлөргө анан көчөдөгүлөргө берүү керек. Андыктан эң биринчи ысык мамиледеги тааныштардан баштаңыз. Көпчүлүк желенин күчүн түшүнүп турса да жакындарына айтуудан уялат. Але!!! Эже же байке, бир нерсени эч качан унутпаңыз, өзүңүз нан таап жейм деген жолдон эч качан артка тартпаңыз, эч качан уялбаңыз!!! Эң биринчи жакын адамдарыңызга барып түшүндүрүңүз, алар сизге ишенишпесе, көчөдөгү адам сизге ишенмек беле? Албетте ишенишпейт! Албетте сизге берер сунушум, эң алгач ысык тааныштардан баштаңыз.

Айтмакчы, көчөдөн издөө ыкмасын мен да колдонгом. Ал кезде 7-апрель революциясынан кийинки учур... Ипарга жазылган элем. Эгер жаңылбасам апрелдин аягы болсо керек. Жарнама кагазды Байтик баатыр, Ахунбаев, Манас жана Тынчтык проспекттери, Жибек Жолу жана ушул көчөлөрдүн ортосундагы көчөлөрдүн столбаларынын баарына, Ала-Тоо жана Арча-Бешик конуштарынын столбаларына чаптап чыктым. Калп айтпасам эки жарым жума короттум. Мындан тышкары жарыяны www.job.kg сайтына жайгаштырдым. 268 адам телефон чалышты, алардын ичинен 128 адам жолугушууга келишип, бизнес менен таанышышты. 4 адам жазылам деп бирөөсү да жазылган жок. Менин көңүлүм аябай чөккөн эле, канчалаган барактар жөн гана шаардын көркүн бузгандан башка пайда алып келген жок. Ошентип Ипардагы ишим оңунан чыкпай башка компания издештире баштадым. Кийин QNet компаниясына катталдым. Тренингдерине барып, эң биринчи жакын адамдарда баштоо керек экенин түшүндүм.

2011-жылдын 20-январында өзүм катталдым. Тренингге барып келип, ысык мамиленин күчүн түшүнүп, шыр эле эң жакын досума келдим. 21-январда досум регистрацияланды. Төрт күндөн кийин бир тууган иним, анан алты күндөн кийин анын дос баласы катталды. Иштин ыгын түшүнгөн соң ишим тез  эле жүрүп кетти окшойт. Ошондуктан жакын адамдардан баштаңыз.

2008-жылы «MUGNUT» рестораны ачылган эле. Мен болсо Туризм жана Мейманкана иши кесибин жаңы өздөштүрүп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин дипломун колго алган кезим. Алты чакты группалаштарыбыз менен Байсуунун кийинки сериясына жумушка орноштук. Нургазы «старший-официант» болуп иштеп жаткан учуру. Бирок мен өзүмдү айтайын деп турган жерим жок, мен «MUGNUT» ресторанынын ээси тууралу айтайын деп жатам. Ресторан жаңы ачылган, али бир да адам келип даам тата элек. Ошол күнү элүү чакты киши отуруп, даам татып, официанттарга чайга деген акча, даам татканы үчүн тамак акысын төлөп кетишти. Ал адамдардын баардыгы ресторан ээсинин туугандары жана достору эле. Эң биринчи кардарлары достору жана туугандары эле.

Кайсы гана бизнес болбосун, эң биринчи кардар туугандар болуп эсептелет. Менин ажарлуу эки аталаш карындаштарым бар. Айжаркын жана Айсалкын, Орифлеймде дистрибютор болуп иштешишет. Тилекке каршы, мен аларга өзүмдүн ишим тууралу айткыча алар башка желе компаниясына кирип кетишиптир. Өкүнгөн оюмча кала бердим. Бирок мени кубандырган бир иш бар, алар желечинин жүгүн эң алгач татып жатса да аябай профессионалдуу ишти көрсөтүшкөн. Алардын командасы туугандардан жана досторунан түптөлгөн. Айжаркын жана Айсалкын, экөө да бир тууган эже-сиңдилер. 21күндө Айсалкын 3% ды, Айжаркын 9% ды жабышкан. Алардын ийгилиги ысык мамилелердеги тааныштарынан баштаганында жатат. Мени тааныган көптөгөн желечилер ага-ини, эже-сиңди, күйө-аял болуп чыга келишет.

Биринчи категориядагы адамдарды бизнес менен тааныштыруу...

Биринчи категориядагы адамдарды бизнес менен тааныштыруу мезгилинде алгач бизнес менен тааныштыруунун кереги жок. Эң биринчи досумду регистрация кылдым дедим. Кантип? Досумдун аты Манас, ал 2010-жылы декабрь айында Түштүк Кореяга иштегени кеткен. Ал Кыргызстанда да эмес болчу! 2011-жылдын 20-январында мен катталдым. Экөөбүз интернет аркылуу баарлашып жатабыз, албетте 20-январдын акыркы сааттарында.

- Кандай досум, Корея кандай? – деп мен сөздү баштадым.

- Жакшы досум! Өзүң? КР аманбы?

- Шүгүр. Манас, мен сенден жардам сурайын дедим эле.

- Айта бер...

- Манас, мен бир иш баштап жаттым эле. Сенин жардамың керек.

- Иии... айта бер...

- Кыскасы мен швейцар саатын сатып жатам. Бирөө сатып алчы, такыр өтпөй көңүл чөгүп жатат.

- Макул досум, канчадан?

- 700$...

- ЫЯ? Тамашалап жатасыңбы?

- Жок, дос! Тамаша эмес.

- Менде анча акча жок да...

- Дос, иш такыр болбой жатат. Базарда айтып коюшат го, бирөө өтүп кетсе эле иш жүрүп кетет деп, SOS жардам бер!

- Ммм... макул. Азыр байкеме чалайын, саатты сатып алам. Аны өзүң сактап тур, мен КРге барганда бересиң. Акчаны байкемден аласын.

- Рахмат, досум!

- Эч нерсе эмес, бизнесиң өсө берсин. Айтмакчы, кийин барганда бизнести жубасын.

- Сен да, - дедим мен.

- Кандайча?

- Ааа... кийин айтам, - деп агентти жаап салдым.

Эртеси байкеси менен жолугуп, акча алып, анын шарттуу белгисин толтуруп, каттап койдум. Ал азыркыга чейин бизнеси бар экенин билбей жүрөт. Компаниядагы эсебинде бир топ эле акча болуп калды. Кореядан келгенде саат менен кошо бизнес жана аздыр көптүр ондогон миңдеген доллар алат. Керемет эмеспи?

Эми инимди кантип каттаганыма көңүл буруңуздар. Аты Жангазы, Таласта жашайт.

- Ассалоому алейкум, аке, - деди телефон чалсам.

- Алейкум Ассалам! Кандай? Атап, апам кандай?

- Жакшы аке...

- Жаку (эркелетип жатам), иш менен чалып жатат элем. Мен бир иш баштап жатам. Жардамың керек, мага 600$ салып жиберчи (QNet компаниясындагы эң арзан продукциянын куну).

- Макул аке. А эмне болгон иш?

- Телефондон айтуу ыңгайсыз, жолукканда айтам.

- Аке, азыр сумма колумда жок, коңшу колоңдон чогултуп, төрт күндө салып жиберейин.

- Анда сен Бишкекке келип кетпейсиңби?

- Макул, акча топтолоору менен жолго чыгайын.

Үч күндөн кийин иним шаарга келди. Эртеси аны каттап, иштин чоо-жайын түшүндүрдүм. 2 адамга сатыш кылганым үчүн, компания менин электрондук эсебиме 80$ которуп койгон эле. Аны иниме көрсөттүм.

- Ооо, керемет турбайбы, аке! –деген иним өзүнүн алдына жаздыруу үчүн Бишкекте жашаган мектептен берки досуна барды. Ал экөөнүн диалогуна назар салалы. (Жангазынын айтуусу боюнча).

- Куба (аты Кубат), акем бир ишти баштаптыр. Өзүм деле толук түшүнгөн жокмун. Ботаниктин башы иштейт. Өзүң деле билесиң да. Эмне кылса кыла берсин, бизге акчасы түшүп турса эле болду да.

- Токточу, эмне болгон иш?

- Ээ, билбейм, бир иш экен. Өзү төрт күндө сексен доллар тааптыр. Өзүмдүн мобу эки көзүм менен көрдүм. Президенттик стипендиат, жалаң майлуу жерде жүрөт. Экөөбүз кыпчылып алалы...

- Иии... туура айтасың.

Мына ошентип, аз убакыттын ичинде Кубат да менин командама мүчө болду. Бизнес план менен таанышып, жактырды. Эгерде менин командама келсеңиз бул үч адамдын жүзүн сөзсүз көрсөтөм.

Биринчи категориядагы адамдарды керек болсо бизнес менен да тааныштыруунун кереги жок. Көптөгөн желечилердин кетирген катачылыгы бар. Мисалы мени менен бир группада окуган Мезгил аттуу бир кызды алгым келет. Мезгил, салам! Өзү уялчаак, көп сүйлөбөгөн, такыр ооз ачпаган кыз эле. Отуз студенттин арасынан байкалбай деле калчу. Бир күнү келип, каяктагы жок бир бизнести айта баштады.

-            Саламатсыңарбы группалаштар. Мага көңүл буруп койгула. Мен силерге бир бизнес сунуштагым келет. Ипар компаниясы... негизделген... ня-ня-ня... ня-ня-ня...

Мезгил, эгерде сен бул сөздөрдү окуп калсаң таарынба, кечээ эле үнсүз жок жүрүп, бүгүн антеннасы бар инопланитяниндей официалдуу сүйлөгөнүн мени таң калтырса да мен сени гипноздолгон бечарадай көрдүм. Кечээ эле эч ким менен сүйлөшпөй, өзүмчүл болуп, акыркы партада отуруп, лузер сыяктуу болуп жүрбөдүң беле. Бүгүн эмне, бизнесмен болуп ойгоно калдыңбы?

Мезгил мага таарынбайт. Кийин Ипардагы спонсорум Мезгил болуп калган. Алгач бизнес жөнүндө ал айтканда лунатик көрдүм. Бирок эртеси жай отуруп алып, группалашым катары эле сүйлөштүм. Ортобуздагы официалдуу сиз, биз өчүп, күндөгүдөй эле сен, мен деп эле сүйлөштүк. Мага бизнесмен катары эмес, кадимки эле студент катары кайрылды.

- Нургазы, сени билем, аябай жакшы окуйсуң. Мыкты жашоого татыктуусуң. Мага бир ишен, бул иштин келечеги аябай чоң. Жазылчы, иш болбой калса акчаңды мен кайтарып берем!!!

Бул сөздөр мени ишендире алды. Сиздерге да айтам, тааныштарыңыздар менен күнүмдүк атмосферадагыдай эле сүйлөшүңүздөр.

Айталы Асан аттуу бир жигит Ипарга жазылды. Үйүнө келип, аялын бизнес менен тааныштырайын деп жатат:

-            Саламатсызбы! Менин атым Асан! Мен сизди азыр укмуштуудай бизнес менен тааныштырам. Жакшылап угуңуз...

Аны көргөн аялы:

-            Дагы ичип келдиңби, жуварымбек? – деп, артынан увалик менен кууп кетиши мүмкүн.

Ошондуктан күнүмкү эле маектен баштаган дурус:

-            Жаным, мен келдим. Бүгүн бир жерге барып келдим. Иштесе болчудай. Кел отурчу түшүндүрүп берейин, - деп, компаниянын маркетинг планы менен тааныштырып, анан бир эле сөздү кошуп коюңуз, - Жаным, бир аракет кылып көрбөйлүбү? Болсо жашообуз жакшы жакка, барчылыкка өзгөрөт, болбой калса... эч болбоду аракет кылган болгон болобуз да. Макул дечи.

Болду, эч кандай жомокту айтуунун деле кажети жок. Желе маркетингинен акча табуу жомок эмес, реалдуу нерсе. Андыктан реалдуу сүйлөшүңүз.

Дагы бир нюанс, жакын адамдарыңызды компаниянын презентацияларына чакырбай, үйдөн эле тааныштырыңыз. Эгерде бизнес тууралуу сиз айтсаңыз, жакын адамдарыңыз угат. Бөтөн деген бөтөн да, презентатор оозун ачып-ачпай, бизнес тааныштырып жаткан адамда мындай ой пайда болот: «Ааа... ушул шумпай менин Асанымдын башын айландырып алган турган турбайбы. Жубарымбек...» Болду, презентацияда айтылган сөздөрдү укпайт. Андыктан өзүңүз тааныштырыңыз. Кантсе да сиздин мамилеңиз ысык да...

Экинчи категориядагы тааныштарды бизнес менен тааныштыруу...

Биринчи категориядагылардын сизди колдоосу менен чөнтөгүңүздө бираз акча болуп калат. Эми сиз экинчи категориядагы адамдардын тизмесине өтүңүз. Бул адамдар менен көп эле баарлашып жүрөсүз да. Алар менен сөздү кантип башташ керек? Оңой эле...

Эң биринчи аларды сөзгө даярдайбыз!

1-кадам: көйгөйдү белгилөө...

Таанышыңыз менен жолукканда албетте биринчи оозду ачканда бизнести айтпайсыз. Алгач ден-соолугун, жашоо акыбалын, бала-чакасын сурайсыз. Башкача айтканда катнашка кирип, баарлашасыз. Бирок көпкө эмес. Анан акырындап «көйгөйдү» белгилөөгө өтөсүз. Мунун максаты сиздин таанышыңыз финансылык көйгөйүн  өзү көсөтүп бериши керек. Бирок, ал көйгөйдү көрүү үчүн сиздин жардамыңыз керектелет. Болжолу сиздин маегиңиз мындай болушу керек:

Сиз: «Азыр эмне иш менен алектенип жатасың?»

Ал: «Баягы эле мектеп, балдарга сабар берип жүрөбүз».

Сиз: «Анан канча айлык аласын? Жакшы эле аласынбы? Бала-чакага жетип жатабы?»

Ал: «Каяктан жетмек эле? Сен да айтасың да!»

Сиз: «Башка жумуш издештирдиңби?»

Ал: «Издештиргенден эмне пайда? Бүт эле жерде аз маяна төлөшөт да. Кыргызстандан көп акча табуу мүмкүн болбой калды го».

Сиз: «А сенин көп акча тапкың келеби өзү?»

Ал: «Ананчы, албетте тапкым келет!»

Бүттү! Биринчи кадамдын максатына жеттик. Таанышыңыз көп акча табууну каалап жүргөнүн айтты. Эми экинчи кадамга өтөбүз.

2-кадам: үркүтүү...

Кыргыз эли жылкыны сүйөбүз, баарыбыз эч болбоду дегенде бир жолу минип көрсөк керек. Жылкыга ашыкча бир кыймыл кылсаң үркүй түшөт эмеспи. Дал ошондой кылып маектешибизди «үркүтүшүбүз» керек.

Сиздин маектешиңиздин кыялы эчак уктап калгандыктан учурда ал күнүмдүк көйгөйлөр менен гана алпурушуп келет. Азыр сиз айткан сөздөр оң кулагынан кирип, солунан кайра чыгып кетет. Андыктан, сиз айткан сөздөрдүн баары жеткиликтүү болушу үчүн, маектешибизди бираз концентрациялап алышыбыз керек. Эгерде жылкыны үркүтсөңүз, кулагын тикчийте, тегерегинде болуп жаткан нерселердин баарын баамдап турат эмеспи. Сиздин маектешиңизди үркүткөндөн кийин ал да кулагын тикчийтип, сизди уга баштайт.

Эми таанышыңызды бираз үркүтөлү:

Сиз: «Мен сага акча табуу жолун көрсөтө алам».

Ал: «Кантип акча тапса болот?»

Сиз: «Желе маркетингинин жардамы менен, жакын арадан бери мен да кириштим».

Маектешиңиз айтаарына кызыгып, тамгаларды тытмалап окуп жатасызбы? Анда мен сизге эмне деп айтаарын айтып берейин. Ал сизге убактысы жок экенин айтат. Же бул жерде биринчи башташ керек эле, эми кеч болуп калды го деген оюн айтат. Же сатуу жөндөмдүүлүгү жок экенин, кыскасы ушуга окшош бир шылтоону айтат.

Бул сөздөрдү угуп жатып, өзүңүз үркүп кетпеңиз. Биз туура эле жолдо келе жатабыз, биз аны үркүткөнүбүз үчүн, ал ушундай шылтоолорду айтып жатат. Эми сиз ичиңизден бир кубанып алыңыз, себеби туура жолдо келе жатасыз.

Эми эмне кылуу керек? Желе маркетингинин укмуштуу жагын айтуу керекпи? Нургазы бул бизнес жөнүндө китеп жаратканын айтуу керекпи? Жок! Бул нерселерди айтууга бираз эрте. Жылкы үркүгөндө аны эркелете сылап көрсөңүз, ал ого бетер үркүлөйт. Маектешиңиз да дал ошондой, эгерде азыр бизнес тууралу сөз кылсаңыз, ал жанагындай блокторун, шылтоолорун айта берет.

3-кадам: кыялын ойготуу...

Кийинки кадам кыялдуу ойготуу үчүн кылынат. Үркүгөн жылкынын көзүн таңуулап коюу керек эмеспи. Биз болсо маектешибиздин көзүн кыял менен таңып коюп, бизнес тууралу терс ойлорду, барьерди аттаттырышыбыз керек. Барьерди аттаттырбасак, ал биздин бизнес тууралу эч укпайт. Андыктан кыялды ойготуу үчүн баардык колдон келген жардамыбызды беришибиз керек.

Чындыгын айтканда кыялды ойготуу оңой, жаңы нерсени ачуунун кажети жок. Кыял ар бир эле адамда бар, болгону алардын «жетем!» деген кубаттуулугу, ишеними ар башка. Кыял бар, бирок катылган. Кыял бар, бирок уктап калган. Биз эмне үчүн кыялын ойготушубуз керек? Себеби кыялы жок адамдын каалоосу жок, каалоосу болбогон эч нерсе издебейт. Эч нерсе издебеген эч нерсени көрбөйт, эч нерсени көрбөгөн жашоо нугу менен гана агып кете берет. А жашоонун нугу каякка алып барат? Албетте эч нерсеге жетпеген пенсияга! Демек биз кыялын ойготуу менен катары, аларды бизнеске гана тартпастан, аларды жашоо нугуна каршы туруп, өз жашоосун өз колуна алууга жардам беребиз. Биздин биринчи кезектеги милдетибиз ошол.

Кыялды ойготуу эки процесстен турат.

1-процесс: кыялдын эшигин ачуу керек.

«Эркиндиктин куну канча?» деген темадагы байдын коргонунда олтурган сыйкырдуу жаныбарды эстедиңизби? Ал жаныбарлар коргондун ичине көнүп, коргондун сыртындагы эркиндикти унутуп калбады беле. Маектешип жактан адамыңыз да дал ушундай акыбалда. Эми бул адамга чектелген коргондон сыртка баш багууга жардам берүү керек. Анан акырын өзүнө-өзү мындай суроо бере турган шартты түзүү керек: «Мен бул коргондо көпкө кармалып калган жокмунбу?»

Кайрадан диалогубузга кайрылалы. Диалог боюнча биз сиздин маектешиңизди бираз үркүттүк. Эми эмне кылабыз? Аны менен мелдешке, тартышка түшпөстөн, сыпайы түрдө суроо узатабыз:

«Эгерде сен айына 1000$ аласаң жашооң кандай болуп өзгөрүлөт эле?»

Сиз бул суроону берериңиз менен маектешиңиз шыр эле кыялын ойготуп, сизге ачылып бербейт. Ал сиздин сөздөрүңүздөн үркүп калды. Ар бир сөзүңүзгө туура болсун, болбосун жооп кайтарып, сизден эптеп кутулуп кетиши керек. Так ушул себептен, сиз берген суроого жооп бергенди ордуна башындагы суроого жоо бере баштайт: «Мен буга ишенбейм!». Бул сүйлөм эң керектүү сүйлөм, эске алыңыз. Бул сөз бизнести түшүндүрүүгө аябай тоскоол болот, андыктан аны акырын четке сууруп чыгуу керек. Ал үчүн эмнеге ишенбей жатканын бираз конкреттештирүү керек:

«Эмнеге ишенбей жатасың, досум?»

Сиздин бул сурооңузга сиздин таанышыңыз тиштенип туруп, мындай деп жооп берсе керек: «Силердин желе-пелеңерге!» Так ушул жерден барьерди алып таштайбыз. Сиз желе маркетингин тукуруп, ишенимдүү мындай деңиз: «Койчу ай ошол желе-пелени! Унут аны!» ишенимдүүрөк көрүнүшү үчүн колуңузду силкип да коюңуз. «Азыр сенден башка нерсе жөнүндө сурап жатам» деп кайрадан жанагы суроону сурайсыз:

«Эгерде сен айына 1000$ аласаң жашооң кандай болуп өзгөрүлөт эле?»

Эки же үч жолку аракеттен кийин маектешиңиз сиз пландаган диалог боюнча жооп бере баштайт.

Ал: «Эмне өзгөрмөк эле? Баары өзгөрөт болчу!»

Эми биз кыялын конкреттештиребиз:

Сиз: «Эгер мүмкүн болсо конкреттүү белгилесең, эмне өзгөрөт?»

Ал: «Ммм... көптөн көксөгөн машинемди алам».

Сиз: «Кандай машинени аласың?» - конкреттештирип жатабыз.

Ал: «Аudi С4!»

Сиз: «Жакшы, а кандай ауди? Өңү? Дөңгөлөгү? Мафону? Аны алып эмне кыласың?»

Маектешиңиз кыялын эстей баштайт, биз аны конкреттештиребиз.

Эстейт – конкреттештиребиз...

Кээде адамдар ушул кыял ойготуу процессинен кийин эле бизнести түшүндүрүүгө даяр болот. Бирок айрым гана учурларда. Көбү ойгонуп келе жаткан кыялынан коркушуп, кыялын ойготуп жаткан сизди душман катары көрүп калат. Ошондуктан экинчи процесс керектелет. Экинчи процесске өтөөрдөн мурун, биринчи процесс учурунда кабыла турган нюанстарга кайрыла кетсем.

1-нюанс. Бираз артка кайрылалы, эсиңиздеби, айына 1000$ таба турган болсо эмне кылаарын сураганбыз? Бул сурообузга «Мен ишенбейм!» деп кескин түрдө жооп кайтарган. Анан биз конкреттештирип отуруп, ортодогу негативдик абалды алып таштадык. Эгер мүмкүн болсо диалогго кайрадан кайрылып кетсек:

Сиз: «Эмнеге ишенбейсиң, досум?»

Ал: «Силердин желе-пелеңерге!»

Сиз: «Койчу ай ошол желе-пелени! Унут аны! Азыр сенден башка нерсени сурап жатам».

Бул сөздөн кийин эле кайрадан жанагы негизги суроону узатасыз:

«Эгерде сен айына 1000$ аласаң жашооң кандай болуп өзгөрүлөт эле?»

Ушул сыяктуу сөздөр убактылуу желе маркетингин жокко чыгарып, маектешиңиз менен тикелей эле кыялы жөнүндө маектешүүгө жол ачат.

Бирок бул жол ачылышы үчүн «Мен ишенбейм!» деген өз сөзүн айтышы керек, ошондо гана биз «өлүп кетсин!» деп желени четке кагып коё алабыз. Эгерде маектеш «Мен ишенбейм!»  дегендин ордуна башка нерсе айтсачы? Балким ал, «Менин аз таанышым бар!», «Бул пирамида!»  сыяктуу сөздөрдү айтат.  Эми кантебиз?  Пирамида менен желенин айырмасын көрсөтүп убара болбоңуз. Эгерде айырмасын көрсөтсөңүз тартышып каласыз. Биз суроо берүү менен бизге керектүү сөздү оозунан алабыз. Мисалы:

Сиз: «Эгерде сен айына 1000$ алсаң жашооң кандай болуп өзгөрүлөт эле?»

(«Мен ишенбейм!» дегендин ордуна) «Менин өз таанышым бар!» же «менин кошунам кылып көргөн, анын колунан келбеди!», «Бул пирамида!» ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү айтат.

Сиз: «Демек сен буга ишенбей жатасыңбы?»

Ал: «Ооба!»

Сиз: «Эмнеге ишенбейсиң, досум?»

Ал: «Силердин желе – пелеңерге...»

Кайра эле бизге тааныш диалогго түшүп алдык.

2-нюанс. Баардык адамдардан 1000$ деп сураш керекпи?  Жок, бул сумма универсалдуу болуп саналат. Акча өлчөмүн айтып жатканда 2 факторго көңүл болуу керек:

  1. Акча адамды өзүнө тартыш керек.
  2. Ошол эле учурда фантастикалуу цифра  болбошу керек.

Эгерде маектешиңиздин айлыгы 100-500$ болсо 1000$ туура эле коюлган. Эгерде   500-1000$  болсо, сиз 2000$ деңиз.

3-нюанс. Сизде мындай суроо болушу мүмкүн: «Мен өзүм 1000$ таппай туруп, тигиге  кантип 1000$  жөнүндө айтам? Же «эгерде мен  маектешиме 1000 долларды айтсам, ал мага «Өзүңдүн айлыгың канча?»деп  сурап калса эмне кылам?»

 Бул маанилүү жана көңүл талап кылган нюанс. Так ушул себептен көптөгөн желечилер  желенин күчүн түшүндүрбөстөн кычык-бучугун эле түшүндүрүшөт. Желенин күчүн түшүндүргөндүн ордуна кичинекей мүмкүнчүлүктөрдү эле айтат, көбүнчө катталгандан кийинки скидканы айтуу  менен кызыктырып, командасына кошот. Жыйынтыгында ал адам «скидка» деген  кыска түшүнүгү менен эле жашап калат, жашоосу, кыялы мурункудай эле калып калат. Себеби сиз кыялын ойгото элексиз. Ошондуктан психологиялык тоскоолдуктан арылыңыз. Биз бекеринен алгач ысык мамиледеги таныштардан баштаган жокпуз. Алар биздин тыл болот. Сиз мындай дейсиз: «Мен сага жакшы жашоодо жашагым келгенин айткан белем? Менин адамча жашагым келет! Жай турмуштун  көйгөйлөрүн чечем деп, эртеден кечке  жумушта болуудан, балдарымды көрбөгөндөн  тажадым! Акчамдын жоктугунан таксиге эмес, маршруткага олтургандан тажадым, аны күтүүдөн, ичиндеги сасык жыттан тажадым! Акчамдын жоктугунан балдарым бир шым менен эле жүрөт, аны көрүп тажадым. Ооба, мен азырынча 1000 доллар таба элекмин! Бирок  мен жаңы гана баштабадымбы, жаңы гана желенин күчүн сезбедимби. Жаңы эле ишке киришпедимби. Ооба, мен жаңы эле баштадым, бул чоң мааниге ээ. Улуу адамдардын баардыгы бир кезде баштаган. Эң негизгиси акча тартыш жашоодон чыга турган эшик таптым. Кел чогу  кылалы, чогу кылып чогу чыгалы ал эшиктен. Балдарыбыздын  көзүн караганда күнөөлү сезбей, бар нерседен кем кылбай, башыбызды бийик туталы. Аларга мыкты окуу жайдын эшигин ачып берели. Көбү бул ишти кылып, чокуну багындырышты, экөөбүз да кыла алабыз. Кел экөөлөп кылабыз, же эмне экөөбүздүн жакындарыбыз, экөөбүз адамча жашаганга татыктуу эмеспизби? Мен алгачкы акчаларымды алдым, күчүн сезип жакындарымды да жаздым...»

 Жакын адамдарды жазганыңыз чын, акча алгандыгыңыз чын.  Маектешиңизди жакшы жашоого чакырып  жатканыңыз да чын. Демек, коркпош керек. 1000 долларды экөөңүздөр тең аласыздар!

2-процесс: Бакытты сүрөттөө...

Бул кадамдын жардамы менен адамдын ички жан дүйнөсүнө кирип, азыркы жашоосун ойлондуруп, бирок   жашоосуна ыраазы болбогудай кылып, мындан чыгууга боло турган жолду көрсөтөбүз.

Бакытты сүрөттөө 30-60 секундага гана узарат, бирок  эффекти  күчтүү. Бул ыкманы «жандын муздак душу» деп да койсо болот. Бул душтан чыккан адам жашоого жаңы  күч менен карап калат.

Бул монолог үзгүлтүксүз болсо да, түшүнүүгө жеңил болуусу үчүн 3 фрагментке бөлүп карайлы.

1-фрагмент. «Карасаң, кандай керемет...»

Бул фрагментте маектешибизге жашоонун кереметин көрсөтөбүз. Ал керемет анын жашоосун кубанычка бөлөп, кемтигин бүтөп, кызыктуу  жана  бактылуу кыла турган болсун. Ал керемет азыр анда жок экенин, бирок ага жетүү оңой экенин көрсөтүү керек.

2-фрагмент. «Кереметке  жетүүнү такыр  каалабайсыңбы?»

Бул фрагменттин иши; жагдайы бираз кызытуу болуп саналат. Бул жерде маектешибизди күчү аз ток менен урабыз. Мындай сөздөр менен... «Сен азыркы  кыйын жашооңду улантайын деп жатасыңбы?», «Сенин жакындарың  кереметке жетүүгө татыктуу эмеспи?» Бул сөздөрдүн күчү 220 вольттон да күчтүү болсо керек.

3-фрагмент. «Элестетсең...»

Бул фрагментте 1-фрагменттеги кереметти маектешибизге кийгизебиз. Так ушул жерде керемет жашоого досубузду алып барабыз, адам өзүн азыр ошол  кереметте турганын сезиши керек.

Жыйынтыктоо.

Бул жерде фрагменттердин баарын чогултуп, кыялдын кооз сүрөтүн көрсөтөбүз. Бул үчүн бир эле суроо жетиштүү: «Эми эмне сезип жатасың?»

Эми ушуларды кичинекей мисалда карап көрөлү.

Кыял:  саякатка чыгуу  болсун . Саякатты  сүрөттөп  берели.

(1-фрагмент) «Карасаң, кандай керемет, Бишкектин ичинде канчалаган туристтик фирмалар ачылып жатат. Күн санап көбөйгөндөн көбөйүүдө. Эсиңдеби, мурун  саналуу  эле  адамдар  чет  өлкөгө  барышчу?

Азыр каалаган бара алат! Карасаң, бүт жерде Кипр, Египет, Греция, Дубай, Турция  деген рекламалык шиттер. Дүйнө жүзү ачык. Мунун баары ким  үчүн?»

(2-фрагмент) Кереметке жетүүнү такыр каалабайсыңбы? Дүйнөнүн  көрктүүлүгүн көргүң келбейби? Балдарың эс тартканда чет өлкөгө баруусун каалайсыңбы? Жумасына, а  мүмкүн  айына бир жолу паркка барып келүү сен  үчүн  жетиштүүбү? Сенин  дүйнөң ушул Панфилов паркы менен эле чектелеби? Сен үчүн дүйнөнүн ушул эле эшиги ачылганбы?»

(3-фрагмент) «Элестетсең... Сен жубайың менен, сүйүктүү кичинекей кызың менен, апапакай теплоходго отуруп жатасыңар... Макул, «эң крутой» саякат деле болбой эле койсунчу. Алгач эч болбоду Ыссык-Көл дейли. Кеч кирип барат. Көлдүн жылуу, салкын, таза абасы бетиңди сылап, сени өз кучагына алат. Денеңди кытыгылап, итиркейди келтирет. Күн батып, караңгы каптады. Сен болсо үй-бүлөң менен ай жарыгында теплоходдун палубасына чыгып алып, сок, коктейлдерди ичип жатасың. Ары жакта акырын музыка ойнойт, ах кандай керемет... Кичинекей кызыңыздын жүзүн, жубайыңдын кубанычын элестетип көрчү. Сен өзүңө ушундай нерсени жылына бир жолу белек кыла аларыңды элестетип көрчү. Бир жолу сөз бекен, бир нече жолу!!!»

(Жыйынтыктоо) «Эми эмне сезип жатасың?»

Эске алчу нерсе...

  • Сүрөттү тартууда конкреттүү жана кыска кылып тартыңыз. Сүрөт динамикалуу болушу керек. Ал ичине кирип кирбей кайра чыгып кетиши керек. Көпкө созулуп кетсе, адам тажап баштайт.
  • Фрагменттердин кезегин бузбаңыз.
  • Сиздин көңүлүңүздү алган нерсени айтыңыз. Өзүңүз каалаган учурду сүрөттөп, «мен» дегендин ордуна «сиз» деп айтыңыз.
  • Жыйынтыктоочу суроону узаткан соң, бираз тыныгуу кылыңыз. Маектешиңиз бираз ойлонуп, тыянак чыгаруусу абзел.

Эми бул ыкмалардын жардамы менен сиз экинчи категориядагы адамдарды бизнес менен тааныштырып, өз командаңызга кошо аласыз. Болгондо да эми алар күчтүү адамдардан болуп калат. Себеби алардын уктап жаткан кыялы вулкандай ойгонуп, бүт ааламды багындырууга даяр. Эми аны кереметтүү желе маркетинги менен тааныштырып, бул китепти окутуп, желе аркылуу ийгиликке жеткен адамдар менен тааныштырыңыз. Булардын ар бирине мен да кайрылып кетем. Таанышкандан кийин ал адамды командаңызга каттап, дал сиз кылгандай, аны да сизди кайталоого чакырасыз.

Бизде 3-категориядагы адамдар калды. Эгерде сиз туура иш кылган болсоңуз, алгачкы эки категориядан элүү же жетимиштен ашык адамдан турган команда түптөп койгон болосуз. Сиздин статустук жана материалдык базаңыз бар. Эми үчүнчү категориядагылар киришесиз.

Үчүнчү категориядагы адамдарды бизнес менен тааныштыруу...

Бул категориядагы адамдарды бизнес менен тааныштыруу 2-категориядагы адамдар менен окшош. Болгондо бул адамдар сизди жакшы тааныбагандыктан чөнтөгүңүзгө келип такай берет. Диалогдордогу 3-нюанс эсиңиздеби? Ал нюанс боюнча маектешиңиз сизден «Сен канча таап жатасың?» деп сурашат. Эгерде 3-категориядагы адамдар үчүн 2-категориядагы адамдар үчүн көрсөткөн 3-нюанстан чыгуунун методун колдонсоңуз ишиңиздин бүткөнү ошол. Чала тааныштарды сиздин оюңуз эмес, чөнтөгүңүз кызыктырат. Демек, аларга чөнтөктү көрсөтүү абзел. Так мына ушул себептен биз, тааныштарды категорияга бөлүп, анан категорияларды катар-катар тааныштырып жатабыз.

Мен сизге кандай адам менен кандай иштеш керек экенин түшүндүрдүм. Ийгилик жышаанына жетем десеңиз, так мына ушундай кылыңыз. Бул ыкма баардык адамдар үчүн, анын ичинде сизге да өз күчүн көрсөтөт. Эң негизгиси, тизмени унутпаңыз. Бизнестеги алгачкы 2-4 жылда тизмеге күнүгө баш багыңыз. Күнүгө бизнес менен тааныштырган адамыңызды тизмеден чыгарып, кайсы бир жерден бирөө менен таанышсаңыз, аны тизмеге киргизиңиз. Бул нерсе сиз үчүн адат болуп калуусу керек.

Сизге кааларым, командаңыз күчтүү болсун. Кыргызстандагы эң күчтүү команда болуп, өзүңүз да мыкты желечи болуп таанылыңыз.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz