Авторго кат жаз:

Имя отправителя *:
E-mail отправителя *:
Тема письма:
Текст сообщения *:
Код безопасности *:

Команда түзүү

Желе маркетингинде ийгиликке жетем десеңиз сизге бир гана нерсе жардам бере алат. Сиз мыкты команда түзүшүңүз керек. Менин жакшы бир сөзүм бар: «Командаңда миң сатуучу болгуча, бир мугалим бобсун». Азыр сизге маңызын түшүндүрүп берем.

Желе маркетингинде ар кыл сферадагы адамдар иштешет. Алардын ичинде мага окшогон экономисттер, башка сферадан мугалимдер, догдурлар, базарчылар, шопурлар, агрономдор, студенттер, окуучулар, керек болсо өмүрүндө окубагандар, майыптар койчу ай санай берсең сан жетпейт, баардык социалдык катмардын өкүлдөрү иштешет. Мен булардын ичинен бул же тигил топтун өкүлдөрүнөн мыкты желечи чыгат дегенден алысмын. Ийгилик ар бир адамдын өзүнө байланышкан. Аларды ылгап кереги жок. Эми менин сөзүмө кайрылалы, эмне үчүн миң сатуучуга караганда, бир мугалим жогору турат? Мен бул жерде мектеп мугалимин же университет мугалими тууралуу айтып жаткан жерим жок. Мен профессионал желечи тууралу айтып жатам.

Билесизби, желе маркетинги  эң оңой бизнес. Бунун оңойлугу дубликацияда же биринчи келгенди экинчиси кайталап жатканында. Баардык эле компаниялар үч нерсени сурайт, биринчи – регистрация, экинчиси – белгилүү бир балга сатып алуу жасоо, үчүнчүсү – киши каттоо. Болду, башка эч нерсенин кереги жок. Баары ушул эле үч нерсени кылса акча өзү эле чөнтөккө келет. Болгондо бир адам бул нерсени оңой эле кылат, экинчиси көз караштын тоскоолдугуна учурайт. Мисалы, бул шылуундардын бизнеси жана башка ушундай сыяктуу сөздөрдү айтып туруп алат. Мындай адамга биздин бизнес заман талабына ылайык пайда болгонун, эч кандай шылуундук бизнес эмес экенин, чындап эле бул бизнестен акча тапса боло турганын көрсөтүү абзел. Эгерде жаңы бизнести жакшылап туруп ага үйрөтүп койсоңуз ал адам өзү да бизнеске кирет, анан башка адамды кантип бизнеске чакыруу керек экенин үйрөтүү керек. Үйрөтүү керек, сатуу эмес! Так ушул себептен, мен мугалимдерди бийик коём, мугалимдер жөн гана сатпастан сапаттуу команда түзүүгө өбөлгө болот.

Адам табуу...

Жалгыз адам убакыт, күч, энергия, билим ресурстары менен чектелген. Бир адамда бир адамдык гана жогоруда саналган ресурстары болот да. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей бир адам түкүргүчө миң адам түкүргөнү жакшы эмеспи. Ийгиликтүү карьера курам десеңиз тегерегиңизге жөндөмдүү жана талантуу балдарды топтошуңуз керек. Жөндөмдүүлөр баардык иштин бүрдөп өнүгүшүнө алып келет. Адам табыш керек экенин баарыбыз түшүнүп жатабыз, бирок кантип?

Адам табуу үчүн эң биринчи кезекте тизме түзүш керек. Отуз жаштагы психикалык оорудан алыс кишинин 1500 ашык танышы болору психолоктор тарабынан далилденген. Сиз дагы ошол тааныш адамдарыңызды тизмеге териңиз. Тизмеде аты жөнү, жаш курагы, жашаган жери, е-mail адреси жана телефону болушу керек.

 

Аты, жөнү

Жаш курагы

Жашаган жери

е-mail адреси

Телефону

1

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бул тизмени тааныштар тизмеси деп коёлу. Аталган тизме сөзсүз түзүлүшү керек. Тизмеде адам саны канчалык көп болсо, сиздин командаңыздын мыкты болуу шансы да жогору болот. Бул тизмеге болбой калды дегенде эле 250 кишинин ысымдары киргизилиши керек. Бул тизмени жазып жатканда сот ролун аткарбаңыз. Бул ишти алып кетет, бул күлөт, бул болсо ыйлайт! Тиги, ммм... ал кемчонтой... кыскасы бирөө ичин чечпестен, баардыгын тизмеге киргизиңиз. Тизмеге тааныштарыңызды киргизип жатканда бир нерсени эске алыңыз, тизмеге дезертир же репрессияга айдалып жаткан адамдарды эмес, тизмеге келечектеги миллионерлерди жазып жатасыз. Мен сизге бай болуунун жолун көрсөтүп жаткандай сиз дагы тизмедегилер жол көрсөтөсүз. Андыктан коркпой эле жазыңыз. Тааныш адамдарыңыздын ар бирин жазыңыз, тизмени үч категорияга бөлүштүрүңүз:

  1. Ысык мамиледеги тааныштар;
  2. Жылуу мамиледеги тааныштар;
  3. Муздак мамиледеги тааныштар.

Биринчи категориядагы адамдар сиз үчүн керек болсо жанын берүүгө даяр адамдар. Алардын катарында жубайыңыз, ата-энеңиз, балдарыңыз, жакын досторуңуз, жакын туугандарыңыз болушу мүмкүн.

Экинчи категорияга кошуналар, алыс туугандар жана башка тааныштарыңыз кирет. Ал адамдар менен мезгил мезгили менен баарлашып турасыз.

Үчүнчү категорияга болсо анда санда учурашкан адамдар кирет. Мисалы; дүкөнчү, жумуштагы кароолчу, коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алган кассир ж.б.у.с. Ал адамдар менен көрүшкөндө «Саламатсызбы?» деп кана тим болосуз. Айтмакчы, бул жакка сиздин душмандарыңыз да кирет.

© Маматов Нургазы

Создать бесплатный сайт с uCoz